чолпонбек абыкеев брилиант жылан
Бриллиант жылан
(Чыгыш детективи, 1-бөлүк )
Узундугу 37 см, жоондугу 7 см келген жыланды өтө баалуу изумруд, бриллиант таштарды алтынга чөгөрүп, өзөгүн түзгөн алтын чынжырга байлаштырып, бир эле ташына колуң тийсе тирүүчө койкоңдой баш көтөрө калып оозу ачылып, алтын тили соймоңдосо мунун өлүү экенине ишенген адамдын да жүрөгүн солк дедиргендей чеберчилик менен кайсыл кылымда кандай уста жасаганы эч кимге белгисиз.
Үстү көгүш каралжын, оозунун тегереги саргыч, көзү кызыл бриллианттан, төбөсүндө көк бриллиант алтын таажы, боору ак түстөгү изумруд, акак таштардан, куйругунун учу чулу келип тоголок бармак сымал кара бриллианттан турат. Бир оролуп келип башын куйругуна жаздап жатса кадимки тирүү жыландын өзү. Мунун баалуу экенин мындан бил, чакан караңгы бөлмөнү өзү шамча жарык кылууга жарайт.
Бриллиант жыландын чыныгы баасын эч ким билбейт. Балким бир эле ташы бир нече миллион доллар турушу мүмкүн. Оозунан алтын тили чыкканда кармап тартса ичинен алтын чынжырга байланган узундугу 7 см. алтын ачкыч чыгат. Бул эмненин ачкычы? Татаал түйүн ушул жерде жатат.
Кылымдан кылым карытып колдон колго өтүп келатса да жылан эч убакта анын бир асыл ташын чыгарып алып, сатып акчага айландыргысы келгендердин колуна тийген эмес. Жыланды кармагандар жалаң акча, байлык тартыштыгы эмне экенин билбеген дүйнөсү эсепсиз байлар болгон. Ошондуктан жыландын кыпындай түсү өзгөрбөй, кемибей мамыкка оролуп катылып келатат. Жыланга ээ болгондордун баары анын ичине каткан ачкычтын сырын чечкиси келишет. Ушунчалык баасы эсепсиз "кынга" салынган ачкыч ачуучу кулпу кимди кызыктырбайт дейсиң.
Жылан канчалаган өмүрлөрдү сорду. Канчалаган баштар учуп, бей күнөө кандар төгүлдү, эч ким эсебин чыгарып айтып бере албайт.
Жыланды колуна кармап көрүп катып алып жүргөн адамдар саналуу гана болгону менен өмүрү жыланды көрбөй, кандай экенин билбей туруп сыртынан тон бычып, жыланга жетиш үчүн кан төгүшкөндөр канча. Бул канкор качанка чейин дагы жан сормолугун уланта бермекчи.
Жогоруда айткандай жыланды колуна кармагандар байлыгынын эсебин так билбегендер болсо жыландын оозундагы ачкычтын сырын билгендер күнүмдүк курсак тойгузаар токоч тапса кубанган кембагалдар болушту. Канча бир кылымдан бери жыландын сырын билгендер жыланды издесе жыланды кармап жүргөндөр анын сырын чечип берүүчүлөрдү издешет. Эки тарап ушунча болуп кезигише албай келет. Кан төгүү, бири-биринин астын бөгөп жолдон адаштыруу жыланды кармап жүргөндөр тарабында эле эмес. А анын сырын билгендер да тарапта күчтүү. Жыландын сырын билгендер Улуу Сырдын жалгыз ээси болуп калыш үчүн, жыланды издөөдөн мурда атаандаш адамдарын издеп дербиш болуп келишкен. Жолугушкан жерде аөосуз кармаш болуп өлүм же жеңиш деген гана максат болгон.
Жыландын оозундагы ачкыч ачуучу кулпунун сырын жазып туруп, 1-2 беттен кийин 5-6 бет кылып өзүнчө, ортосундагы 3-4 беттен кийин 7-8 бет кылып өзүнчө жүз баракты тепе-тең экиге 50дөн бөлүп таштаган эки кийиз китеп канча кылым өтсө да бириге албады. Качан биригери али да белгисиз. Кийиз китепте жазылган дейт, "Дүйнөдөгү жашаган адам баласынын жок эле дегенде ондон бири чыныгы адамдык касиетке ээ болуп, тазаланганда эки бөлүнгөн китеп биригип жылан менен табышат", - деп, китептин биринин сыртына жыландын баш жагы экинчисине куйрук жагы түшүрүлгөн. Китептин маанисин эч ким ушул кезге чейин толук окуган эмес. Жарымысын бөлөк-бөлөк жаттап окугандар укумдан-тукумга же жалгыздан-жалгызга мураска өткөргөн бирден гана адамдар болгондуктан дүйнөдө эгер болсо экөө. Жок болуп кетүү коркунучу да бар.
Күнөөсүз жерден жыландын сырын билет имишсиң, айт деп нечендер зынданда, үңкүрдө чирип өлүп, кынйоонун адам укпаган түрлөрүн көрүшкөн. Жылан жөнүндө каңырыш угуп калып "Мен билем" деп мактана коем деп тилинин азабынан өмүрү менен коштошкондор ушул кезге чейин канча болгонун бир жараткандан башка эч ким билбес.
х х х
СССР деген империя тирүү мезгилинде, КПСС бүт бийликти уучунда мыкчып, өлкөдө темирдей тартип бардай туюлчу. Бул сырткы көрүнүшү эле. Чындыгында темирдей тартип карапайым эл үчүн болгону менен бийлик башындагылардын жана жашыруун түрдө болсо да эбегейсиз байлыкка ээлердин уюшкан кылмыштуу иштери чегинен ашып бир учурда бийик идеяга фонотикалык түрдө берилгендер түзүшкөн коммунисттик коом ичинен чирий баштаган болчу. Ракка айланган бул коомдук чирүүнү эч ким токтото алмак эмес. СССР менен тирешип келаткан капиталисттик системадагы мамлекеттер коммунисттик коомдун ичинен чиришине ого бетер көмөктөшүп каражат дегенди аяшпай түрлүү жолдор менен "оорунун микробдорунун" көбөйүшүнө шарт түзүү үчүн жан үрөп иштешкен. Мындай кыйраткыч күчтүн башында ЦРУ турганы СССР таш-талканы чыгып, кыйрагандан кийин гана белгилүү боло баштады. СССР кыйрады. Тилекке каршы капиталисттик ири державалар күткөндөй болбой экономикалык өнүгүүдө атаандашуу жоголуп, саны көп сапатсыз товар чыгаруу кризиси башталып кетти. СССРдин чек аралары ачылаары менен сырье түрүндөгү эбегейсиз зор байлык болгон товарлар сыртка ташылып, кайра ичкериге арзан баа менен өндүрүлгөн сапатсыз товарлар ага баштады. Кылмыштуулук дүйнөлүк деңгээлде күч алып, коомдук түзүлүштөгү бийликтин башында отургандардан бери чырмап мыйзамдуулукту сактоо "демократиянын үлгүсү" деген мамлекеттерде да одоно бузулушу көнүмүшкө айлана баштады. СССРди ичинен чириткен "рак" оорусунун микробдору дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге чачылып жайылып кеткени жана мунун түбү кайда алпараары айрым бир коомдук өнүгүштү изилдеген окумуштууларга гана белгилүү болбосо; бийликтегилердин мындай "ооруга" көңүл бөлүүгө "убактылары" да жок эле. СССРдин кыйрашы менен, эл жер үчүн патриоттуулук, Ата Мекенди сүйүү, атуулдук ыйман деген адамзатындагы буга чейин эч жерде жазылбаса да, ар бир адамдын ички дүйнөсүндө жашаган рух өлүп, жеке баюууга жулууну, дүйнөгө тойбоо оорусу күч алды. Бул өзгөчө бийлик башындагыларды катуу чырмады. Балким чын эле адамзат үчүн акыр заман жакындап келаткандыр. Адам баласы ушул кезге чейин түзүп жана жашап келаткан коомдук түзүлүш дүйнөлүк деңгээлде башынан чирүүгө туш болду. "Балык башынан чирисе, куйругунан тазалайт" дейт. Коом кандай жол менен өзүн-өзү дарылап бүткүл дүйнөлүк адамзаттын башына түшкөн мүшкүлдүү оорудан айыгып кетет азырынча табышмак.
Мыйзам карапайым калк үчүн гана мыйзам, ал эми бийлик башындагылар үчүн же эбегейсиз байлыкка ээлер үчүн "жетелеген төө" экени улам ачык белгилүү болгон сайын коомдун ичиндеги психологиялык абал курчуп ачып-кычый баштайт. Мындай кубулуш эртедир-кечтир дүйнөлүк жарылууга алып келет. "Адамзаттын башына түшкөн мүшкүл" деп жатканыбыз ушул.
Дүйнөлүк эки карама-каршы (коммунисттик жана империалисттик) системанын жашап турушу коомду өзүн-өзү дарылоого чоң таасир берип, жалпы адамзаттын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып, мыйзамдуулуктун сакталышына өбөлгө түзгөнү СССР кыйрагандан кийин гана белгилүү болуп отурат. Жашоо-тиричиликтин карама-каршылыгы күчөгөн менен иши жок жер өз угу менен айланып мезгил жылып ХХ кылым аяктап келатты. ХХI кылым адам баласына эмне тартуулайт али астыдагы табышмак. Балким бүткүл адамзаттын келечек тагдырынын сырын жыландын ичине катылган ачкыч ачуучу кулпунун ачылышы чечээр.
х х х
Бир үй-бүлөөнү бүтүндөй кырып кетишти. Кылмышкерлер түн катып келишкен да дарбазаны ачканда эле торпоктой болгон эки ажаан итти торойто атышкан. Кейпи дарбаза менен деле киришпесе керек. Чыкканда гана эч шашпай өз үйүнөн чыккансып эшиктен чыгып кетишкен окшойт. Эки жарым метирче келген дубалдан мышыктай гана секирип өтүшкөн окшойт. Дабышты илгиртпей сезген ажаан иттердин бири уясынан белчесине чейин чыгып жан берген. Ок так эки көздүн ортосуна кадала түшкөн. Экинчиси үйдүн эшик алдынан үч кадамча алысыраакта көмөлөнгөн. Бир ок кулак түбүнө, экинчиси туура жүрөгүнө кадалган. Бул байкуш деле иттик милдетин аткарып катуу добуш чыгара үрүп ээсин ойготууга үлгүрбөсө керек. Үйдүн эшигин кантип ачкандары табышмак. Ачкыч менен ачкансып үйгө дабышсыз кирген. Анткени үйдүн ээси эртедир кечтир ушундай мыкаачы "коноктордун" келээрин күткөн болсо керек. Көмкөрөсүнөн жаткан боюнча кежигесин ок жарып өлгөн. Жаздыгынын астындагы дайыма колунан чыгарбай мыжып жатчу "Макаров" маркасындагы пистолетин кыймылдатканга да жарабаган. Жаткан төшөгүнүн астындагы затвору тартылып машаны атууга даярдап койгон Калашников автоматы да да ушул ойду ырастап турат.
Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келип, үйлөнгөн уулунун төшөгүнүн астынан да октолуу Калашников табылган. Кылмышкерлер адамды чымчык аткандай да көрбөгөн, машыккан кара мүртөздөр экен махабатка батып жаткан эки жаштын ордунан козголууга да үлгүртпөгөн. Жаш келинди чекеге, жигитти кежигеге баскан. Ошентип экөө ысык жыргаалга баткан боюнча кучакташып гана тиги дүйнөгө кете беришкен. Бүтүрүүчү класста окуп жүргөн кызы гана өз бөлмөсүнүн эшигинин алдында жүрөгүн мыкчып кулаган. Канжар урулган экен. Кейпи дабыш угуп эшикке чыгууга бет алса керек. Үйдүн ээсинин небереси болгон үч жашар баланы да аяшпаган. Наристе түшүндө мылжыйып күлгөн боюнча үзүлгөн. Ок так кекиртегине тийип моюн омурткасын талкалап кеткен. Кыйнагандан жалгыз гана үйдүн ээсинин аялын кыйнашкан. Эки кабат үйдүн ичи, үчүнчү кабат болгон үйдүн астынкы подвалы бүт тозоңу чыга чачылган. Элүүгө жашы таяп калса да бой келбети келишкен сулуу аялдын алгач бир эмчегин кескен. Жан жеринин эки жагын балтырына чейин тилип ташташкан. Кыйноого чыдабай жанталашкан аял жанталашып үйдүн ар жерине катылган бүт байлыкты кылмышкерлердин астына чачкан. СССР али кулай элек рубльдин күчү кете элек, бир рубль бир долларга барабар кез эле. Үйдүн ичинде толтура чачылган акчалар. Үйдү текшерүүгө келген милициялар чөнтөктөрүнө батышынча солоп алгандан кийинкиси жарым миллион болгон же ошол кездеги эң мыкты деген ГАЗ-24 "Волга" машинасынан 50 даананы сатып алуучу акча эле. Үйүлгөн алтын шакек, сөйкө, эски алтын тыйындардын, кымбат таштардын баасы бир миллион рублга чукулдаган. Кылмышкерлер ушунча байлыкты буттары менен тебелеп чачып кеткендигине караганда алар тоноочулар эмес. Үйдөгү аялзатынын бирөө да зордукталбаган демек зордоп, кордоочулар да эмес. Запкы тарткан үйдүн шаарда окуп жүрүп аман калган уулун алып келип атасынын дүйнөсүн чачып көрсөтүп, эмне жоголгонун айтып бере аласыңбы дегенде, кайгынын уусуна чөккөн жаш жигит атасынын эмне дүйнөсүн, канча акчасы бар экенин так билбегенин жана атасы эч убакта уулуна дүйнөсүн көрсөтпөгөнүн мойнуна алуу менен бир гана эстегени кичине чагында, караңгыда күйүп турган тирүү жыландай болгон кымбат асыл таштан жасалган укмуштуу жылан көргөнүн жана ошол жылан эсепсиз чачылган дүйнөнүн ичинде жок экенин айтканы болду.
Кылмыш райондун анча алыс эмес жайгашкан чакан айылда болуп өттү. Республика дүңгүрөй түшкөнү менен кылмышкерлер кумга сиңген суудай дайынсыз болушту. Ээлеген ордунан корккон бийлик башындагылар ишти жап-жап кылып унуткаргыча шашышса, колдорунан эч нерсе келбесин билишкен ички иштер органы менен прокуратуранын кызматкерлери ийин куушуруп гана отуруп калышты. Эксперттердин жыйынтыгына караганда кылмыш түнкү саат 12-1лерде болуп өткөн. Ички иштер бөлүмү менен прокуратура эртең мененки саат 10дордо араң кылмыш болгон жерге келишкен. 9 сааттын ичинде кылмышкерлер туура Ташкентте же Алматыда жүрүшмөк. Эгер ошончолук алыс кетүүнү кааласа. Кылмыш болуп өткөн айылдын эли асты кийин мындай укмушту угушпагандыктан жүрөктөрү түшүп үрпөйүшүп болгон окуя жөнүндө бирөөгө укканын айткандан качып калышты. Анткени болгон кылмыш иши жөнүндө ким түрлүү кеп таратса атылат экен же муунтуп өлтүрүлөт экен деген ушак айылга тарап кетти. Көп өтпөй айылдан бир жигит мас болуп муунуп өлдү эле анын өлүмүнүн себебин да айылдыктар ушул окуяга байланыштырышып ооздоруна кум куйгандай сүйлөгүс болушту. Ал түгүл участкалык милиционер да ден-соолугун шылтоолоп жумушун таштап келген жагына көчө качты. Кылмыштын өзөгү болсо тээ алыскы-алыскы жылдарда үйдүн ээси отузга чыгып оттой күйүп турган 30 жыл мурдата жаткан.
х х х
Кемел аскерде Балтика флотундагы деңиз десанттык бөлүгүндө кызмат өтөдү. Ал кезде аскердегилер үч жыл кызмат өтөөчү. Кызмат өтөп жүрүп бүткүл деңиз флотунун бокс боюнча өткөрүлгөн чемпионатында атаандаштарын жалаң нокауд менен жеңип чемпион болду. Кемелдин күч-кубатына дене түзүлүшүнө кызыгып калышкан машыктыруучулар аскер кызматын өтөп бүткөндөн кийин Москвада калып машыгуусун улантуусун сунуш кылышты. Кемел буга макул болду, болгону төрөлгөн жерине сагынган айылына эки айча барып ата-энеси менен учурашып келүүнү өтүндү. Тагдыр аны айылда эмне кызыгы менен күтүп турганын кайдан билди. Армиядан келип, болгондо да "морская десантная" бөлүгүндө кызмат өтөп, анысы аз келгенсип чемпион болуп жердештерине жетишкен ийгиликтерин кантип далилдөөнү билбей, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган жигиттин "бактысына" бир күнү айылга артисттер келгенде коңшу айылдын жигиттери менен мушташа кетишпейби, мына ошондо Кемелдин көргөзгөн оюнун жердештери ондогон жылдар айтып жүрүштү го. Бир бирден гана муштап айылдын менмин деген зөөкүрлөрүн торойто берген. Үчөөнүн ээги сынып, бешөөнүн кабыргасы сынган. Каргаша болуп бирөөсүнүн боору катуу соккудан эзилип кетип ордунда жан берген. Ичиндеги арак ого бетер жээликтирген Кекең ошо түнү отузга жакын жигитти эч кимге баш бербей өзү жалгыз сабаган. Турмуш босогосун жаңы аттайм деп турган жигит ушинтип 14 жылга катуу режимге кесилип, Сибирге кете берди. Кийин Москвадан машыктыруучусу артынан издеп келип, Кемел менен кошо келип жанында жүрүп алып кетпегенин арман кылып дүйнө бокстун укмуштай бир чемпионунан айрылды деп ыйлаган дешет.
Кемелдин өмүрү өз айылынан күнчөлүк алыс чыгып көрбөгөн карапайым ата-энеси ыйлап-сыктап кат күткөндөн башка аргалары калбай кала беришкен. Арадан жылга жакын убакыт өтсө да дайны билинбеген Кемелден бир күнү кат келди. Кыскача гана түрмөдө жатат деген эле аты болбосо жашоосу аябай жакшы экенин; анткени бүткүл Сибир боюнча түрмөлөрдүн ички кожоюну болгон адамга биринчи коргоочу (телохронитель) экенин жазыптыр. Андан кийин бир жылда бир же эки амандыгын билгизген каттар келип турду. Күндөрдүн бир күнүндө он төрт жылга кесилген жигит шып этип үйгө кирип келди. Болгону арадан беш жылча өткөн. Чиштей кийинген. Мингени "Победа" машинасы. Анда райкомдор да мындай машинага жете элек болчу. Келери менен баягы өлгөн баланын үйүнө барып куран окутту да атасы-энеси менен жеке өзүнчө сүйлөштү. Эмне сөз болгонун эч ким билбейт. Болгону начар турмушта турушкан немелер кийин үй салып мал-жан күтүп оңолуп кетишти. Эл арасында балаңардын куну деп Кемел көп акча бериптир, ошондон булар байып кетишти. Кейпи киши өлтүргөн кылмышкер өз мөөнөтүнөн мурда бошону келип калды деп арызданбасын десе керек деген күбүр-шыбыр ушак жүргөнү болбосо ачык сөз болгон жок. Кемелдин табышмактуу жүргөн турганы алыскы Сибирдин түрмөсүндө отуруп келиши карапайым айылдыктар үчүн жүрөк үшүткөн иш эле.
Анда Кыргызстандын аймагында апийим айдалып, аты дүңгүрөп турган кези. Көп өтпөй Кемел областын даярдоо конторасына райондордон апийим кабыл алуучу контролер болуп орношуптур деп угуп калышты. Ошол боюнча Кемелди айылдаштары анда-санда айыл ичинде жамандык-жакшылык болгондо бир көрүп калышпаса көрбөй да калышты. Кийин гана 70-жылдардын этегинде айылга эки кабат келишкен үй салдырып көчүп келди. Жалаң даярдоо тармагында иштеп жүрүп ден-соолугум болбой калды деп 60га чыкканда айылга келген экен. Колхоздун башкармасы байлык десе байлыгы, байланыш десе байланышы бар Кемел ордумду алып коер бекен деп чоочулады эле андай болбоду. Өзү пенсияга чыккыча эрмек кылып иштеп турайын деп колхоздун кампасын алды да мурдагы кампачыны өзүнө жардамчы кылып штат ачтырып койду. "Шеф өмүрү айлык маянасын албайт. Мен алам. Шабашкадан түшкөндүн гана өзүнө тийиштүү "кусогун" алат", - деп жүрдү жардамчысы. Колхозчулар эки-үч айлап айлык ала албай кыйналып баратканда Кемел айлыктын акчасын берип койчу да кийин банктан акча келгенде бергенин кайра алчу. Муну башкарма, кассир үчөө гана билчү. Башка жан адамга ооздорунан чыгарбоого шерттешиптир. Ал да жогорудагы кандуу окуя болуп өткөндөн кийин чыгып отурат. Айылда Кемелге 10 сомдон 1000-2000 сомго чейин карыз болбогон адам калбаса керек. Өздөрү мүмкүнчүлүгү болуп бергенге чейин өмүрү басып барып биринен да "баягы карызымды" деп сурабаптыр.
Кемелди айылдаштары астынан кыя өтпөй сыйлап турушунун башкы дагы бир себеби "Акты-ак, караны-кара" деген калыстыгы. Кырсыктап, башына кыйынчылык келип тургандарга кылчактабай жардам бергендиги болгон экен. Өткөн кырсыкка айлык эли тикесинен-тике туруп чын дилден кайгырышты. Ал эми Кемелдин айылдан сырткаркы жүргөндөгү 40 жылга жакынкы өмүрү алар үчүн табышмак боюнча кала берди.
х х х
Адам баласы жаралганда алгач өзүнө тамак табыш үчүн жана өзүн-өзү коргош үчүн түрлүү куралдарды ойлоп таба башташкан. Бара-бара акыл эси өнүккөн сайын адамдар жаратылыштын жырткыч жан-жаныбарларынан коргонуш үчүн эмес, адам адамдан коргонуш үчүн жана адам адамды коркутуш үчүн, түрлүү куралдарды ойлоп чыгара башташты. Ошентип жүрүп отуруп адамдар өздөрү жашап турган жерди да быт-чытын чыгара жарып жиберүүчү кудурети бар атомдук куралдарды чыгарууга жетишишти. Адамдын акыл-эсинин өсүшү менен адам адамды башкаруунун мыйзамы болгон мамлекет жана аны башкаруу тартиби дегенди ойлоп табышты. Мамлекет жана мамлекетти башкаруу ыкмалары доорлор өткөн сайын өнүгүп отуруп адамды өзүн-өзүнө каршы кое алган коркунучтуу куралга айландырды.
Жер бетиндеги эң коркунучтуу курал бул "адам курал" болуп калды. Адамдардын бири-бирин баш ийдирүүгө, бири-бирин дың дедиртпей өз кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө карата жүргүзүлгөн зордук мурда кан төгүүчү аламан согуштар аркылуу болсо, бара-бара опузалап коркутууга өтүп, жүрүп отуруп "акча согушуна" айланды. Маселен доллардын дүйнөлүк рынокту ээлеп алышы нечендеген мамлекеттердин экономикасын талкалады. Ошол эле учурда эбегейсиз ээликке умтулуп, дүйнөнүн жармысын ээлеп алган менен Монголияны гүлдөтө албаган Чынгызхандын жүрүшүндөгүдөй Американын өзүнүн айласын кетирип азыр дүйнө жүзүндө канча миллиард доллар бар жана анын канчасы жасалма экенин биле алгыс абалга жеткизип, экономикасынын түбүнүн бошой баштаганынан белги бере баштады. Улам алдыга жутунган адамдын акыл-эси "компьютер согушуна" кирип келди.
Эң кызыктуусу: түгөнгүс көч сымал акыл-эстин асты "компьютер согушуна" жеткен менен арты баягы алгачкы "Жаа менен найза согушунан" үзүлө албай созулду.
Адам жаралгандан берки эки күрөш айыгышып тытышкан кармашын улай берди. Бул кармаш бир жагы адам адамдын акыл-эсинин жетишкендиги менен бири-бирине зыян келтирбей жыргал жашоого умтулуу болсо, экинчиси айрым адамдардын күчтүү акыл-эсин пайдалануу менен экинчи бир адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзүп, өзүнүн жыргалчылыгы үчүн иштетип, жыргап жашоого умтулуу болду. Биринчилери адам жыргалчылыгы деп ойлоп чыгаргандарын дайыма экинчи топтогуларга уурдатып жиберип жатышкандыктарын билбей келишүүдө.
Гитлердин тилин алып Россияга келип, сазына чөгүп, суугуна тоңгон карапайым дыйкан Ганска эмне жок. Урдум сени Сталин менен өзүң жекеге чыгып мушташа бер. Мен 10 теше жеримди айдасам жанымды багам деп айта алган жок.
Россияны Гитлер басып алган күндө да Ганска эч нерсе артмак эмес. Бары бир баягы 10 теше жерин айдамак. Ошондой эле Чынгызханды ээрчип көчүгү жооруп Балтика жээгине чейин барган койчу Монголго эч нерсе арткан эмес. Жаман атын жоор кылып, сөөгүн сүйрөп баягы эле кароосуз калган боз үйүнө барган.
Жер үстүндөгү эң акыл-эстүү жанмын деген адам баласы ушул кезге чейин жеке өз алдынча ушундай жөнөкөй суроолордун да жообун бере албайт. Адамдын өз башына өзү ээ боло албай аргасыз мезгилдин талабына көнүп кор болгон учурлары сансыз.
х х х
Азият ордунан туруп шашпай күндөлүк көнүгүүлөрүн жазып бүткөндөн кийин, эки жаш кызга бүт денесине жеңил массаж жасатты да ошол эле кыздардын жардамы менен рахаттана сүт кошулган жылуу ваннага жуунду. Жеңил кийим кийип кабыл алуучу бөлмөгө чыкканында биринчи жардамчысы "Кызыл көз" чыдамсыздык менен күтүп туруптур.
- Жигиттер Сиздин тапшырманы так аткарып келишти, - деди кичине ийиле. Азият шашпай креслосуна барып отуруп жатып "Так аткарбай көрүшсүнчү эгер эле жандан аша кечишпесе", - деп ойлоп койду да
- Кана апкелчи, ал эмне деген шедевр экен. Шыпылдай баскан "Кызыл көз" эшик ачып башын ийкегенде чачын кыска алдырган, бели кындырдай далысы кучак спорттук дене түзүлүшүндөгү жигит кирип келди да колундагы кара дипломатты Азияттын астындагы столдун үстүнө коюп туруп оозун ачты.
Азияттын денеси дүр деп ордунан секирип кете сактады. Көздөрү алайып, тамагы буулуп, үнү чыкпай калды. Өңү купкуу болуп чекесинен муздак тер чыга түштү. 3-4 секундада барып араң өзүнө келди. Дипломаттын ичинде көздөрү кыпкызыл денесинен тири укмуштуу миңдеген түрлүү нурларды бөлүп чыгарган, типтирүү жылан, оозун ачып, алтын тилин соймоңдотуп тикчие тиктеп турган эле.
Азият эсине келгендеги биринчи кыймылы "Кызыл көз" менен берки жигитке чыгып кеткиле деп жаңсаган белгиси болду. Өмүрүндө бирөөнүн алдында коркконун же апкарыганын билгизбеген жаны азыркы абалын тигилердин көрүп турганына намыстана түшкөн.
Жылан экөө тиктешип турушту. Жылан менен тиктешип туруп Азият өзүнүн кыбырап жүргөн бир пенде экенине, жыландын андан алда канча күчтүү экенине, ал аны бир тиктегенде эле арбап койгонуна түшүндү.
Карышкыр менен сайгакка вертолет менен аңчылык кылгандан тажап эриккенде ООганстанга барып адамдарга аңчылык кылып бугун чыгарчу Азият жыландын астында бүжүрөй түштү. Өзүн эсине келтириш үчүн дипломатты жабайын деп сунган колдору көтөрүлбөй калтырап ордунан кыймылдаганга даремети жетпегенде буту менен сырттагы телохронителдерин чакырчу кнопканы басты.
Шып этип кирип келген "Кызылкөзгө" дипломатты жап деген белги берди. Дипломат жабылгандан кийин чыгып кете бер деп колун шилтеп койду.
Канча шалдырап отурду ким билет. Биртопто барып ордунан козголуп укмуш бир кымбат дүйнөсүн тапкансып дипломаттын сыртынан аяр сылады.
х х х
"Азият" кличкасы. Чыныгы аты ким, ал түгүл улуту ким эч ким так билбейт. СССР күчтүү кезинде коммунисттик партиянын идеологиясын бүткүл Азияга КГБнын күчү менен тымызын жайылтуучулардан башка көзүрү болгондуктан "Азият" аттуу жашыруун атка ээ болгон. Учурунда Москвадагы ээги түшкөн абышка менен да МВДнын, КГБнын көзүрлөрү менен да каалаган учурунда көзмө-көз сүйлөшчү. Бүткүл Азия боюнча тордой жайылган атайын окуу жайларынан даярдыктан өткөн КГБнын тыңчыларынын башында турчу.
Туюу сезими күчтүүсүнөн жана тыңчылары аркылуу дүйнөлүк кабарлар менен дайыма тааныш болгондуктан СССР эртедир кечтир кыйраарын аны сактап калууга мүмкүн болбой калганын, он беш жыл мурда билди да колундагы тармакты жеке кызыкчылыгынын багытына колдоно баштады. Өзү менен дайыма Москвадагы атайын мектептен даярдыктан өткөн 30 жигитти ала жүрчү. Бул жигиттер шефтин айтканын эч ойлонбой аткарууга жана туура же туура эмес деп талкууга албоого үйрөнгөн чыныгы жандуу роботтор болчу.
Бул жигиттер эч убакта байлык, дүйнө, өзүнүн жеке кызыкчылыгы, келечеги жөнүндө ойлонушчу эмес. Алар үчүн шефтин сөзү ыйык, дың дебей так аткарыш парз, керек болсо жанды бериш керек деген гана принцип жашоочу.
Мына ушундай жигиттердин төртөө барып "Бриллиант жыланды" алып келишти. Алып келген төртөө жана Азияттын канча бир жылдан бери жанынан чыкпай керек десе жүрөгүн окко тосууга даяр жигити "Кызылкөз" да көрүп коюшкандыктары үчүн эле "бриллиант жылан" жандарын соруп койгонун билишпеди. Болгону бир гана түндө жок болуп кислотага ээрип кетишти. Алардын орундарын башкалар ээледи.
х х х
Жети миң доллар... 7 миң... Муну күткөн эмес. Мынчалык байлыкка "Сокур ит бок жалагыча" ээ боло калам деп ойлобогон. Эски одеял жабылган кроваттын үстүндө сулк жатты. Баш жагындагы төрт бурч жыгач отургучтун үстүндө жалаң 50-100 долларлык жашыл купюрлар чачылып жаттат. Эсин жоготуп койду. Эмне кылаар айласын таппай алактап башы иштебей калгандай болду. Ошондо окутуучусу Кадыр атанын насааттары эсине түштү. Кадыр ата көп айтуучу күтүүсүз колуна тийген дүйнөдөн адамды ач көздүк сезими башкарып, эс-акылын жоготуп адамкерчиликтен кетет. Эмоцияга алдырган маалда жасалган иштин баары айланып келип өз башыңа муш болот. Туура жасап жатам деп ойлойсуң, бирок аягы туура болбой чыгат. Ошондуктан мындай учурда өз акыл-эсиңди, кан айланууңду калыбына келтириш үчүн көздү жуумп эч нерсе ойлобогонго аракет кылып сулк жатыш керек. Ойлосоң балалык кездериңдеги кызыктуу күндөрүңдү гана ойло. Мындай мээдеги "жарылууну" (эмоцияны) калыбына келтириш үчүн сулк жатуу "мээдеги жарылуунун" күчүнө жараша 2 саат тан 8 саат ка чейин созулат. Андан соң туруп алып күндөлүк турмушуң менен алаксып баягы "байлыгыңды" такыр унутуп койгонсуп көңүл да бөлбөй 2 күндөн 5 күнгө чейин жөн гана жүрүшүң керек. Мына ушул өзүңдү калыптандыруу ыкмаларынан өткөн соң күтүүсүз табылган чоң дүйнө ал канчалык баалуу болбосун акылдан адаштыруу касиетинен айрылып күнүмдүк тиричиликке керектөөчү каражатка айланат. Дагы бир эстен эч убакта чыгарбоочу нуска, ашказанга таттуу тамактарды шыкай берсе иштебей, ич өтүп, күптү болуп, кусуп калган өңдүү керектөөнү да кичинеден ченем менен баштап урунбасаң күптү кылып кустурат, - деп кулагына кумдай куйчу.
Окутуучусунун ар бир насаатын дайыма эсинен чыгарбай айтканын айткандай, дегенин дегендей так аткарып көнгөн Мыкын сулк жатып калганы ошол. Сулк жаткан калыбында уктап кеткен экен ойгонуп саатын караса эртең мененки тогуз болуп калыптыр. Ордунан туруп эшикке чыгып келди да тар бөлмөдө адаттагы денесин машыктырган көнүгүүлөрүн шашпай дыкат жасады. Анан барып отургучтун үстүндөгү жашыл купюрларды чогултуп, кроваттын астында жаткан эски сумкасынын ичине жүз аарчыга ороп салып койду, бирөөнү да алган жок. Алуу жөнүндө ойлобошко аракет кылды. Үйгө эски спортивкаларын чечип, жынсы шымы менен курткасын кийди да көчөгө жөнөдү. Эшигин кулпулап дарбазадан чыгайын деп жатса квартирасынын кожоюну чыга калып кыйкырып калды.
- Мики квартира акысын качан төлөйсүң? (Мыкы дегенге тили келбей Мики дечү).
- Саламатсызбы атаке!
- Атаке дегениң го жакшы. Квартира акысын да төлөшүң керек, уулум. Болбосо бошот. Убактың болсо өтүп баратат. Бир күнү төлөй албайм деп койсоң, мен сенин штаныңды чечип аламбы. - Көзүн үлүрөйтө Мыкынын бутундагы эски ботос менен өңү өчкөн жынсысын карап, - штаныңдын кимге кереги бар. Бекер берсең да албайт.
- Эки күн чыда атаке бүгүнкү күнгө ишемби, шейшемби күнгө чейин акча колуңузда болот.
- Эгер болбой калсачы?
- Жаман сумкамды көтөрүп чыга берем.
- Болду, эркектик акыркы сөзүң Мики. Башка узарта албайм. Ансыз да айдын он күнү өтүп кете турган болду.
Кожоюн чал жер төлөсүнүн квартира акысын дайыма ай сайын астына-ала алып турчу. Антпесе болобу. Өзү айткандай жаман сумкасында болсо бир же эки сыйра кийиминен башка эч нерсеси жок. Мыкыга окшогондор эртең төлөй албайм деп баса берсе чын эле штанын чечип алабы.
Мыкы чөнтөгүн сыйпаласа кече кечте тамактангандан арткан он беш сомдон ашык акчасы бар экен. Демек курсагын тойгузса болот. Автобуска түшүп түз Ош базарына келди да тамактанып алгандан кийин оптом товар саткан кырканы аралай Салкынды издеп жөнөдү. Салкын экөө айылдаш. Өзүнөн беш жашча улуу келин, жолдошу экөө ажырашып кеткен. Ушул базарда эки жылдан бери оптом товар сатып оокат кылат. Мына Салкынга жардамдашып иштейт. Товарды Салкын жоопкер болуп алат да кечке экөөлөп сатышат. Түшкөн пайызынын 60 проценти Салкындыкы 40 пайызы - Мыкыныкы. Мындайда көмөктөшөт бири-бирине ишениши, алдашпашы керек. Мыкынын чынчыл экенине ишенип калган Салкын көмөктөшүп иштөөгө макул болгон.
Канткен менен экөөлөп иштеген жакшы экен. Товарды да сатыкка түрлөп көбүрөөк алсаң болот. Уурдатпай карап турганыңа да жакшы. Бириң соодага алаксыганда, экинчиң карап турасың.
х х х
Мыкы таң атпай кыжы-кыйма болгон элден түртүшүп отуруп Салкын отурган жерге келди. Салкындын кабагы суз экен. Алган товары да аз.
- Саламатсызбы эже. Кабагыңыз суз го.
- Бүгүн иш жакшы эмес.
- Эмне болду?
- Көз ымдап өзүнө жакын чакырды да үнүн пас чыгарып:
- "Шефти" тоноп кетиптир. (Оптом сатууга товар берип турчу фирманын кожоюнун "шеф" деп коюшчу). Бул товарларды башка фирмадан алып келдим. Мени көп жакшы таанышпайт да. Аз беришти. Бир жолдош келиним ортого түшпөсө такыр беришмек эмес.
- Шефиңизди кимдер тоноптур? Телохранителдери бар дечү эмес белеңиз?
- Килейген үч телеохронителдерин жаткыра чаап 10 миң доллардан ашык акчасын алып кетиптир деп жатышат. Кейпи беш алты киши кол салса керек. Толтура милиция. Фирманы жаап коюптур.
- Шефиңиз тирүү бекен?
- Тирүү. Эч кимиси эч нерсе болбоптур. Эстерин оодара чаап туруп алып кетсе керек. Балким дары чачкандыр. Деги белгисиз.
- Товар аз болсо мен башка жумуш караштырбаймбы?
- Жок. Тура бер. Кудайдын буюрганын көрөбүз. Жумуш эле табыла калат дейсиңби. Бир жумача честный иштесек бул фирма деле товарын көбөйтүп бере баштайт.
х х х
Азим жумушка келери менен коңшулаш райондун кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн начальниги телефон чалды.
- Старик жардамыңыз керек болуп жатат. Түндө үйүңө телефон чалсам жок экенсиң.
- Анчалык эмне болуп кетти.
- Жакшы иш эмес. Таң аткыча уйку бетин көргөн жокмун. Биздин аймакта өзүң деле билсең керек "Жанар" деген белгилүү коммерциялык фирма бар эмеспи. Ошол фирманын кожоюнун тоноп кетиптир. Өзү 15 миң доллар деп жатат чындыгы 10 миңдин тегерегинде болсо керек.
- Тоносо тоноптур да. Суунуку сууга. Ага эмне мынча кайгырдың.
- Кеп анын кылмышкерлер дүйнөсү менен да бийликтегилердин жогор жактагылары менен да байланышы күчтүү экендигинде болуп жатат. Таң атпай министрликтен бири телефон чалып ийди.
- Ошондой де?
- Катардагы фирмач болсо баш оорутуп эмне кылам.
- Кылмышкерлер жөнүндө жыт барбы?
- Чынымды айтсам колго илинерлик эч нерсе жок.
- Кандай мотивде болуптур?
- Эки телохранители менен үйүнө кирип баратканда эстерин оодара уруп долларды чөнтөгүнөн сууруп кеткен. Кылмышкер кожоюндун гана чөнтөгүн оодарган. Калгандарына тийген эмес. Балким шашкандыр. Акчаны гана алган. Колундагы шакегин, саатын алган эмес. Үчөөнө тең бир-эки гана удардан жасалган. Үчөөнүн тең эстери ооп жыгылап калган. Эстерине келгенде кылмышкердин изи да жок болгон. Кылмыш 11-12нин ортосунда жасалган. Телохранителдердин айтымында ыкмаларды мыкты билген үч спортсмен бир учурда кол салгандай.
Сага кайрылганым да ошол. Спортсмендер менен байланышың жакшы эмеспи. Өз каналдарың менен сураштырып көрсөң. Эгер кылмышкер табылып калса өндүрүп алуу разборун өзүмө койгула дейт жабырлануучу. Күнөкөр табылбаса кылмыш дүйнөсүндө тымызын тирешүү башталып "авторитеттердин" бири-бирин аңдышмайы күчөп тономой, өрттөмөй, зордомой көбөйө турган. Жаңы эле ар ким өз аймагына ээ болуп тынчып келатышты эле...
- Макул, түшүндүм коллега издөө салып, стукачтардын кулактарын бурайын. Эгер сырттан келген эле "летундар" болбосо шаар кичине эмеспи табылып калаар.
Телефонду койду да колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып креслого чалкалай ойлонуп олтуруп калды. Көз алдынан өзү билген спортсмендерди чууртуп жатты. Аңгыча эшик ачылып эки кызматкери күндөлүк жумуштары менен кирип келишти. Алар менен сүйлөшүп бүтө электе орто бойлуу толук адам кирип келди. Уруксаатпы деген да жок. Өз төрүнө өткөнсүп түз өтүп келип кол алышып учурушты да "Жанар" фирмасынын директорумун деди. Эмне мынча нахалданат деп тырчый түшкөн Азим "Жанар" дегенди укканда тиге көңүл бура тиктей.
- Олтуруңуз. Сиз жөнүндө уктум. Түндөгү болгон окуя боюнча келсеңиз керек деди. Тигил директордун оозу ачыла түштү.
- Байланышыңыз укмуш го. Кайдан уктуңуз?
- Биз шаардагы болгон кылмыштын барып угуп турабыз. Ал өзүнчө сөз. Ишке өтөлү деди кичине барктана.
- Азим мырза кылмыш сенин районуңа тиешеси жок аймакта болсо да сага келип отурам. Себеби мага кол салгандар мыкты спортсмендер. Машыккан спортсмендер болбосо, экинчиден өздөрүнө ишенбес мага кол сала алышмак эмес. Сизден суранарым мага кимдер экенин гана тымызын билип берсеңиз. Калган разборду өзүм жасайм. Хоть кайдан келген немелер болсун Россиябы, Өзбекстанбы, Казакстанбы өзүм чечишем. Бул жерде алдырган акчамдан мурда намысым күйүп жатат.
- Балким спортсмендер эместир. Баса сиздин телохранителдериңиз кимдер?
- Чынымды айтайын жомоктогудай болду. Өзүм ударды сезген деле жокмун, кулак түбүмдүн артындагы кежиге тарабым тыс дей түшкөндөй болду да эсиме келсем подьезддин кире беришинде жатыпмын. Телохранителдерим деле жөн балдар эмес. Бирөөсү уксаң керек "Курбалды" деп коет. Экинчиси түрмөдөн келгенине жарым жыл боло элек "Кобра" деген неме.
Азим унчукпай ойлонуп турду да.
- Макул байке колдон келишинче издөө салайын, - деди ордунан козголо. Бул сөз бүттү деген белгиси эле.
- Мына беш жүз доллар. Эгер так маалымат таап берсең миң доллар берем. Кош бол деди да. Азим сөз сүйлөгүчө тигил бүктөлгөн жүз долларлыктарды Азимдин столунун суурмасына салып шартылдай басып чыгып кетти.
Кайрадан креслосуна денесин шалк таштай отурган Азим "Кубалды" менен "Кобра" телохранители болсо бул семизге ким даап кол салды экен деп ойго чөктү.
Азим өзү да бир учурда республикага аты дүңгүрөгөн спортсмен болчу. Шаардагы жалгыз спорт мектебинин бүтүрүүчүсү. Анын спортсмкен экенин тышкы келбети, чымыр дене түзүлүшү, бырышып-тырышып сынган кулактары деле айтып турат. Органга келгенден кийин спортту таштаганы менен спортсмендерден байланышын үзө элек. Спортссмендер жасаган кылмыштын дээрлик баардыгы менен кабары бар болуп кимдер аркылуу жасалганын билип турчу. Алардан алып турган өзүнө тиешелүү ставкасы да бар эле. Ашынып тартиптен чыккандардын, өзүм билемдикке салып өз бет алдынча аракеттенгендерин, же башка чөйрөгө кошулуп кылмышка илешкендерин "светит" этпесе ич ара сүйлөшүп өз "кусогун" алгандан кийин унчукпай калуучу. Ал түгүл айрым учурда тымызын аларга кабар жиберип жашынуусуна, качып кетишине жардам берүүчү. Ошентип" соода" эки жактан тең честный жүргөндүктөн спорт чөйрөсүндөгүлөр да Азимди сыйлашчу.
Өзүнүн төрт ишенимдүү кызматкерин чакырды да калган ишиңерди жыйыштырып кое туруп бобул ишти беш сааттын ичинде бүтүрүп мага кабар кылгыла деп кимдерге жолугуп эмне жөнүндө сүйлөшүү керектиги тууралуу ар кимисине так тапшырмаларды берип жөнөттү.
х х х
Мыкы күн сайын эрте туруп Салкын менен иштешкен жерине келет. Өзүнө күнүмдүк тамака деп гана акча алып келген акчасын Салкынга каттарып квартирага төлөйүн деп чогултуп жүргөн. Дүйшөмбүдө Салкынды түшкө жакын милицияга чакырып кетишти. Буга чейин эле угушкан "Жанар" фирмасынан товар алып соода жүргүзгөн коммерсанттардын баарын милицияда суракка алып жатыптыр деп!
Арадан төрт саатча убакыт өткөндөн кийин келди.
- Эже эмнелерди сурады?
- Ушу милициянын өлүкканасын көрөйүн. Спортсмен тааныш жигиттериң барбы? Шефиңер жөнүндө кызыгып сурап жүргөндөр бар беле? деген суроолорду беришет.
- Эмне дедиңиз?
- Эмне демек элем. Спортсмен таанышым жок болсо. Спортсмен эмес дене түзүлүшү түзүгүрөөк да таанышым жок десем. Жигит таап берелиби деп жалжакташат. Ким менен ишетейсиң дегенинен сени айттым. Эмнесин жашырайын. Эртең саат онго чакырды. Сени да, ме повескеси. Барып кой. Иним деп койдум. Эжем менен чогуу иштеп жан багып жүрөм, - деп кой да барып. Фирмага барган эмесмин ал түгүл атын да билбейм де. Мен ошентип айттым. Билбейм деген бир сөз.
Экөө кечке иштешти. Кечинде Салкындагы чогулган акчасын алса квартирага төлөгөндөн кийин жүз сом ашчудай чогулуптур. Үйгө жетери менен убада боюнча абышкага квартира акысын карматты. Эртеси саат ондо милициянын Салкын айткан бөлүмүнө барса повесткасын бир тергөөчү түшүнбөгөнсүп көпкө карап турду да:
- Айылдан келгениңе канча болду? - деди.
- Жети айча.
- Кайда турасың?
- Квартирада.
- Кимдер менен?
- Өзүм жалгыз.
- Эжекең менен чогуу турбайсыңбы?
- Жок. Эжекең деп Салкынды айтып жатканын түшүндү.
Дагы бир сыйра беркинин жүдөө кебетесине көз жүгүрттү да.
- Бар кете бер, - деди.
Кечинде жумуш бүткөндөн кийин Мыкы Салкынга
- Эже мен эртең келбейм го, - деди.
- Эмне болду. Салкын чоочуп кетти.
- Казарманда бир туугандарыбыз иштейт экен. Ошол жактан барып жумуш карайын деп жатам. Бул жерде жүрсөм жыргабайм го. Кыш келатат. Үстүмдө киймим жок. Тапканым кварплат менен тамагымдан ашчудай эмес.
- Казарманда эле жумуш даяр турат дейсиңби. Аякта жумушка орношуш үчүн эле беш миң бериш керек дейт. Балким процентиңди көбөйтөйүн, мен 55ин, сен 45ин, товарды көбүрөөк алып кышка чейин иштебейлиби. Салкын чындап Мыкыны кетиргиси келген жок. Оор каробкаларды көтөрүү түйшүгүнөн кутулган. Чынчыл, ак ниет. Ашык бир тыйын да алдабайт. Мындай көмөктөштү издеп таппайсың.
- Эже барып көрөйүн. Болбосо кайра Сизге келейин. Салкын Мыкынын бир тууган эжесинен уруксат сурагансып ийбагып турганына ичи жылый, жадырай карап:
- Мейлиң Мыкын бактыңды бир сынап көр. Эгер болбосо кайра кел. Ордуң даяр. Экөө жылуу коштошушту.
х х х
Квартирасына келгенден кийин эшикти ичинен илип бекитип коюп кроваттын астындагы эски сумкасын сууруп чыгып андагы мындан төрт күн мурда салган долларларды сууруп чыкты. Оромолду чечип жашыл купюрларды дагы бир жолу санады. Жети миң эки жүз. Учтай кармай ойлуу отурду. Биринчи күндөгү санагандай толкундануу жок калыптыр. Кадимки керектөөлөрүнө жумшаш үчүн чогултуп жүргөн өз каражатынча беймарал эмне керек жана эмнеден баштап биринчи сатып алуу керек ичинен тизмелей баштады. Бөлүштүрө келсе жети миң долларың көп деле акча эмес экен.
Ушул түнү түшүнө Кадыр ата кирди.
- Тоноо, каракчылык кылуу жакшы иш эмес. Сага өнөрдү тоносун, каракчылык кылсын деп үйрөткөн жок элем уулум, - деди.
- Билем атаке (окутуучусун көзүнүн тирүүсүндө эле атаке дечү). Бирок сиз мага сөзсүз аткарышың керек деп тапшырып кеткен иштерге жетиш үчүн ушул жолго басууга аргасыз болдум. Экинчиден элге бекер гумманитардык жардам деп келген товарларды саттырып арам жол менен байыган адамды тонодум. Мунумду Сиз кечиресиз го деп ойлодум.
- Билем уулум. Барыбир тоноо, тартып алуу жакшы иш эмес. Эми сен бул иштин даамын татып калдың. Токтотушуң кыйын. Дайыма өзүңдү актоонун шылтоосун табасың.
- Жок, Сиз тапшырган ишти аткарууга өзүмө шарт түзгөнүмдөн кийин мындай жорукту токтотом, ата!
- Ишенейин. Калганын турмуш көрсөтөт. Түштөн чоочуп ойгонуп кетип чалкасынан жатып алып өткөн түндү жана ал түнгө чейинки даярдыктарын кайра баштан тизмектей эстеп кайсыл жеринен жаңылыштык кетириши мүмкүн. Кайсыл жерден милициялар илинчек таап алышы мүмкүн деп ойлонуп жатты.
Бүткүл керектүү маалыматты Салкындан жана анын жолдош кызы Гулядан чогултту. Кеминде бир жарым ай даярданды. Атайлап сураштырып чогулткан жок. Кыздар өз ара сүйлөшкөндөрүн көңүл бурмамыш болгону менен ар бир сөзүнөн бери эсине тутуп жүрдү. "Шеф жаңы машина алганы жатыптыр", - дейт. Кейпи "Джип" алат окшойт, - деген каңшаарды угары менен даярдыкты чындап баштады. Эки жума бою Шефтин кайсыл маалда үйүнө келет. Телохронителдери кандай абалда ээрчип жүрөт үйрөндү. Эң ыңгайлуусу үйүнүн подьездине кирип бараткан жер экен. Фирманын өзүндө кол салууга такыр мүмкүн эмес. Куралчан милиция отурат. Анысы аз келгенсип дайыма бештен кем эмес телохронителдери болот. Күн-түн дебей киши өксү болбойт. Дагы бир байкаганы кээде гана үйүнө баратканда экиден телохранителин ээрчитип үйүнө киргиче коштотпосо көпчүлүгү шофер телохранители менен барып түшүп калып, өзү кирип кетет экен. Демек, коштошкон күндөрү жанында ири суммадагы акча болушу мүмкүн. Үйүнө кирүүнгө мүмкүн эмес. Биринчиден үй-ичинин кандай жайгашканын билбейт. Эшиги брон. Терезелери тор. Бешинчи кабаттан секирүү да коркунучтуу.
Акыры күткөн күнү да келди. Күн сайын ичинен капкара трико кийип, сыртынан жынсы шым кийип алып мерчемдүү жерге барганда сырткы кийимдерин чечип катып коюп подьездден он кадамча алыс эмес калың бактын ичинде күтчү. Алгач эки күнү Шеф подьездге жалгыз кирип кетип жүрдү. Демек кол салуу пайдасыз. Үчүнчү күнү эки жандоочусу менен келди. Болгондо да менмин деген эң ишенимдүү жигиттерин ээрчитиптир. Мындай учурду колдон чыгарбаш керек.
Машинадан түшкөндөн кийин астыда Шеф аны он жагынан жандай "Кобра", үч кадамча артыраак "Кубалды" баратты. "Ыш-шы" деген жыландын ышкырыгындай акырын добуш чыкты да "Кубалды" тамтаңдап барып күп кулады. Бул маалда кара көлөкө "Кобранын" жанынан ышкырып өтүп кеткенде "Кобра" бурула берип кулап түштү. Эч нерсе менен иши жок кетип бараткан Шеф арттагы жигиттеринин кулап калганын да билген жок. Кара көлөкө ага жетип коркунучтуу ышкырып, тийип өткөндө бет маңдайы менен кулап түшө сактады. Кара көлөкө аны кулатпай кармап калды да кичине колтуктап туруп кырданта жаткырып коюп караңгы түнгө сиңип кетти. Бул окуя кылмышкерлер дүйнөсүн да спортсмендердин арасын да бир ду түшүрдү.Тоноочу дайынсыз жок болду. Кийин "Жанардын" директору өзү эле Мени тоноп кетти деген шылтоо менен гум.жардамды саткандан түшкөн акчаны жогоружакта отурган табакташтары менен бөлүшкүсү келбей сөз чыгарыптыр деген имиш тарап кетти. Ошентип баары тынчып калды.
Арадан үч ай өтүп иш унут болуп баратканда дагы бир фирма тонолду. Кол салуу ыкмасы "Жанардын" жабырлануучулары көрсөткөнгө дал келет. Тоноткондор чыгымды ири суммада деп гана көрсөтүшүп канча экенин жашырышты. Кылмышкер жөнүндө капкара кийинген көздөрү гана ачык, орто бойлуу, арык чырай шайтандан да ылдам кыймылдаган неме тоногон деген гана маалымат түштү. Бул жолу кылмыш Азим иштеген райондун аймагына туш келди.
Таң аткыча уйку бетин көрбөгөн Азим эртең менен кабинетинде капкара кофеден кайта-кайта ичип коюп дагы кайдагы "Ниндзясы" чыга калды деп башы катып отурду.
Фирманын кайтаруучулары эң мыкты деген спортсмендер менен киши өлтүрүүнү чымын чапкандай да көрбөгөн баш кесерлер экен. Беш кайтаруучудан өткөн. Тытышып кармашуу болбогон. Көлөкө сыяктуу эч дабышсыз пайда болуп, кайра эч дабышсыз жок болгон. Дардайган спортсмендер анын кайдан чыга калганын байкабай калышкан. Соккунун тийген жерлеринде бармак басымдай кичине гана көгүш тактар калган. Дээрлик бардыгы уктап кеткенсип эстери оогон да, бир жарым, эки саатта барып араң ойгонушкан. "Жанарда" да так ушундай болгонун айтышкан. Экспертизанын жыйынтыктары окшош.
Азим кылмыш иши козголгон делону алды да айыпкердин аты-жөнү деген жерге карандаш менен кличкасы "Көлөкө" деп бадырайтып жазып койду. Мына ушинтип кылмышкерлердин дүйнөсүндө жаңы ысым, жаңы кличка пайда болду. Бул кличканы чөнтөгү калыңдар үрөйлөрү уча үрпөйүп кеп кылып жүрүштү.
Азим иш кызыкчылыгы катары тонолгон фирманын коммерциялык жүргүзгөн иштерине кызыгып көрдү эле жетекчилери буйтакташып оңдуу маалымат беришпей "Сенин милдетиң кылмышкерлерди табуу. Фирманын коммерциялык иштерин текшерүү эмес" дешип жолотушпады. Тымызын сураштырса мамлекеттер аралык келишим боюнча келген спиртти оптом сатып иштейт экен. Ошондой эле гумманитардык жардамга деп келген кумшекер менен унду сатып бүтүп калыптыр. Убактылуу махинация кылуу үчүн түзүлө калган бул фирма имиштин ыплас иштерин билгенден кийин "Ырас эле тоноптур" деп ичтен табалаганы менен өзүнүн шаар боюнча кылмышкерлерди издөөдөгү авторитетине доо кетип ызаланып турду. Бүткүл шаардын аймагында наркомандардан баштап кандай гана топ болбосун өзүнүн стукачтарына кайрылып кичине үмүт кылгыдай да маалымат ала албады. Атайын түзүлгөн группанын он эки мүчөсү күн-түнү бир жума чуркашып суй жыгылышты.
Фирма да өз байланыштары аркылуу издөө салууда. Министрге чейин чакырылып иштин жүрүшү боюнча суракка алынды. Райначальниги жумушка келери менен ишти ушул кылмыш тууралуу кабар алуудан баштайт. Киши өлтүрүүлөр да бул иштин астында унутта калчу болду. Тоночу жогорку бийликте отурган көзүрлөрдүн биринин чөнтөгүнө тийгени айкын билинип турду. Эгер иш боюнча эч нерсе табылбаса келечектеги карьерасына да салакасы тиери байкалып калды. Министрде болгонунда "Сени чоң райондордун бирине начальник кылалы дедик эле. Эгер иш ачылбай калса кызматка көтөрүлүшүңдү ойлонууга туура келет", - деп ачык айтты. Астына чоң максаттарды коюп жүргөн Азим үчүн бул сөз өзөөртө ургандай сокку болду. Эсепте жүргөн кылмышкерлердин бир экөөсүн кармап келип ишти жармаштыра салууга да мүмкүн эмес. Эртең эле иш жалган түзүлгөнү ачылып калчудай. Тонолгон чыгым өтө ири.
Чыгыш күрөштөрүнүн түрлөрү боюнча бир катар адистерге, чеберлерге экспертизанын жыйынтыгы боюнча кайрылып мындай ыкмалар менен кимдер машыктырат, бул чыгыш күрөшүнүн кайсыл түрүнө жатат деп сураштырса баары ийиндерин куушуруп, баштарын чайкашат. Бир гана чебер экспертизадагы сүрөттөрдөгү кара тактарды көпкө тигилип карап туруп "Бул адамды бир нече убакытка уктатып коюу ыкмасын мыкты өздөштүргөн чебер экен. Мындай ыкмада машыктыруучулар Тибетте же Кытайда болушу мүмкүн. Бул ыкма менен массалык машыгуу жок. Мындай машыгуулар өтө сейрек кездешет. Укумдан-тукумга берилүүчү мурас. Чебер ыкманы өз канынан жаралган тукумга гана калтырат. Эгер ылайыктуу адам чыкпаса өз баштары менен тигил дүйнөгө да ала кетишет. Мына ушундай өтө сейрек кездешүүчү ыкмада машыккан чебердин Кыргызстандагы бир экенине ишенбей турам. Өтө таң калыштуу. Бул миң сырлуу чыгыш күрөшүндөгү ыкмалардын өтө татаалына кирет. Булар манжалардын учтары менен гана иштешет. Адамдын денесиндеги кан тамыр түйүндөрүн, без түйүндөрүн мыкты өздөштүрүшкөндүктөн чыпалагы менен акырын сайып койсо адам уктап калат же өлүп да калышы мүмкүн. Эгер бары мен ойлогондой болсо бул өтө коркунучтуу кылмышкер. Мындай ыкманын чеберине туруштук берүүчү телохранитель табылбайт. Табылган күндө да куну баштан ашат. Өтө кымбатка иштейт дегеним. Булардын артыкчылыгы өтө шамдангайлыгында. Кол илинбей келип өздөрү сокку уруп кеткендигинде. Ниндзялар да булардын астында алсыз деп уккам. Мен бул ыкмада машыккандардын тукуму үзүлгөн го деп жүргөм. Азыр да бар экенине ишенбей турам. Булар чыныгы жан алгычтар. Болжолум ушул. Башка эч нерсе айта албайм. Муну да экөөбүз жакшы тааныш болгондуктан айттым. Болбосо бизде өзүң билесиң тилди дайыма тишке кыпчып жүрүш керек. Болбосо тилиңе кошулуп башың ыргып кетиши кыйын деле эмес. Деги эле чыгыш күрөшүнүн чеберлеринин канга сиңген мыйзамында бир чебер экинчи чебердин ыкмалары тууралуу башкаларга кабар бербеши керек", - деди.
Муну уккандан кийин Азимдин башы анык катты. Балким, Кытайдан келген граждандардан бирөөлөр болбосун дейин десе, кийинки фирманы тоногондо кыргызча, орусча такылдап сүйлөптүр. Кытайдан келгендер кыргызча билгенде да, орусча сүйлөй алышпайт. Сүйлөгөндөрү кытай акценти менен сүйлөгөндүктөн сөзсүз билинип калмак. Тигил тескерисинче кыргызча-орусча аралаштырып сүйлөгөн. Ошондой болсо да териштирсем артык баш болбос деп сырттан келген граждандарды иликтөөгө киришти.
х х х
Азият "Бриллиант жылан" жөнүндө алгач кытайда иштеп жүргөн жылдарында уккан. Кытайдан Монголияга, андан Сибирди аралап жүрүп Казакстан, Өзбекстан жакка оогонун иликтеген. Ошол боюгча жылан жөнүндөгң дарек дым болуп угулбай калган. Жыландын сырын каткан китептердин бири ички Кытайда, экинчиси Тибетте деп каңшаар укканы бар.
Күндөрдүн биринде Сибирдин түрмөсүнөн кабар келип отурбайбы: "Эгер менин түрмөдөн чыгышыма жардам берсе жана дагы бир талабым бар ошону аткарса укмуштуу сырды ачып берем" деген. Чындыгында буга маани да берген жок. Сибирдин түрмөлөрүндө нечендерди "сокур ит бок жалагыча" алдаган аферистер толтура экенин ансыз да жакшы билчү. Өзүнүн бизнестик иштери менен Сибирге барып калып баягы сөздү эстеди да түрмөгө кайрылды. Өмүр бою түрмөдөн чыкпаганы жүзүнөн билинип турган, оозуна жасалма тиш кийген кличкачы "Протез" аттуу чал көздөрүн кыбыңдатып Азиятты бир топко тиктеп турду да "Да сынок, балким чын эле "бриллиант жыланга" ээ болууга сенин гана акың бардыр" деп койду да кайра бурулуп кетип калды. Укмуштай эске тутуу жөндөмү жана эмнени болбосун илгиртпей бат туюп жыйынтык чыгара алгандыгы менен айырмаланган Азият иштин төркүнүн шак түшүндү.
"Протезди" түрмөдөн чыгарып коюш Азият үчүн чоң эмгекке деле турган жок. "Протез" эркиндикке чыккандан кийин Бишкектеги дарегин билдирип кабар жиберди. Жолугушууга Азият өзү келди. Жолугушуу он минутага да созулган жок. "Протез" Азиятка жылан кимдин колунда экендигин жана кандайча ага тийгендигин. Эгер "разбор" жүрүп кетсе жыландын чыныгы ээси болууга анын акысы жок экендигин, эгер толук ээси болуу укугун алгысы келсе кимге канча карызы барын жана ошондон кутулушу керек экендигин гана айтып берди. Унчукпай угуп, унчукпай чыгып бараткан Азияттын артынан "Сынок, экөөбүз сүйлөшкөн жокпуз. Ошондой болсо да менин дагы бир талабым калды. Аны иштин бүтүшү менен куда кааласа айтармын" деди.
Азият креслодо чалкалай термелип отуруп "Оңбогон чал эмне айтаар экен" деп ойлоду жа кнопканы басып жигитин чакырды. "Кызыл көздүн" ордун ээлеп андан ашпаса кем эмес кызмат өтөй баштаган "Куюн" шып этип кирип келди. "Бишкекке жөнөйбүз. Эки машина, өзүңдү кошкондо жети мыкты жигит ал" деди да бара бер дегенсип колун көтөрүп коюп өзү да ордунан козголду.
Азият өз бөлмөсүндө шашпай кийинип жатканда өзүн "эркемин менин айтканымды аткарат", - деп сезе баштаган он жетиге жашы жаңы толгон, өң десе өң, бой десе бой келишкен Фаризат кирип келди да кылыктана "Сиз каяка, мени да ала кетиңизчи, Сизсиз мен эригем" деп Азияттын мойнуна колдорун орой асыла кетти.
Азият тигини эки каруусунан катуураак кармай өзүнөн окчундата түрттү да ээгинен өйдө көтөрө капкара мөлтүрөгөн көздөрүнө тикчийе карап туруп "Экинчи эч убакта менден кайда барасың, эмне кыласың деп сурабай жүр. Эгер керек болсоң сураттырбай ала кетем. Сулуу башыңдын ийниңден түшпөй жүрүшүн кааласаң. Мен бар боломбу жок боломбу дайым өз ордуңду бил. Ар бир бурчта менин көзүм сени тиктеп, кулагым угуп турат. Түшүндүңбү", - деди да секин түртүп койду.
Фаризанын өңү купкуу болуп, тизелери калчылдап кетти. Азияттын көзүнөн адамдын көзү эмес кыпкызыл жыландын көзү жанып турган эле.
Азият менен "Протездин" жолугушуусу бул жолу деле отуз минутанын тегерегинде болду. Учураша элек жатып Протез "Сынок, товарга ыраазысыңбы" деди Азиятты адатынча көздөрүн кыбыңдата тиктеп туруп анын жообун күтпөстөн "Билем ыраазысың, ыраазысың. Дүйнөдө мындай укмуш жок. Мындай байлык жок. Өзүм көргөн эмесмин. Уккам. Көрбөгөнүм жакшы. Эми менин бир талабым бар..." деди да дагы көздөрүн кыбыңдата Азиятты тиктеп калды.
- Убада, убада. Талабыңызды айта бериңиз деди Азият. Ичинен жанаты болоор адамдын акыркы сөзүн угуп коюш чыгышта парз деп ойлоду.
- Сынок, менин ичээр суум деле түгөнүп баратат - деп баштады "Протез" сөзүн. Азияттын оюн билип тургансып. - Жакшы жашадымбы жаман жашадымбы өз өмүрүм өзүмдүкү. Бир билгеним кимдир бирөөнүн алдында каргыш алып убада берсем дайыма аткарып келдим...
- Кыскараак сүйлөсөңүз...
- Сен да карыйсың, Сынок. Ошондо мендей калжырак болуп каласың.
Чыдап угуп кой.
- Айта бериңиз. Азият баш ийкеп койду.
- Мен акыркы жолу он төрт жылга кетип жатканымда бир менттин астында карганганым бар. Ал мындайча болду. Товарым менен мына көздөн кайым болуп бул шаардан жоголоюн деп турганда оңбогур кармап алды. Болгондо да жалгыз өзү. Сары изиме чөп салып машкедей издеп жүргөнүн билчүмүн. Күтүүсүз колго түшүрдү. Жалынып кирдим. Өмүрүнүн акырына жеткидей акча сунуш кылдым. Күбө жок. Экөөбүз элебиз. Эгер кое берсең бул жер бетинен жок болуп кетейин. Экинчи кылмышка барбайын дедим. Өмүр бою көксөгөнүмө жаңы жеткем. Буюрса баарын токтотуп жаңыча турмуш баштайм деп кыялданып да бүтө элегимде оңбогон машке кармап жатпайбы. Өмүрүмдө бирөөнүн астында ошончо кор болуп жалдырап көрбөгөндүрмүн. Деги эмнени гана айтпадым. Бутун кучактап буркурап боздоп ыйладым. Жок. Мерез экен. Колумду кайрып көчүкө тээп айдап кетти. 50 кило нак апийим менен 70 миң рублди өкмөткө төгүп салды. Тобо өзү бир тыйынын да алган жок. Товарды төксөң төк. Жок дегенде акчаны өзүң алчы. Мен эч нерсе айтпайм десем да болбоду. Даана көңдөй экен. Кантейин күйдүм. Мени он төрт жылга айдашты. Тигил жактан дагы эки жолу кошулду ошентип отуруп минтип 26 жылдан кийин араң эркиндикке чыгып отурам. Сот бүтүп кетип жатканымда чакырттым. Келиптир. Келбей эле койсо экен деп тилегем. Шордуу келиптир. Кыйратып койгонсуп күлүп коет мылжыйып. Аялың барбы десем "Үйлөнө элекмин" дейт. Эмесе угуп ал дедим. Акыры мен тигил жактан чыгып келем. Сенчелик эч кимге өчөшкөн эмес элем. Сага көгөрдүм. Так өз аялыңа башыңды кестиртип туруп бутумдун астына тоголоттуртам. Оң кулагың менен да сол кулагың менен да ук дедим. Шылдыңдап күлдү. Бирок өңү бозоруп көзүнүн жалыны өчүп жалтаңдап кетти. Ичимден "а-а убадама жетет экемин" деп жоруп койдум. Ошол жигит иликтесем дагы деле органда экен. Баарын уктуң. Калганы сеники. Ушул убадам аткарылса көрүмө тынч жатаар элем деди жүдөгөн кейипте бүжүрөй басып күрсүлдөй жөтөлө жатуучу бөлмөсүнө кирип баратып кылчая карады да - Так ушул жерде башын аялы бут астыма тоголотсо көксөөм сууйт, Сынок. Сени угуп жүрөм... угуп жүрөм, анык көк жал деп. Калганын өзүң билесиң. Менин башка сөзүм жок деди да ары кирип кетти. Кош бол деген да жок.
Алжыган абышканын мээсин жайната атсамбы деп нечен ирээт койнуңдагы пистолетке колун эптеген менен Азият анте албады. Абышка кантсе да убадасын аткарды Азиятка "Бриллиант жыландын" так дарегин берди. Эми Азият да абышканын айткан талабын аткарышы керек. Убада аткарылгандан кийин абышка ыраазымын убадаңды аткардың дегенден кийин абышканы эмне кылса өзү билет. Өмүрүн сактоо бири-бирине тийбөө жөнүндө сөз болгон жок. Азият абышка акча, анан өмүрүн сурайт го деп ойлогон. Андай болбоду. Иш бир топ татаалдашып кетти.
х х х
Күйөөсүнүн башын кесип алып кол сумкага салып келаткан аял автобустан кармалды. "Сумкаңды ач" десе "Ачпайм" дептир. "Эмне бар" деп ачып жиберген милиционер "апа" деп бакырып эси ооп жыгылган экен. Көрсө сумкада көздөрү чакчайып, тили аз-маз бултуюп чыгып калган эркектин башы карап турган экен.
Чаң будуңу түшкөн автобустан эл түртүшүп түшө качкыча шаша төрт милиция жулунуп кирип барышып эч кандай деле каршылык көрсөтпөй купкуу болуп отурган аялды сүйрөп чыгышты.
Аңгыча кайдан-жайдан экенин белгисиз кара "волга" пайда болду да ичинен үч шоодой болгон жигиттер чыга келишип "КГБнын өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери" деген күбөлүктөрүн көрсөтүп, аялды сумкасы менен кошо машиналарына отургузушту да "шуу" деп жүрүп кете беришти.
х х х
Аялга сумкасын көтөртүп жетелетип алып Азият Протездин эшигин түрткөндө эшик ачык экен. Азияттын жүрөгү бир нерсе шекшип ичкери жулуна кирди. Үч бөлмөлүү үйдө өлүк тынчтык. Протездин жыты да калбаптыр. Стол үстүндө тил кат жатыптыр. "Сынок, сенин убадаңа тураарыңа ишенгем. Рахмат! Көксөм сууду! Эми чындап жашагым келет. Мени издеп убакыт коротпо. Жакшысы, мен сен жөнүндө эч нерсе билбейм, сен мен жөнүндө эч нерсе билбейсиң. Сени терең урматтаган "Протез" - деген.
Катты окуп чыгып мыжый кармаган Азият өлө-сөлү чалга алдатып жибергенине ызалана ичинен онтоп алды. Эң башкысы "Бриллиант жылан" Азиятта экенин так билген жалгыз бир күбөө тирүү колдон чыгып кеткени күйбөгөн жерин күйгүздү.
Босогого туруп калган аялдын каруусунан мыжый кармап турган "Куюн" "Муну эмне кылалы" деп аялды көрсөттү. "Милицияга өткөрүп таштагыла. Калганы ошолордун иши. Болгону укол сайып коюуну унутпа" деди да кыжырлана ордунан турду.
Абышканы сыртынан бирөөгө кайтартып койсомбу деп ойлоп өлө-сөлү неме кайда бармак эле деп койгон. Көрсө оңбогон "Протез" артист болуп жаткан тура.
Он жети жыл чогуу жашаган күйөөсүн өлтүрүп, башын кесип сумкасына салып көтөрүп жүргөн аялды суракка алган милициялар эч нерсе деле чыгара алышкан жок. "Акыл-эсинен айнып калган" деген жыйынтык менен акыл-эси кемдердин ооруканасына жиберишти да ишти жаап коюшту.
х х х
Мыкы бир жума квартирасынан эч жакка чыккан жок. Кожоюну "Эмне ишке чыкпай калдың, күндө үйүңдөн көрөм", - деди эле. Грипп болуп ооруп атам деп койду. Чыкса үйдөн көп алыс эмес жердеги кичине базарга барат да тамак-аш сатып келет. Кечке эрмеги детектив романдар. Анан түрлөп тамак жасап ичет. Тамакты бапестеп жасап ичкенди жакшы көрөт. Бу да Кадыр атасынан алган нускасы. "Өзүңдү-өзүң сыйла. Өзүңдү сыйлоону тамакты бапестеп ичкенден башта. Санына эмес, сапатына кара. Дайыма чүйгүндөп сапаттуу тамак ичсең ден-соолугуң чың болот. Ашыкча семирбейсиң. Алсырап арыктабайсың. Жаратылыш менен тең салмакта жүрөсүң. Жаратылыш менен тең салмакта жүрсөң жаратылыштан каалаган учурунда энергия топтоп ала аласың жана аны кайра өзүң каалаган күчкө айландырып чыгара аласың" дечү. Окуучусуна далилдеш үчүн ширенкени бир метрче аралыкка тике коюп туруп алаканы менен аба аркылуу түртүп кулатчу. Алаканы бир метрче жетпече да ширенкенин кабы бирөө чертип ийгенсип 5-10 см учуп кетчү эле. Кадыр атанын укмуштуу өнөрлөрүнөн толук үйрөнө алган жокмун го деп калат өзүнчө ойго батканда. Кадыр атасынын өлөөр алдында акыркы айтканын эстеген сайын, атамдын айтканын аткара аламбы, өмүрүм жетээр бекен деп жанын коерго жер таппай тыбырчылап кетет.
Мыкынын өз аты Марат болгон экен. Кийин эле чоңоюп калганында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоголуп кетип жаңысын алганы барганда өгөй атасы Мыкын деп жаздырып коюптур. Ошентип Марат аты өчүп айтылганда "н" түшүп Мыкы болгон да калган. Раматылыгы болгон өгөй атасы Мыкыга эмнелерди гана кылбады. Өгөй атасынын машинасынын үнү алыстан угулганда, кайда жашынарын билбей эки бөлмөлүү үйдүн эч жерине батпай бүжүрөп калаар эле. Өгөй атасы колхоздун эскилиги жеткен калдырап-шалдырап тарпы тышына чыккан машинасын айдачу. Соо келеби, мас келеби жумуштан келээри менен колхоздун жетекчилерине, эски машинасына, тилин укпай айтышса айтышып, мушташса мушташып кеткен долу аялына (Мыкынын апасына) келген бүт жинин Мыкыдан чыгарчу. Бир жолу дубалдын кырында китеп окуп отуруп, өгөй атасынын келгенин көрбөй калган экен (көрсө машинасы бузулуп, талаада калып жөө келиптир). "Эмне дубалдын кырында отурасың. Чыга берип бүт дубалды уратып бүттүң. Сенин дубалга чыганагыңды көрөйүн", - деди да качпасын деп белине жип менен байлап алып, ичке-жон болуп тосулган дубалды кырлата чыбык менен шыйрака чапкылап, чарчап кулап түшкүчө чуркаткан. Дубалдын жонунун алакандын кырындай ичкелигинен чуркамак түгүл, басууга оор эле. Бир жолу балдар менен сууга түшкөнү барып кечирээк келсе өгөй атасы келип калган экен. "Баланы ыйлатып карабай таштап коюп, кайда жүрөсүң?" - дегенде "Сууга түшкөнү баргам" - деди үлдүрөп. Эч убакта калп айтырчу эмес. Эгер калп айтса текшерип, билип калса "Сен мени алдайсың" - деп эки-үч эсе ашыгы менен жаза алчу. Туруп-туруп эле "Сууга түшкөндү жакшы көрсөң, жүрү мен сени түшүрөйүн", - деди да, ай чыкканда айылдын четиндеги көлмөгө ээрчитип жөнөдү. Түн ичинде көлмөнүн ары жагынан, бери жагына сүзүп өтөсүң деп зордоп кирди. Таяктан корккон Мыкы сууда чала-була сүзсө ушул күнү сууга сүзгөндү чындап үйрөндү. Ары-бери жанталашып сүзө берип, бир учурда колу-буту иштебей калып чөгүп баратканын бир билет. Көзүн ачса жээкте жатыптыр. Кейпи өгөй атасы тартып чыкса керек. Машинасынын камерасын үйлөтүп, минип алып жээкте отурган болучу. Деги кайсы бир жоругун айтасың. Эстегиси да келбейт.
Өгөй атасы машинадан авария болуп өлгөндө кудайдын бар экенине ишенип, кубанганынан өңгүрөп ыйлаган. Өгөй атасы баласын эзип атса, апасы болуша да алабй, кээде тескери карап ыйлап, же көзүм көрбөсүн деп басып кетчү. Кейпи тытышып уруша бергенден тажачу окшойт. Ансыз да эки күндүн биринде "Ээрчитип келген күчүгүңдү менин балдарымдан жакшы көрүп, тамактын таттуусун катып бересиң. Кесме куйсаң этин көп саласың", - деген кайым айтышуудан уруш чыкчу.
Өз апасы менен атасы бир жарым жашында ажырашыптыр.Атасынын кандай экенин да элестете албайт. Россиядагы бир кендин курулушуна кетип дайынсыз болуптур. Өгөй атасы өлгөндөн кийин, апасы алкаш болуп кетти. Өгөй атасынан бир бала, бир кыз калды эле. Баласы кичинесинен ууру, тентек болуп өсүп, кийин кыз зордуктап кесилип кетти. Карындашы эстүүрөөк чыгып, турмушка чыгып, өзүнчө эл катары, оокат кылып жүрөт. Апасы Мыкы армияда жүргөндө мас болуп келип уктап калып, газга уугуп өлүп калган.
Кадыр атага жолукпаса өзү ким болмок, кандай тарбияда өсмөк. Азыр элестете албайт. Кадыр атаны айылдаштары Кытай чал дешчү. Себеби 1960-жылдардын этегинде чек ара ачылып Кытайдан кыргыздар келе баштаганда айылга келиптир. Чокчо сакал эки бетинин ортосунан оту жанган, чыкыйган орто бойлуу, баскан-турганы шамалдай тың чалдын турпаты Мыкы үчүн эс тартканда кандай болсо, көзү өткүчө өзгөрбөдү.Мыкыдан бөлөк айылдаштары Кытай чалдын аты Кадыр экенин билишпей да калышты. Болгону Үркүндө Кытайга качып барып ата-энесинен айрылып, ошоякта калып чоңоюп, минтип карыганда жерин издеп келген кыргыздын бир чалы катары өтүп кете берди. Кадыр ата колхоздун кампасын кайтарчу. "Кытай чалда уйку жок. Чычканга кебек алдырбайт", - дешип айылдаштары кампага буудай, жем уурдаганы барышчу да эмес. Кытай чал ичкилик ичпегендиктен мурдагы кароолчулардай бир бөтөлкөгө бир каптан жем алуу да токтогон. Өзү кампанын жанындагы үч бөлмө үйдө турчу. Жаткан кроваты, тамак бышырган газы анан өзүнө жеткендей идиш-аягынан башка ныпым оокаты жок эле. Чал ушул айылда жашаган бир урууга аты-жыты тууган экен. Жаңы келгенде кемпир алып берели десе болбой койгон экен, ошентип жалгыз өзү турчу. Кытай чалдын жашы канчада экенин эч ким билчү эмес. Өзү да так жашын айтчу эмес. Үркүндө 1916-жылы тестиер бала экенмин деп койчу. Короосунда тоок, индук бакчу. 10-12 сотке келген ээн жаткан жерди колхоздон уруксат сурап тосуп алып түрлүү жер-жемиш тикчү. Кытай чалдын огородунда эмнелер гана өспөчү. Бышпайт деген же жөн эле көңүл буруп айдабай жүргөн көптөгөн түрлүү жемиштерди Кытай чал огородуна айдап өстүрө баштагандан кийин, айылдыктар да айдай башташчу. Ким менен болсо да бакылдашып сүйлөшүп кетчү. Шайыр чал бир гана өзү жөнүндө эч кимге, эч нерсе айтчу эмес.
Кытай чал менен Мыкы 6-класста окуп жүргөндө эгин сапырганы барып жүрүп, жакын болуп кетти. Эгин сапырганы барган балдардын баары кырманга өздөрү менен кошо тамак ала барышчу. Мыкы гана эч нерсе алып барчу эмес. Алпарайын десе үйдө жарытылуу эч нерсе болчу эмес. Арактан башы чыкпаган апасы нана жасаса да чийки кылып же күйгүзүп таштачу.
Бир күнү балдар тамакка отурганда Кытай чал Мыкыны өзүнө чакырды да үйүнө ээрчитип барып чогуу тамактанышты. Мыкы өмүрүндө мынчалык таттуу тамак ичип көрө элек болчу. Чоң табака куюлган тамакты кандай түгөтүп таштаганын өзү да билбей калды. Анда эмне деген тамак экенин да билген эмес. Лагман ичкенин кийин билди. Нанынын даамы да бир башка. Дасторкон толо түрлүү ждемиш, жөн эле көздү алаңдатат. Каалаган тамагын ичи ооругуча ичти. Кытай чал да тим эркине койду. Тамакка тойгондон кийин экөө сүйлөшүп отурушту. Көрсө Кытай чал Мыкы жөнүндө көптү билет экен. Жа дегенде өгөй атасы көлгө чөктүргөнүнөн, селкинчек тебесиң деп күздүн суугунда сыртка селкинчекке таңып, таң аткыча калтырганынан бери билерин айтса Мыкынын оозу ачыла түшпөспү. Көрсө бүт эле айылдаштары билишет экен. Апасы ыйлап-сыктап ар кимге айтчу окшойт. Чогуу тамактанып жүрөлү, келип тур деди Кытай чал кетеринде. Эртеси дагы өзү ээрчитип кетти. Корунуп жүрүп жалтак, тартынчаак өскөн Мыкы өзү баргысы келип турса да, эгер чакырбаса баралмак эмес.
Бара-бара Мыкы Кытай чалдын үйүнө конуп да калчу болду. Экөө аябай ынак боло башташты. Эч ким менен чечилип сырдашпаган Мыкы Кытай чалдан эч нерсе жашырчу эмес. Кытай чалга жолукканга чейин жашоо Мыкы үчүн жалаң уруш-талаш, бирин-бири басынтып кордоо, жектешүүдөн тургандай туюлчу. Жашап жүргөнүнө да маани берчү эмес.
Жашоо - өмүр деген таттуу экенин, адамдын келечекке койгон максаты болорун, ага жетиш үчүн тынымсыз аракет керек экенин Мыкы Кытай чалдын үйүнө бара баштагандан кийин билди. Кытай чалды Мыкы "ата" деп калды. Ошол боюнча кийин да чын-дилинен өз атасындай көрүп жүрдү. Муну Кытай чал да туйчу. Ата мээримин билбей, атага эркелебей чоңойгон бала ичики сезиминде атасын жоктоорун билип, анын ордун аз да болсо толтурууга аракет кылчу.
Арадан жарым жылча өткөндө Кытай чал Мыкыны маңдайына отургузуп алып олуттуу сүйлөп "Менде бир өнөр бар. Ал өнөрдү эч кимге үйрөтпөсөм, өзүмдүн башым менен кетет. Ошол өнөрдү сага үйрөткүм келип жүрөт. Ал үчүн сен менден өнөр окуй баштаганыңды жан адамга айтпашың керек. Өмүр бою сыр сактоо колуңдан келеби", - деди тикирейе тиктеп. Мыкы эч нерсеге терең маани бербей туруп эле "Сиз жан адамга айтпа десеңиз айтпайм", - деди. Анда касам ичели деди да Кытайча дуба окуп эски баштыктан күрөң булгары менен сыртталган кытайча жазылган китепти сууруп чыкты да, эч кимге сыр айтпоо жөнүндө Мыкыдан ант алды. Мыкы күрөң китепти чекесине үч жолу тийгизип ант берди. Ким антты бузса китептин сыйкырлуу күчү өрттөп өлтүрсүн деп туруп Кытай чал колдорун бийчилердикиндей ийрелеңдете булгалап келип алакандарын китептин үстүнө коюп туруп "Фуу-у" деп үйлөгөндө оозунан кадимкидей кызыл жалын алоолоп жомоктогу ажыдаардын оозунан чыккандай ышкырык чыкты. Мындай ды күтпөгөн Мыкынын жүрөгү түшүп калды.
Мына ушинтип Кытай чал жумасына үч жолу эки сааттан Мыкыны өнөргө үйрөтүп да, окутуп да баштады. Экөө үчүн бир бөлмөнүн терезелерин сырттан ичкери көрүнбөсүн дешип, ак сыр менен сырдап ташташты. Кытай чалдын үйүнүн тегерегинде башка киши жашаган үй жок болгондуктан, булардын терезени сырдап салганына эч ким да маани берген жок. Ансыз да бош бөлмөнүн полун таза жууп коюшуп, жалаң такта полдун үстүндө чыгыш көнүгүүлөрүнүн ыкмаларын, бийлерин үйрөтүүчү болду. Мурда чыгыш бийлери, чыгыш күрөшүүнүн ыкмалары тууралуу эч нерсе билбеген, анда-санда индия кинолорунан "каратэ", "ушу" деген уруштун ыкмалары болорун көрүп калып жүргөнү болбосо такыр тааныш эмес ыкмалар Мыкынын балалык сезимине дүрбөлөң салып окууга баш-оту менен кирди. Чарчаганын, кыйналганын, денесинин ооруксунганын Кытай чалга билгизбегенге аракеттенүүчү.
Окуу учурунда Кытай чал аябай сүрдүү талапкер болуп кетчү. Ар бир туура эмес жасалган кыймыл үчүн жаза алчу. Окуу жеке эле көнүгүүлөрдөн эмес чыгыш элдеринин маданияты, улууну сыйлоо, кичүүнү ызаттоо,окутуучусуна кың дебей баш ийип окуу учурунда талапты так аткаруу, өнөрдү жаман иштерге колдонбоо, алсыздарды коргоо, ырайымсыздыкка каршы туруу, чындыкты дайым баалап, өзүң да чындыкта жашоо өңдүү эрежелер боюнча тарбиялык насааттарды кулагына кумдай куюп, муну турмушта сөзсүз колдонуу керектигин айтчу.
Окуунун экинчи жылында Кытай чал Мыкыга кытай иероглифтерин үйрөтө баштады. Баягы ант алганда алып чыккан күрөң китепти кээде баштыгынан алып чыгып окуп калчу. Мыкы кийинчерээк байкады, атасы китептин баштан аяк түшүнбөй жаткансып кайта-кайта окуй берээрин. Китептин сырты булгарыдан, ички барактары болсо кандайдыр бир клей сыяктуу нерсеге катырылган жибек чүпүрөктөй туюлчу. Сыртында жыландын жармысынын тилин соймоңдотуп турган сүрөтү бар болчу. Ар бир тамга кашкая ак сыр сыяктуу боек менен жазылган эле. Айрым барактарында адамдын жылаңач дене түзүлүшү жана миң сандаган чекиттер, айрым барактарында жердин, үңкүрдүн жарымысы жок түшүнүксүз картасы, акыркы барагында жарым каалганын сүрөтү боло турган. Мыкыга кытай тамгасын иероглифти үйрөнүү өтө оорго турчу болду. Тамга окуугуча кандай оор көнүгүү болсо да үйрөнүүгө макул эле. Муну сезген окутуучусу кыжалаттанып көңүл коюусун талап кылчу. Кээде "Сен али мен сага үйрөтөйүн деген өнөрдүн биринчи барагын да үйрөнө элексиң. Бул окуу учу-кыйырсыз окуу. Менин өмүрүм жетпеди. Бир бөлүгүн да толук үйрөнө албадым. Сен тырышчааксың. Эрте да баштадың. Жок дегенде жарымысын окуп үйрөнөр бекенсиң" деп калчу. Секирсе чимирилип барып үйдүн төбөсүн тебе алган, ажыдаарча оозунан жалын чыгарып бир метр алыстан туруп ширеңкенин кабын учура урган окутуучусу ушинтип айтса Мыкынын башы кеңгирей түшчү. "Ата эмне үчүн өнөрүңүздү элге көрсөтпөй жашырасыз", - деди Мыкы бир жолу. Окутуучусу бир топко үнсүз ойлуу отурду да мунун жообун угууга сен али даяр эмессиң. Дагы билимиңди тереңдетишиң керек. Акылыңды да өстүрүшүң керек. Учуру келгенде өзүм айтам деп койду. Кийин чындыгында өзү айтты, бирок толук айтууга жетишпей, сырдын жарымын өзү менен алып кете берди. Мына эми, ошол окутуучусу Кадыр ата айтууга үлгүрбөй калган табышмактуу сырдын түйүнүн чечүүгө белсене киришип, керек болсо бүт өмүрүн жумшаганы турат.
Ойлогон ишти баштоого 7200 доллар өтө аз болоорун эсептеп эки жүзүн майда керектөөлөрүнө деп чөнтөгүнө салып 7 миңин катып койду.
Спирт, кумшекер саткан балдарды айланчыктап бирөөлөрү менен тил табышып иштешип кетемби деп жүрүп "обүягы" менен таанышып калды. "Обүяк" жалпы спирт саткан топту жөнгө салып башкарып, тиешелүү "кушун" алып тургандан башка да Мыкыга окшогон он чактысына өзүнүн спиртин саттырып, түшкөн акчанын 20 процентин сатуучуларга берип калганын өзү алып турат экен.
"Обүяк" жеткен дардаңпоз, кулагы угуп көзү көргөнү ичине жаткырбаган ачык ооз, мактаганды жакшы көргөн өпкөсүн колуна көтөрүп жүргөндөргө кирээрин Мыкы көп өтпөй жакшы билип алды. Шыпылдап ийкем кыймылдаган, айтканды айткандай, дегенди дегендей так аткарган, берсең алган, бербесең сурабаган Мыкы да "Обүякка" жагып калды. Спиртинин көбүн Мыкыга саттырчу болду. Бара-бара спирттин акчасын төккөнү "Борборго" да ээрчитип бара баштады. "Борбор" деп коюшчу башында турган фирманы. Мыкыга машинасын айдатып кийинки кездерде шоферундай уруна баштады. "Мени менен жүрсөң кор болбойсуң. Кыз десең кыз, акча десең акча болот", -деп күпүлдөп калуучу. Тирешкен жерде бир нерсеге жарасаң болду. Бирөө катураак бир муштап койсо чимкиригиң акпайбы? Дене түзүлүшүң түзүк эле, коркок болбосоң болду деп калчу.
Күндөрдүн биринде "Обүяк" таноолорун дердеңдете "Кожоюндун сейфинен бир мүшөккө толчудай жалаң доллар көрдүм. Аз жерден эсимди жогото сактапмын. Өмүрүмдө мычалык көп акча көрбөгөм" деп калды. Мыкы ошол замат ишти жыйнаштыруу керек экенин сезди. Узартса кеч болуп калышы мүмкүн. Кечинде адаттагыдай "Шефи" экөө түнкү барга барганда башка бир топтун жигитине "Чалыр көз" деп тийише кетти. Тигил көзү чалыр күрсүйгөн неме экен ооздон ары берип калды эле Мыкы топудай учту. Кежигесинен кармап тургузуп туруп курсакка бир муштап "Кана кайталап койчу эмне дедиң" -дегенде "Байкабай... кечире көр. Мындан кийин сизди дайым байке деп жүрөйүнчү", - деп жалынып жиберди. Топтошуп карап тургандар кыраан-катка каткырып жиберишти. Тигил топтун башчысы Мыкынын "Обүягына" тийишип, "Тили менен көчүк жалагандан башкага жарабаган шофердон бөлөгүн таппай калдыңбы. Мага жакшы төлөсң мыкты жигиттеримден кайрылышам дегенде" кыпкызыл болуп чыңала түшкөн "Обүяк" чалырдын колунда шүмүрөйүп турган Мыкыны жеп ийчүдөй карап басып барып көчүктөн ары бир тепти да экинчи көзүмө көрүнбө. Эркек имиш. Тепкен буттан айлангыр чурку" деп бутун жерге сүрүп сүрүп койду.
Ушуну гана күткөн Мыкы көздөн кайым болду. Менмин деп дардаңдап турган жыйырмасын беш минутага жеткирбей таш-талканын чыгара сулатып салуучу жигит атайлап анткорсуганын бири да сезген жок.
х х х
Кандайча кол салуунун жолдорун мурда эле бир нече жолу караштырып чыгып пландап койгон. Коңшу көчөгө такси менен келди да болжолду жерине токтотуп туруп эгер жарым саатка чейин чыкпасам күтпөй кете бергин" деп эскертип, сураган акчасын алдын ала төлөп коюп караңгыга сиңип кетти.
"Операция" ушунча жеңил өтөт деп Мыкы ойлогон эмес. Бийик дубалдан дабышсыз секирип түшүп эшик алдындагы кайтаруучу отурган кичинекей будканын жарымы ачылган эшигинен караса колго көтөргөн кичинекей телевизорду маңдайына коюп алып жыргап секс кино көрүп отурган экен. Артынан дабышсыз келип эки кулактын алдына манжалары менен сайганда башы шылк дей түшүп, коңурук тартып кирди. Аңгыча офистин эшиги ачылып ичтеги кайтаруучулардын бири "Коля" деп кыйкырды да дабыш болбогон соң сөгүнө бери жөнөдү. Кирип келип уктап жаткан Колясын көрүп бир кадам аттай электе өзү полго сулады. Кара көлөкө жылт коюп офистин ичине кирди. Туалеттен чыгып келаткан бирөөсү менен бетме-бет келе түштү. Ал "Эй сен кимсиң" дегенге үлгүргөн жок. Жүрөк тушуна урулган, удаа эле эки кулакка эки колдун алаканы менен урулган соккудан чалкасынан түшүп калды. "Телохранителдер" отурган бөлмөгө киргенде, экөө жанаша отуруп алып видеофильм көрүп отурушкан экен орундарынан жылбаган боюнча уйкуга кете беришти. Биринин мойнуна илинген автоматты алды да "Шеф" отурган бөлмөгө кирип барды. "Шеф" компьютер менен бир нерселерди аябай эсептеп жаткан экен берки маңдайына келгенде араң байкады. Ордунан атып туруп, "Сен кимсиң" деди.
- Жан керек десең үнүңдү чыгарбай сейфти ач, - деди үнүн атайлап бузуп киркирей сүрдүү чыгарып. Көздөрү алая түшкөн "Шеф" коркконун билгизбөөгө аракеттенип;
- Ушул жерден тирүү чыгам деп турасыңбы? - деди кайраттуу сүйлөй. Кара кийимчен автоматтын оозун чекесине такады да:
- Кош бол келесоом - деди.
Иштин тамаша эмес экенин сезген Шеф:
- Токтой тур, сейфти өзүм ачып бербесем сен шрифтерин билбейсиң. Каалаганыңды бүт ал болгону тирүү калтыр - деди үнү калтырай.
- Мунуң акылдуу сөз. Бол кыймылда! - деди Кара көлөкө автоматты тигинин чекесинен алып.
Шеф колдору калчылдап атып сейфти араң ачты. Андан аркысын билбейт. Эки кулагынын түбү "тыс" дей түштү да эсинен ажырады. Эсине келсе ак халатчандар тегеректеп туруптур.
- Мен кайдамын? - деди эрдин араң кыбыратып.
- Ооруканадасыз - дегенди укканда кайра уйкуга кетти.
Кара көлөкө тыкан кыймылдап сейфтеги тиреле жыйылган долларлар менен сомдорду ийиндегичи бар сумкасына шыкай салды да ордунан туруп автоматты Шефтин столунун үстүнө таштап шыпылдай басып эшикке бет алды. Темир дарбазаны ичинен ачып шашылбай чыкты да караңгылыкка сиңди.
Күтүп турган таксиге келгенде саатын караса туптуура 15 минута убакыт өткөн экен. Таксист да саатын карап алып жылмая жигитке, "Убадага так экенсиң" деди. Жигит үндөгөн жок. Болгону барар жерин айтты.
Мыкы эки күндөн кийин гана сумканын ичиндегини санады. 320 миң доллар, 270 миң сом жатты. Мынчалык ири сумманы күткөн эмес. Чындап жүрөгү опкоолжуй түштү.
Операциянын ойдогудай жеңил өтүшүнүн себебин Мыкынын так эсебинен мурда да фирмадагылардын бизге "тиш салчулар" бул шаарда төрөлө элек дешип кам санабагандыгынан болду.
х х х
Республиканын кылмышкерлер дүйнөсүндө чаң тополоң болуп, "Авторитет" атыккандар кайта-кайита чогулушуп, талашып-тартышып алар болсо өздөрүнүн аймагындагы "Обүяктарды" чогултуп кылмышты ким жасаганын издеп жатышты. Эч шыбыш жок. Ал түгүл шектене турган бирөө жарымы да табылбады. Чыр күчөп отуруп "авторитеттердин" атышуусуна айланды. Жарым жылдын ичиндже республика боюнча сегиз "авторитет" атылды. Подвалдарга камалып кыйноо көргөн, дайынсыз жоголгон "Обүяктар" болду. Республикада таасирлүүмүн деген эки "авторитет" аттарын өзгөртүп коңшу республикага качышты.
Ички иштер органында иштегендер да жөн калбай, а түгүл түрлүү шылтоолор менен кысым көргөн министр да отставкага кетти. Мына-мына кызматтан көтөрүлөм деп турган Азим тескерисинче бөлүмдүн начальнигинен кылмышкерлерди издөө группасынын тергөөчүсү болуп калды. Жарым жыл изилдеп бир жигит таппаганына ызаланган Азим. "Бул ишти өмүрүмдүн аягына чейин изилдей берем" -деп өжөрлөнүп жүрдү.
х х х
Мыкы көпкө ойлонду. Астын элестетүү мүмкүн эмес эле. Кандай да болсо Кадыр атанын айтканын, окутуучусунун астындагы шертин аткаруу турду. Ан үчүн Кытай ирреглифин окуганга жетишишип тилин суудай билиш керек. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чыгыш илимин үйрөтүүнү жаңы баштагандыктан түзүк базалары жок. Жөн эле мезгилин жоготот.
Москва, Ленинград, Владивосток мына ушул үч шаардын биринде билим алсам анан кандай да болсо Кытайга өтсөм, калганын турмуш өзү көрсөтөр деп чечти. Чоң жолго чыгардын астында атын өзгөртүп жаңы паспорт алды. Талаа түздө жүргөндө улутумдун аты өчпөсүн деп Кыргыз-Шаа деген атты өзүнө өзү койду. Шаа - деген жыландын пири дегенди кичине кезинде укканы бар. Издегени "Бриллиант жылан" жана анын сыры болгондуктан эмнегедир ушул атты өзүнө ылайык көрдү.
Шаанын (Мыкы мындан ары паспортко ылайык ушундай аталат) жүктөрүн текшерген таможнянын өкүлү эки чемоданга салынып, ирээттүү тизилген роза гүлдөрүн көрүп "Бизнестин маданияттуу түрүнө өткөнүң жакшы, бирок үч күндө поезд менен жеткиче соолбой чыдайбы", - деди таң кала тиктеп.
- Чыдайт дарылап койдум - деди Шаа шакылдай. Тигил ийнин куушуруп койду да басып кетти.
Шаанын максаты гүл сатуу деле эмес болчу. Долларын билгизбей алып жүрүүнүн жолун ушинтип тапкан.
Вагондор ордунан козголуп улам күчөп, улам күүлөнүп астыга зымырап жөнөдү. "Кайыр кош тууган жер мекеним" деди Шаа ичинен. Кайрылып качан келери белгисиз. Деги аман кайрылабы же сөөгү белгисиз жерде калабы десең.
х х х
Кемелдин тергөөсү көпкө созулган жок. Ишти чойгудай ортого түшкөн киши болбоду. "Жеңилдетип кой, кыскартып кой" деп Кемел өзү да бүт күнөөнү жалгыз мойнуна алды. Кошо мушташкандарды "алар мени ажыратам" дешкен деп актап койду. Ошентип эк айдын аралыгында соту бүтүп эркиндиктен он төрт жылга айрылып кете берди. Алгач Молдовановканын түрмөсүнө келди. Анда бир айча отурбай Карагандага айдады. Баш аягы жүздөн ашык киши этап болуп барышты. Бишкектен (Анда Фрунзе деп аталчу) Карагандага жеткиче көрбөгөндү көрүштү. Бир кишилик орунга үчтөн кылып тыгып таштаганы аз келгенсип ар бир станцияга токтошот. Улам эле алардын вагонун үзүп таштап кетет. "Эң баасыз товар биз экенбиз да" дешип түрмөчүлөр үшкүрө күлүп калышат. Ошентип бир күндө жетчү Карагандага төрт күн дегенде араң жетишти. Чилденин чыкылдап турган учуру суук вагондордо бири-бирине ыктап тыгылышкан буларды "суук тийип ооруп калат экен ай, ден-соолуктары бузулат экен ай" дешкен да жок. Түрмөгө түштүң сени адам катары эсептебей калаарын Кемел ошондо билди.
Карагандага түн ичинде келишти. Жолдо ит көрбөгөн азапты көрүп араң келишкен эмелер жатаканаларына бөлүнүшөөрү менен эле уйкуга кетишкен. Кемел канча уктаганын билбейт бир учурда "Тургула пахан келатат" деген жоон үндөн ойгонуп кетти да "Пахан эмес нак кудайдын өзү болсо да урдум" деп башын жаздык менен чүмкөп кайра уйкуга кетти.
Аңгыча карылуу кол кежигесинен катуу силке тартып туруп "Эмне кулагың каңырышпы" деп кирилдей кайрылды да али көзүн ачып ойгонуп өзүнө келе элек Кемелди беттен аары былч дедире берип калды. Катуу тийген муштумдан ызасы кайнай түшкөн Кемел ордунан илбирстей ыргып туруп, жаткан нарынан жерге секирип түштү.
Маңдайында далдайган кавказдык жалжайып күлүп туруптур. "Уйкуң ачылдыбы" деди бейкапар. "Ачылганда да кандай ачылды дейсиң. Менин уйкумду ачкандыгың үчүн, кейпи сен түбөлүк уктайт окшойсуң" деди Кемел оозунун канын аарчып жатып.
"Эмне дедиң эси жогум" деп тигил колун созо Кемелдин ээгинен көтөрүп келекелейин деди эле "шак" этип ээгине тийген муштумдан буттары жерден жарым метрче көтөрүлө түшүп барып килейген денеси топтой тоголоно кардын астына тыгыла түштү.
"Кемел" деген үндөн артына кайрыла калса дагы бир күрсүйгөн неме бычак шилтеп келаткан экен. Колу менен бычакты катуу кагып жиберип, табарсыкка тепти эле тигинин колунан бычагы ыргып, жан жерин бүрүшүп кармаган боюнча ордунда чимирилип-чимирилип кетти. Так чыкыйга бир урду эле башы менен жер сүзө жыгылды.
- Токтоткула! - деген каардуу үн чыкты. Кемелди көздөй жулунуп келаткан дагы эки жигит орундарында туруп калышты. Кемел светтин жарыгынан бою ортодон жогорураак, чымыр денелүү кашка баш кишини эми көрдү. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Көздөрү тим эле жыландыкындай заардуу экен. Бөрү тиктешке салып Кемел да жалтанган жок. "Пахан" ушул экенин түшүндү.
- Болуптур, - деди тигил өзүнөн-өзү боксерлордун рингасындай болуп ачылып калган ортого кадам таштап. - Биз сиздерге братвалар жаман ой менен келген жок элек. Жөн гана таанышып учурашалы дегенбиз. Бул жактын мыйзамы ушундай.
Кемелге жакындап басты. Күтүүсүз кол салып жүрбөсүн деп Кемел боюн жыйрып секирүүчү илбирстей түйүлө түштү да:
- Чырды биз баштаган жокпуз. Сиздер баштадыңыздар. Ал эми учурашууга эртең да убакыт табылмак. Ансыз да суук "Столыпинде" (түрмөчүлөрдү ташыган вагонду ушинтип атап коюшат) төрт күн жол жүрүп араң келгенбиз.
- Туура, - деди тигил. Экөөнүн көздөрү дагы чагылыша түштү.
"Пахан эмес нак кудайдын өзү болсоң да аянышаар жерим калган жок" деген жан кечтиликти окуду тигил Кемелдин көзүнөн. - Сиздер эс ала бериңиздер калган сөздү эртең мененки тамактан кийин сүйлөшөбүз, деди да шарт бурула эшикке бет алды. Чыгып баратып жанында жүргөн жигиттерине тигилерди да сүйрөй чыккыла деди катуу соккудан али толук эстерине келе албай тоңкочуктап жаткан берки экөө жакка башын жаңсай.
Алар чыгып кетээри менен чогуу жаткандар Кемелди тегеректей калышты. Бирдарлары "Азамат! Даана жигит экенсиң" десе, бирлери "Бекер кылдың тымызын киши жиберип эми өлтүрүп коюшу мүмкүн" деп чыгышты. Болору болду дешип эшикти ичинен бекем бекитип туруп, жарым сааттан кезек менен эртең мененки подемго чейин күзөтүп чыгышмай болушту. Чогуу келишкен тың жигиттер биригишип эмне болсо да Кемелге арка-жөлөк болуп берүүгө убадалашышты. "Мынча болду эми жок дегенде Пахан болбосоң да экинин бири болууга күрөш. Атың аткыча бүт лагерге бир ай өтпөй союздагы түрмөгө дүңк дей турган иш жасадың. Бул Пахан атактуулардын атактуусу. Кличкасы "Кара жылан" биз болсо сага арка-жөлөк болууга даярбыз", - дешти мурдатан жаткандар.
Молдовановкадагы түрмөдөн, түрмө тартиби пахан жөнүндө уккан. Тигил жактын Паханы бир жолу келип Кемелдер менен учурашып "Силер Карагандага, андан Сибирге кетесиңер. Сибир бүт эле түрмө, кайсыл жерине түшөсүңөр, буйруктан. Жылуу кийим алгыла. Ден-соолугуңарга сак болгула" деген өңдүү кеп-кеңештерин айтып кеткен. Бары бир этап болуп кетишчү катуу режимдегилерге, өзгөчө киши өлтүрүп түшкөндөргө ал жерде сый гана мамиле болоорун Кемел билген эмес. Болгону "Паханың" деле катардагы "селсаяк" турбайбы деп койгон. Минтип түн ортосунда келип тургузарын, анысы аз келгенсип бетке муштаттыраарын күтпөгөн. "Мен киши өлтүрүп түштүм. Болгондо да 14 жылга, катуу режим менен. Менин аянар жерим жок. Демек, мени баары сыйлап турушат" деп ойлогон.
Түн тынч өттү. Булардын тынчын эч ким бузган жок. Эртең мененки тамак ичилип бүткөндөн кийин шыпылдаган бирөө келди да Кемелди "борборго" чакырып жатканын айтып кетти. Жалгыз жибербейли эмне болсо да чогуу көрөлү дешип тандалган он жигит кошо жөнөштү. Бир этап болуп келген жүздөн ашык кишиге тымызын кабар жиберилди. Сак тургула. Эмне болсо чогуу көрөлү. Жалгыз Кемелди талоонго калтырбайлы деген.
Пахан Кемелди отузга чукул жигити менен күтүп туруптур. Экитарап бетме-бет келгенде бирин-бири көздөрү менен ата тиктешип калышты. Сөздү Пахан баштады:
- Кемел кел мындай, мага баш ийип, айтканыма көнө турган болсоң тынч калабыз. Анда мен сени жакын жигиттеримдин бири катары кабыл алам. Жок көнбөйт экенсиң күч сынашууга туура келет. Кандай дейсиң сөз сенде деди.
- Кемел катарында турган Игорго көз кыйыгы менен карады. Түрмөдөн башы чыкпай келаткан өгүздү да жыга урчудай кейиптенген Игордун кличкасы "Звер" болчу. Оң колун койнуна катып араадан жасалган билектей канжарын мыжып турган эле.
- Убада, убада. Коркпо. Биз сени мененбиз. Айткан сөзгө тур деген белги берди "Звер". Бир кдам астыга чыгып,
- Менин бир гана талабым бар. Мен экинин бири, так айтканда "Кара жыландын" биринчи телохранители, эгер жаза тайып "Кара жыландын" орду бошосо, ордун ээлеп калуучу адамы болууга гана макулмун. Эгер менин бул талабыма макул болбосоңор күч сынашууга даярмын деди чечкиндүү. Кара жылан кичине ойлонуп үнсүз туруп калды да.
- Бул өтө оор талап. Биз акылдашалы. Туура бир сааттан кийин так ушул жерден жолугушалы - деди да артына бурулду.
Кемелдердин катарына "тигил тараптагылар отуз беш экен" деп эсептей коюшуп дагы он беш тандалма жигит кошулду. "Кыргызстандан келген бирөө Пахан менен тирешип жатыптыр" деген жаңылык бүт лагерге "дүң" дей түшкөн эле. Жалпы лагердеги абал бир нерсе күткөндөй тынч.
Кемел менен мушташса Пахандын оң колу болгон кавказдык жигит мушташат. Жеткен баш кесер. Киши өлтүрүп экинчи жолу түшүшү. Бычак менен мыкты сайышат. Дзюдо күрөшүнүн чебери деген кабар беришти. Эрдин тиштей көгөргөн Кемел муштумдарын кычырата түйүп "Ушул муштумдун кесепетинен түрмөнүн тузун таттым. Эми кор болуп тебелендиде жүргүчө муштумдун кесепети менен өлөйүн же адамча өз ар-намысымды сактап өтөйүн" ичтен өзүнө-өзү шерт берди. Бет алган жагынан кайтпаган албуут долулугу, өжөрлүгү кармап күчү ташкындап чыкты.
Туура болжошкон учурда кайра жанагы жерден жолугушушту. Дагы сөздү Пахан баштады.
- Кемел эс акылга кел. Менин биринчи адамым болуш үчүн эмгек өтөш керек. Тирешүүдөн өмүрүңдөн айрылып калышың мүмкүн... Кемел тигинин сөзүн бөлө:
- Көп акыйнек айтышуунун кереги жок ишке өтөлү. Пахан эми үнүн өзгөртө кыжырлуу чыгарып:
- БОлуптур, менин биринчи адамым "Башкесер" менен чыгасың. Бул жерде эреже жок. Максат жеңиш. Өмүрүңөргө эч ким кепил болбойт. Өлсөңөр өз ажалы менен өлдү деп ушул жерде тургандын баары күбө өтүп коебуз. Кана эмесе ортого чыккыла да баштай бергиле. Эскертип коеюн эки тараптан тең ортого түшүп эч кимдин болушууга акысы жок. Ким болушууга аракет кылса мына бул канжар жүрөгүнө кадалат деди да узундугу карышча келген канжарды жанындагы столбага сайып койду.
Кемел күрмөсүн чечип свитерчен болду. Баш кесер белине чейин жылаңачтанып жиберип "Хаа-а" деп кыйкыра ортого секирип чыкты. Бою Кемелдикинен пасыраак, кейпи 1,84-1,85 болсо керек, көкүрөгүндө бычактын тырыгы бар. Чымыр денелүү неме экен. Кемелдин бою 1,90 эле, салмагы 90 кг. мушташчу. Кантсе да түрмө менен санаа бир аз аздырып койгону болбосо формасын жогото деле элек болчу.
Жакын келген Игорь унчукпай туруп Кемелдин светерин чечип белине чейин жылаңачтады да "Тигинин дзюдис экенин унутуп койдуңбу. Колуна илинбегенге аракет кыл ме муну белиңе илип ал" деп шыбырай белиндеги шап бычакты куру менен кошо чечип Кемелдин белине байлады. Тигинин да белинде чоңдугу ушунча бар бычак салпактап жүргөн эле. "Дагы эскертейин колуңдан келсе жайлап сал. Тирүү калтырсаң акыры түбүңө жетет. Булар өжөр эл болот" деп шыбырай далыга таптап ортого чыгарды. "Муштумга бир кептелсең жаның калбайт го" деди Кемел да ичинен.
Экөө ортодо бука тооруш кылып бир айланып чыгышты да бирин-бири качырып сала беришти. Тигил илбирстей секирип келип Кемелди муштум шилтетпей дзюдонун ыкмасына салып көтөрүп урсам деди эле. Кемел шарт буйтап баратып көкүрөккө, карууга, кулактын астына, удаа үч жолу муштап өткөнгө үлгүрдү. Муштумдар көздөгөн жерге жетпесе да тигинин көзүнөн чаар чымын учуп, муштум эмес темир тийгендей боло түштү.
Өжөрлөнө түшүп канжарын сууруп алды. Кантсе да биринчи чапчышууда үстөмдүк алып эрдемсий түшкөн Кемел белиндеги канжарды куру менен чечип алып "Игорь тос" деп ыргытып жиберди да тигини жалаң муштум менен качырып сала берди. Аскерде "атайын бөлүктө" кызмат өтөп жүргөн кездеги машыгуу учурунда Кемелге бир эмес экөөлөп канжар менен качыргандар да көздөгөнүнө жетчү эмес. Атайын бөлүк деген атайын бөлүк, жанды коргоого жана душманыңды жок кылууга үч жыл ичинде мыкты эле каныктырган.
Экинчи качырышууда бычак шилтеген тигинин колу аркасына кайрыла түштү да боор тушка муштум менен кыска сокку жеди. Эси эңгирей түшүп өзүнө келгиче экинчи сокку табарсыкка удаа эле ээке тийди. Колунан бычагы ыргып көмөлөнүп түштү да кандайдыр бир айбаттуу үн чыгара дагы "Ха-а" деп ыргып тура калды. Болду окшойт деп турган Кемел тигинин ачуу үнүн укканда өзүн кармай албай калды. Кайрат кылганы менен коргонууга жарабай калган неменин чыкыйына оң муштуму ошол эле маалда бооруна сол муштуму кадала түштү. Тигил ыргып барып башы карга сайыла түштү да оозунан кан атып кетти. Кемел дагы турабы деп күтүп калды эле тигил тараптан чыккан бирөө тамырын кармап көрүп колун кайчылаштыра "Жан таслим" болуптур деген белги берди. Тегеректегендер Кемелди үрпөйө карап калышты. Адамды муштап өлтүрүп койгонду көрүшө электер бар эле. "Дьявол" деди бирөө күбүрөй. Кемел ошентип ошол жерден "Дьявол" деген кличкага ээ болду. Күтүүсүздөн эле Пахан чечинип кирди.
- "Дьявол" иш тескери айланып калды экөөбүз да күч сынашпасак болбойт". Ар бирибиздин ордубузду так ажыратып алалы. Болбосо сенин даңкың менин кадыр-баркымды да басып салат деди да, ортого чыга келип, кандайдыр бир бийди бийлеп кирди. Карда жылаңайлакчан болуп бут кийимин чечип койду. (Анда чыгыш күрөшүнүн түрлөрү болгон, ушу, каратэ өңдүүлөр союздун аймагында тыюу салынып элдин бул ыкмалар жөнүндө түшүнүгү жок болчу). Кемел чыгыш күрөшү тууралуу "атайын бөлүмдө" кызмат өтөп жүргөндө бир топ уккан. Өзү да жашыруун тренери менен машыгып калчу. Чыгыш күрөшүнүн чеберлерине өздөрүндөй гана чеберлер туруштук бербесе өтө коркунучтуу болоорун далай эшиткен. Чыгыш күрөшүнүн бийин бийлеп жатканын шак түшүндү да илбирстей ийилип сак болуп калды.
Экөөнүн кармашы көпкө созулду. Муштумдар да буттар да мерчемдүү жерге даана тийбей аба жарып ышкырып өтүп жатты. Кемел чарчай баштады. Кантсе да үч айдан берки көк шорпо алын соруп койгон эле. Тигинин бою 1.80че келип Кемелден бир топ пасыраактай көрүнөт. Жашы кыркка таяп калса да жап-жаш жигиттей чапчаң. Кар үстүндө мышыктай секирип, жыландай туйлап жүрөт.
Оңтой келгенде Кемелдин муштуму чыкыйга шак дей түшкөндө эки метрче учуп кетти да кайра түйүлө секирип тура калды. "Кантсе да кеңгирей түштүң болуш керек" деп тынчтана түшкөн Кемелдин кежигеси не тигинин согончогу шак дей түштү. Эсине толук келгиче экинчи согончогу чыкыйына тийгенде бети менен кар сугуна кулады. Ордунан тамтаңдап турганы менен эсине толук келалбай жер айланкөчөк атып жүрөгү айланып кускусу келип чыкты.
Каражылан түз тура албай темтеңдеген Кемелди кичинеге тиктеп турду да шыпылдай басып келип "Дарман кандай!" - деп көкүрөгүнөн алаканы менен түртүп койду эле Кемел көчүгү менен шалак деп карга отуруп калды. Каражылан Игорду чакырды да Кемелди кайра алпарып жайгаштырышты, жанына беш жигит алып күнү-түнү жанынан чыкпай кайтарышты. Кыскача түшүндүрүп тапшырды да Кемелди колунан тарта кайра өзү тургузуп туруп "Менин биринчи ишенген жигитим болушуң менен куттуктайм. Өз ордуңду нак эмгегиң менен татыктуу жеңип алдың. Селсаяктар уктуңарбы. Дьяволду эсиңерден чыгарбагыла. Баарына кулактар кылып койгула!" - деди да басып кетти.
Игорь Кемелди кучактай "Жеңиш биз жакта. Эми адамча жашайбыз. Түрмө азабын тартпайбыз" деп шыбырай сүйлөдү.
Кемелди Игорь баш болгон жигиттер мындан ары жашай турган жайына алпарды. Төркү бөлмөдө Пахан өзү жалгыз жатат экен андан кийинки бөлмөдө Кемел менен Игорь жайгашты. Атайын тамак иче турган, эс алып отура турган бөлмөлөрү өзүнчө лагердегидей нар эмес диван кроваттар коюлган. Диван креслолор коюлган. Таптаза акталган жайды көргөндө Кемел түрмөдөн чыгып үйгө келгендей боло түштү.
Бир жумача Пахан Кемелди эс ал өзүңө кел деп эч ишине аралаштырган жок. Эртеси эле түрмөнүн склад башчысы келип Кемел менен Игордун размерлерин алып кетти да эки сыйра жапжаңы кийим өтүгүнөн бери апкелип берип, эскисин алып кетти. Тамакка жалпы түрмөчүлөр ичкен ашканага барышпайт экен. Турган үйлөрүнүн бир бөлмөсүндө даярдап берет. Эми тамактын түрүн айтпа. Эмне кааласаң турат. Эркиндикте жүрүп да Кемел мындай түрлөп тамактанчу эмес.
х х х
Арадан эки жумача өткөндөн кийин Пахан Кемел менен жай отуруп сыр бөлүштү. "Эки айдан кийин Сибирге которулабыз. Эчак которулуш керек эле мен үч айга ушул жерде болууну сурангам. Ал жактагы зоналар бири-бири менен бекем байланышта. Ар бир зонанын өз Паханы болгону менен жалпы баары биригип келип баш ийген бирөө бар.
Ал жеке эле бүткүл Сибирдеги түрмөлөрдү эмес кылмышкерлер дүйнөсүн да башкарат. Биз бул жактан этап болуп барганда мына ошол адам менен беттешебиз. Анын ордун алыш үчүн мен түрмөгө түштүм. Ортодо сен чыга калып ишти татаалдаштырып жибердиң. Мен өзүмдүн жанымда дайыма жүрө турган жана мен үчүн өмүрүн кыйууга даяр жигиттерди топтодум эле. Эми минтип бузулуп отурат. Сен эми мени менен ысык-суукта дайым чогуу болгон, эч убакта сатып кетпей турган ишенимдүү жигитим боло аласыңбы маселе ушунда турат" деп ойлонуп отуруп калды. Кемел кичинеге үнсүз турду да "Мен сизге азыр мен сизди өмүр бою сатпайм, ишенимдүү адамың болом" деген күнүмдө да Сиз ишене койбойсуз. Ал түгүл өз сөзүмө өзүм да ишене албайм. Анткени мен сиз жөнүндө эч нерсе билбейм. Сиз мен жөнүндө толук билбейсиз. Таанышканыбызга эки жумадан аша элек. Бир гана ишенимдүү айтарым тигил зонага которулуп барганыбызда мен сиз тарапта болом жана сатып кетпейм, бул менин эркектик сөзүм. Калганын турмуш көрсөтөт" - деди.
Пахан экөө тиктеше түштү. "Рахмат. Чындыкты айттың. Менин бир билгеним буйтактатпай чындыкты бетке айта алгандар сатып кетпейт" - деп Кемелди далыга таптай ыраазычылыгын билдирди.
Ошол күндөн баштап тандалган отуз жигит күн сайын 4-5 сааттан машыга башташты. Машыгууну Пахан өзү өткөрчү болду. Кемел менен элден бөлөк өзүнчө да 2-3 сааттан машыгат. Кемелге чыгыш күрөшүнүн ыктарын үйрөтөт. Кемелдин өзгөчө бөлүктө кызмат өтөп жүргөндөгү үйрөнгөн ыктарына шамдагайлыгына, тубаса кара күчүнө ыраазы болуп жүрдү. Эки ай бүтүп этап болордун акыркы күнү машыгуудан кийин Кемелдин далысынан таптай "Сени мага кудай жиберген окшойт балким тигини өзүң эле сулатып бүт ишти чечип коерсуң" - деди жылмая. Бара көрөлү деди Кемел тартынбай. Эки айдын ичинде эле мыкты тамактануулардан жана тынымсыз машыгуудан жаш организми баягы чемпионаттарга катышып жүргөндөгүдөй формасына келип өзүн толук кайраттуу сезип калган эле.
- Күрөш оңойго турбайт. Сөзсүз кан төгүлөт болуш керек. Мени менен беттешээрин билип ал да үч айдан бери тынымсыз даярданып жатат. Анын биринчи телохранители алтымыштарга чыгып калган калмак чал "Чагылган" деген атына жараша чыныгы кан ичээр. Чыгыш күрөштөрүнүн жеткен чебери. Ошол чалды жеңсек калганы жеңилге турчудай.
- Алтымыштагы чалды кантип жеңбейли.
- Эч убакта антпе, чыгыш күрөшүндө жетимиштеги чалдар жыйырма бештеги менменсинген жигиттердин жилигин үзүп койгон учурлары өтө көп. Эмитен эскертейин ал чал менен сен беттешесиң. Өзгөчө аяр болбосоң сенин жаштыгыңды, аңкоолугуңду пайдаланып, өлөсөлү чал болумуш болуп туруп сенин жүрөгүңдү үзө урушу толук мүмкүн. Бир эле мисал: өткөндө экөөбүз мушташып жатканда мен атайлап сенин муштумуңду чыкыйыма кое бердим. Чындыгында муштум чала тийди. Эсим оой түшкөн кейипте сендиректемиш болуп калсам сен түйүлгөн боюңду жайып жибердиң да менин соккуларымдан коргоно албай калдың. Чыгыш күрөшүндө мындай куулук өтө көп. "Ушул чалды деп теңсинбеген мамиле жасасаң эле жеңилдим деп эсептей бер" деген өңдүү көптөгөн насааттарын айтты.
х х х
Кудай пендесине чексиз акыл-эс берип жаратып жатканда эртеңкисин, келечегин болжоп билбесе, так билгизбей биринен кем кылып койгону менен адамдын жашоого болгон кызыкчылыгын арттырган тура. Болбосо эртең, бир жылдан кийин, он жылдан кийин эмне болоорубузду так билип, өз тагдырыбызды өзүбүз көрө билгенде жашоонун кызыкчылыгы болмок эмес экен. Тагдырыбызга эмне жазылганын билбей астыга максат коюп, ага жетем деп жулунганыбыз менен биздин күнүмдүк жашообуз кызык экен го. Кудай пендесинин жүрөгүнө улуу үмүттүн отун салып аны жакшылык менен байланыштырып койгондуктан башына кандай гана кыйынчылыктар түшпөсүн, жана ооруп кандай гана кыйналбасын тириликке умтулат тура. Мына ушул улуу үмүт отунун жакшылык менен байланышы үзүлүп өчкөндө жан денеден оңой чыгып кетет окшобойбу. Ошондон улам элде "үмүтүңдү үзбө" деген кеп айтылат экен да. Муну Кемел түрмөнүн даамын татып жүрүп көп ойлонду. Кече эле эркиндикте жүргөндө өзүнүн келечегин миңдеген көрүүчүлөр толгон залдарда булгары мээлейчен даңкка бөлөнүп жүргөнүн элестетчү. Машыктыруучусу да делебесин козгоп "Сенден дүйнөнү дүңгүрөткөн боксер чыгат. Сенин келечегиң укмуш" деп калчу. Кана эми ошонун бири жок бытчыт болуп кетти.
Үмүт болсо дагы деле алдыга сүйрөп астыдагы түпсүз караңгылыктан жарык изде дейт. Аракет кылып жанталашсаң бир жолун табасың дейт. Эх дүйнө ай табышмагың түгөнбөс.
х х х
Катачылык кетирсе өзүн-өзү кечире албай бир топко кыжалат болмой адаты бар Азият Протезге алданганы үчүн жанын коерго жер таппай күчүн жигиттеринен чыгарып кууруп-ууруп айлап тинтип издетсе да эч жигин таппады. Ошондо да тымызын издеттирүүнү токтоттурган жок. Протез тирүү турган кезинде Азияттын өзү менен соодалашкандай эгер ылайыктуу адам чыгып калса "Бриллиант жыланды" Азияттын үстүнөн соодалап жиберишин толук күтүүгө болот.
Азияттын билишинче "Бриллиант жыландын" сары изине түшүп издегендердин бири жыландын сыры жазылып эки бөлүнгөн китептин ээлери. Демек астыда эки максат. Бири жыландын сыры жазылган эки китепти тең табыш, экинчиси Протезди колдон келишинче эртерээк таап көзүн тазалаш. "Бриллиант жыланды" көрөрү менен өмүрү жыланга байланганын туйду. Жылан колунда турса жашайт. Эгер колдон чыкса өмүрдөн да, байлыктан да, баарынан айрылат. "Бриллиант жылан" Азиятка чейин да нечен менменсинип чиренгендердин бүт байлыгын, өмүрүн, укум тукуму менен оп тартып тыптыйпыл соруп кете берген. Азияттын буга акылы жетип турду.
х х х
Азият кытайда иштеп жүргөн жылдарындагы "Бриллиант жылан" жөнүндөгү уккандарынын баарын майда-мүчдөсүнөн бери эстөөгө аракеттене баштады. Жылан ошондо эле Казакстанда же Өзбекстанда экенин уккан. Ал эми китептер жөнүндө жарытылуу эч нерсе укпаптыр. Анда терең маани берип кызыккан да эмес. Кытайда легендалар көп айтылат. Ошолордун бири катары гана кабыл алып койгон. Эми эски байланыштарына чыгып тымызын иликтетүүнү кайрадан башташы керек. Ал үчүн ишенимдүү жигиттеринин бирин Кытайга жибергени оң болгон турат. Сейфтен калың папканы алып чыкты да өзү гана түшүнө турган кличкалар жана шрифтер менен толтурулган жигиттеринин "жеке өмүрүнүн баракчаларын" шашпай окуй баштады.
х х х
Тагдырдын тамашасын кара Азияттын жигит Хэ-Чан аттуу кытай бардык жагынан кынтыксыз дайындалган документи менен Кытайга өткөндө Хун-Ли аттуу кытай гражданинин Кыргызстанга өттү. Экөөнүн тең издегени бир гана нерсе. Жыландын сыры катылган китеп.
х х х
Хун-Ли атымыштан өтүп калганы менен баскан турганы жаш жигиттердей тың шыпылдаган, орто бойлуу чымыр денелүү кытай. Алтындын буусуна карматылган алкактуу тегерек көз айнек тагынып алган. Чыныгы жашын билгендер Лиге элүүнү араң бергидей. Кырк жылдан ашык өмүрүн жалаң Бриллиант жылан менен анын сыры жазылган китепти издөөгө жумшады. Жанына тынчтык бербеген бул түйшүккө түшүнүүнүн себеби китептин экинчи бөлүгү Лиде. Билишинче жетинчи атасынан бери колдон колго өтүп келатат. Китеп бир нече жолу бириге турган болуп, бирок адамдагы эң кымбат нерсени бири-бирине ыраа көрбөө кызганычынан экиге бөлүнүп ортодо кан төгүлгөн салгылашуулар жүргөн. Кийинки жүз жылда таптакыр дайны чыкпай кеткен китептин бөлүгүн издөөдө, сары изине чөп салып тынымсыз аракеттенип жүрүп Ли акыры анын Кадыр аттуу кыргыздын колунда экенин, Кадыр болсо эртедир-кечтир китепти издөөчүлөр аны табышаарын билип жашы картайганда Кыргызстанга өтө качканын так билгендиктен Кыргызстанга келип отурат. Ли үчүн Кыргызстанга келүү анчалык деле оорго турган жок. Кытайдын жеке ишканалары чыгарган майда товарларды соодалаган бизнесмендерге кошулду да катардагы коммерсант болуп келе берди. Кыргызстанга келери менен айылдардан жүн, тери чогулткандарга кошулуп кыдырып кетти. Ли кыргыздар уруу-урууга бөлүнөөрүн, уруулар өз-өзүнчө аймактарды ээлеп чогуу жашаарын, бири-бири менен байланышта болушаарын окуп үйрөнгөн. Жыл айланбай Кадыр чал жашаган айылда да тапты. Тилекке каршы Кадыр чалдын өлгөнүнө беш жылдын жүзү болуп кеткен экен. Кадыр чал турган мурдагы үй азыр май чыгаруучу чакан завод болуп калыптыр. Ли айылдан кетпей көпкө байырлады. Өзүн Кадыр чалдын Кытайда жүргөндөгү жакын досу элем деп койду. Канчалык астыртан сурамжыласа да китеп жөнүндө эч нерсе уга албады. Кадыр акыркы жылдары Мыкы деген жетим баланы өзүнө үйүр кылып көп жардам берип жүргөнүн уккандан кийин иштин жайын түшүндү. Кылымдардан бери өчпөй келаткан сырды Кадыр өзү менен ала кетиши мүмкүн эмес. Демек китеп Мыкынын колунда. Мына жетем мына жетем деген сайын жаны жай таппаган Ли Мыкыны Бишкектен табам го деген тилеги таш капты. Кумга сиңген суудай дайынсыз. Кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүн ондогон жылдар бою окуп үйрөнгөн Ли Мыкынын айылдаштары, классташ теңтуштары, акыры жок дегенде бир тууган карындашы аркылуу болсо да табам деп ойлогон. Акыркы үч жылдын ичинде Мыкы тууралуу эч кимиси эч нерсе билбейт экен. Бир тууган карындашы болсо буркурап ыйлап тирүүлөй айрылдым, милицияга издөө салдырсам да дайынсыз дейт. Эч арамдык ойлобогон, эмнени болсо ачык айткан кыргыз улутунун өкүлдөрү таза чындыкты айтып жатышканын Ли туюп турду. Кадыр чал бекер чал болбогонун, Мыкыга көп нерсе үйрөткөнүн, китептин баасы өмүрүнө тете экенин Мыкы жакшы билерин Ли түшүндү. Жүрөгү сыздап ооруп жумалап өзүнө келе албай жүрдү. Лини ооруткан бир гана нерсе Мыкынын жаштыгы, өзүнүн болсо жетимишке жашы таяп картайып бараткандыгы болчу. Мыкыны издөөнүн кереги жок экенине да түшүндү. Тескерисинче эми Мыкы Лини өзү издеп келмек. Шашылыш кайра Кытайга барып Мыкыны тосуп алуу үчүн даярдануу керек. Күнбү-түнбү пайда болушун күтүү керек. Балким Мыкы мунун сыртынан аңдып таптакыр алсырап картайышын күтүшү да мүмкүн. Ушул кезге чейин өзүндөгү китепти кимге калтырарын, мураскорун таба элек. Өзүнүн уулдарынын ичинен татыктуусу жок. Күнүмдүк жеңил акчанын артынан кубалап кетишти. Эмне кылар айласын таппай келатты. Жалгыз ишенери кызы. Кызына калтырайын десе мурас боюнча кызы үй-бүлөөлүк кызыкчылыктан мурастын кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Аял кишинин бактысы үй-бүлөөдө. Эне болушта. Кызынын бүт өмүрүн түйшүккө салып бактысын бузабы. Эгер эркек болгондо иш башка эле. Татыксыз уулдарына калтырса көзү өтсө ким биринчи акчанын же алтындын четин кылтыйтса ойлонбой туруп сатып жиберишет. Эгер өмүрлөрүнө коркунуч келсе "Китебиди ал. Жанымды калтыр" дешет да кармата беришет. Эң башыкысы ооздору ачык. Көрүнгөн жерде келжирей беришип өздөрүн-өздөрү салып беришет. Кытайга кайтып бараткан жолдо Ли так ушундай татаал суроолорго баш катырып баратты.
х х х
Экиге бөлүнгөн китептин ээлери Бриллиант жыланды эмес бири-бирин издегенинде сыр бар эле. Эки китептин тең биринчи барагында "Экиге бөлүнгөн ушул китепти бириктирген адам бүткүл адам затындагы, жер алкагындагы, улуу сырдын гана эмес биздин ыйык күндүн нуру астында ааламды байланыштырган укмуштуу сырынын ээси болот. Ааламдын биз жер деп атап жүргөн бир жылдызынан бүткүл жаратылышына өзгөртүү киргизет. Ал адамдын жана анын укум тукумунун аты 18 миң ааламга белгилүү болот. Китеп бириккен күндөн баштап буга чейинки эч бир илим-билимге белгисиз, адам баласынын акылы жете элек жети сыр ачылат. Китеп бириккен күндөн баштап өзүндөгү сырдын ачылышы менен калган II сырды ачуучу ачкыч катылган бриллиант жыланды өзүнө кудуреттүү күчү менен тарта баштайт. Үч жыл аралыгында бриллиант жылан китептин ээсинин колуна келет. Андан эч ким тартып алалбайт, эч ким тоскоолдук да кыла албайт. Калганын өзүң окуп күбөө болосуң", - деп жазылган. Балким бул кытай тилинде мындан да окумдуу, мындан да сырдуу туюлар. Кыскасы китептин ээлеринин бриллиант жыландан мурда бирин-бири издеп жүрүшүнүн түйүнү ушунда болсо керек.
х х х
Белгиленген күн келип Кемелдер Сибирге этап болушту. Пахан баш болгон алтымыштан ашык жигит кадимки эле жүргүнчүлөр түшүүчү вагон менен барышты. Кайрадан "Столыпинге" түшөбүз го", - деп жүргөн Кемел Пахандын кадыр-баркына мына ошондо баа берди. Барышкандан кийин эки жумадан ашык орун талашкан эки Пахандар жалаң гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты. Экиден гана телохранителдери менен келишет да терезелери жок бир гана эшиги бар эки орунтук бир столдон башка эч нерсе коюлбаган дубалдарына да эч нерсе илинбеген атайын даярдалган бөлмөдө эч кимди катыштырбай көзмө-көз сүйлөшүшөт. Эч кандай кагаз-калем да жок жалаң сөз гана. Экөө тең тамеки чекпейт, нашаа тартышпайт. Үч-төрт саат бою эмне сүйлөшүшөт сыртта турган төртөөнө ичинен да сыртына да калың каптама урулган эшиктен эч нерсе угулбайт. Отураар орунтук да жок тикеден тик турган төртөө ооздогу бөлмөдө канча болсо да күтүшөт. Күткөндө да ар бир секунданын өтмөгү тозок болуп бири-биринен көздөрүн алышпай аңдышып, кулактарын ич тараптан албай тыңшап, кандай кабар угулуп калат деп күтүшөт. Бири-бири менен да сүйлөшүшпөйт. Сөзгө алаксыса ичтен чыккан буйрукту укпай калуулары мүмкүн. Бул өмүрдөн айрылганга тете. Ар бири жакшы билет ажал кылычын жалаңдатып "Кимиң колума илинер экенсиң" деп айланып кетпей жүргөнүн. Тамашалашчу чак эмес.
Кемел мурда уккандай тигил Пахандын биринчи телохранители калмак экен. Алтымыштарга чыгып калган деп айтууга мүмкүн эмес. Шыңга бойлуу какчыйган адам экен. Чачын жалтырата кырдырып койгон. Чекесиндеги кабат-кабат бырыш гана жашы өтүп калганын билгизбесе сурмалуу көздөрүнүн тереңинде кареги илбирстикиндей жылтылдайт, ичке кара муруту ээгине жете салаңдап турат. Денесинде бир да ашык эт жок сөөктөн жана тарамыштан тургандай. Басканы жепжеңил буту жерге тийбей эле каалгып бараткансыйт. Бою 1,75тин тегерегинде болгону менен салмагы көп болсо 70 килограммча болсо керек. Колдорунун сөөктөрү шадылуу келип муундарынын сырты чор болуп чокмороктошуп турганы бетон дубалды же ташты жалаң муштуму менен муштагылап машыгарын айгенелеп тургансыйт. Мистейген дайыма бир калыпта өзгөрүүсүз турган өңү сүрүнө сүр кошот.
"Ак аюу" аталган тигил Пахандын өмүр бою жандап жүргөн жигити болуп келатыптыр. Түрмөгө да дайым чогуу түшүп чогуу чыгышат экен. "Ак аюу" кличкасына жараша күрсүйгөн адам экен. Бою эки метрче бар. Далылары көмкөргөн эки казандай, ар бир колу өзүнчө эле күрөк. Моюну буканыкындай болуп билинбейт. Болгону жашы өтүп калыптыр. Алтымыштан ашканы билинип, эти оор тартып семирип кеткен. Салмагы 130-150 килону жөн эле басчудай. ошондой да кыймылдаганы тың.
Көздөрүн жүлжүйтүп тиктеген адаты бар экен. Биринчи жолукканда Кемел менен "Каражыланды" алмак-салмак тиктеп турду да акырын күрсүнүп койду. "Аттиң, жаш кезим болгондо экөөңдү тең өзүм эле жайламак экенмин" деп арман кылды көрүнөт.
Акыры эки Пахан бир чечимге келишти. Ишти тынчтык менен бүтүрүүгө болбой каллды. "Чагылган" аталган калмак телохранители менен Кемел мушташа турган болду. Мушташ бир жагы жеңилдим деп багынмайын, же өлмөйүн улантылат. Эгер кимиси жеңсе Пахан жеңген телохранитель менен мушташууну же жеңген тараптын талаптарына көнүүнү өзү чечет. Телохранителдердин экөө тең иштен чыкса Пахандар чыгат же өз ара келишимге келишет. Көпчүлүктү аралаштырып ашыкча кан төгүүнү эки тарап тең каалабады.
Эрөөл үч күндөн кийин атайын даярдалган жайда өтө турган болду. Куралдан экиден бычак гана алууга шартташышты. Беттешүү учурунда эрөөлчүлөргө эки тараптан тең эч ким болушпайт. Кошумча курал бергенге же өзү менен ала чыкканга да болбойт. Аталган шарттарды бузган тарап катуу жаза алат. Кыскасы жеңилгенге тете. Пахандар жетиден гана жигит ээрчитип барышмай болушту.
"Каражылан" Кемелди кайрадан дайындай баштады. Дайыма өзү менен ала жүргөн догдурун чакырып Кемел мурда өмүрүндө укпаган да билбеген иш жасатты. Жука үлбүрөгөн түзсүз пластинканы Кемелдин көзүнүн ички айланасын ченеп чыгышып тууралап салышты. Кемел көзүн ачып жуумп көрүп кичине-кичине кирпиктери кычыштыргансыганды сезбесе эч нерсе сезген жок. "Эмнеге" деген суроосуна "Чагылган" өзү менен бел куруна катып түзсүз дары ала чыгат дейт. Эгер жеңилип баратса ошол дарыны каршылашынын көзүнө чачып жиберет экен тигинин көзү көрбөй калганда оп оңой гана өлтүрүп кете берет - дейт. Дары өтө түзсүз жана чаң сыяктуу майда болгондуктан алысырактан карап тургандарга көрүнбөйт дагы экен. Мына ошондуктан астына ала дайындандым эле. Пластинка сенин карегиңе дары өткөзбөй сактайт. Калганын өзүң да аарчып алууга үлгүрөсүң. Эң башкысы эгер дары чачса көзүң көрбөй калгансып кууланып кал да жакын келгенде мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Үч күнгө чейин көзүң пластинкага кадимкидей көнүп калат - деди.
Куулукту-арамчылыкты жининдей көргөн Кемел турмуш-жашоо жалаң карандай чындыктан турбасын түрмөгө түшкөндөн бери түшүнө баштаган. "Каражыландын" айтканыны үнсүз макул болду.
Убакыт келип беттешүүгө чыгарына үч саатча калганда догдур дагы келип көзүндөгү пластинканы дагы бир сыйра кылдат текшерди. Кемел чын эле көзүндө эч нерсе жоктой болуп көнүп калган эле. Анан канына "Каражыландын" көзөмөлдөсү менен бир дары куйду. Мындай дары күчүнө эки эсе күч кошуп, чарчатып-чаалыктырбасын уккан.
Беттешүү түбүн бетондоп туруп сырдап койгондон башка эч нерсе жок спорт залда өтө турган болду. Көрүүчүлөр экинчи кабаттагы балкондо турушмакчы. Экөө ичкери кирери менен эшик бекитилет да эки тараптан экиден төрт жигит кайтарып турат. Пахандар эки карама-каршы балкондо жетиден жигиттери менен отурат. Түрмөлөрдүн начальниктери баш болгон отузга чукул адам өзүнчө балкондо. Беттешүү жөнүндө эчак угулгандыктан өтө жогорку даражадагы аскер кызматындагы кызыктар көрүүчүлөр да .
Белине чейин чечинип жазы кайыш курга узундугу билектей болгон бычактарды байлап жатканда Кемелдин каны дүргүп жүрөк опкоолжусу жок болуп кыжырлануусу күчөп тезирээк беттешүүнү самай баштаганын туйду. Кейпи дары боюна тарап өз таасирин бере баштады көрүнөт.
Каражылан Кемелди машыктырып жүргөнүндө көп айтчу: "Чагылган" канткен менен да картайып калды. Эң башкысы коргоно бил. Алгачкы соккуларына туш болбой буйта. Чарчатып алын кетир. Ал беш кышты катарынан коюп туруп бир уруп сындырган желмогуз. Таамай соккусу тийсе башың бычырап кетет. Эң башкысы өзүңдү-өзүң алдап мен кыйыныраак көрүнөм деген жаман делөөрүгө алдырба. Душманыңдын жаны үзүлмөйүн же колун көтөрүүгө дарманы келбей жеңилдим демейин ар кыймылына сак бол, - деп какшачу.
Бүгүн да адатынча беттешүүгө чыгарып жатып болгон акылын үйрөтүп жатты: "Чагылган" беттешкен адамдарынын колдорун каруусунан, буттарын томугунан сындыра уруп кыймылсыз кылып туруп, эки көзүнө манжаларын батыра уруп оюп алып же кежигеги коюп, оозу ачыла түшкөндө колун оозуна тыгып туруп тилин бурап жулуп алып өлтүрмөй адаты бар. Сенин көзүңө дары чачканда көзүң көрбөгөн кишиче сендиректей түш да оңтоюн келтирип туруп бычакты жүрөгүнө ур. Муштумуңа ишенбе. Муштумуңдун соккусу буканы өлтүрө урганга жараган күндө да "Чагылган" эч жапа чекпей топчо ыргып кетип гана кутулушу мүмкүн, ушуну эсиңен чыгарба - деди.
Белдерине чейин жылаңач, курларына экиден бычак байланышып, жука трико кийген экөө ортого чыгышты. Алгач тооруша бири-бирине үч метрчелик алыстыкта айланып чыгышты. Чагылгандын бүткөн бою бүт тарамыш экен. Бийчилерче бутунун учу менен басып жүрдү. Чабуулду "Чагылган" баштады. Кии-иаа! - деген ачуу үн менен үч метрче алыстыктан бүргөдөй секирген тигинин буттары шуу деп Кемелдин башынан өттү. Эңкейгенге араң үлгүрдү. Жерге буту тиелекте экинчи-үчүнүчү соккулар башталды.Колдору кылычтай зып-зып десе, буттары көзгө илешпейт. Кемел апкарый түшүп барып өзүнө келди. "Каражыландын" айткандары чындык экенин, өтө сак болбосо өмүрү кылдын учунда турганын туйду. Кармаш күчөгөн сайын денеси пружинадай түйүлө баштады. Коргоно бербестен сокку да урганга өттү.
Муштумдар аба жарып өткөн сайын "Чагылган" да оңой-олтоң адам менен беттешпегенин түшүнө баштады. Кармаш эки саатка жакын созулса да эч кимиси белдериндеги бычактарды кынынан суурушпады. Муштумдар, же буттар чала тийип сүрүп кеткен денелер канталап экөө тең нымшып тердеп чыгышты. "Чагылган" секирип тепкенде жата калган Кемел чатка муштайм деп тигил буйтай бергенде оң буттун томугунун ички бетине катуу сокту. Чагылган эки-үч ала салып барып тура калып оң буту менен жакшы таканчыктай албай жатканын билгизбөөгө аракеттенгени менен адатынча кайра удаа-удаа чабуулга өтө алган жок. Кемел муштумунун сөөкөтөрү зыркырай түшкөнүнөн улам тигинин томугу оңбой калганын түшүндү. "Чагылгандын" ордунда башка неме болгондо бутун тарта албай жыгылып калмак.
Кемел "Чагылгандын" курунун ички бетинен бир нерсени оң уучуна алганын байкап калды. Чагылган кайра чабуулга өттү. Оң колу көздөрүнүн түбүнөн шуу өткөндө бетине түзсүз чаң чачылганын Кемел даана сезди. Көздөрү кадимкидей көрүп турса да бир нерсени түшүнбөй калган кишиче эки жагын карап көздөрүн ушалап туруп калды. Белиндеги курга байланган эки бычакты тең кынынан сууруп алды да жан далбастай түшкөнсүп асты жагын карай максатсыз аба жара шилтегилеп жиберди. Анан дабыш тыңшагансып делдейип буттарын талтайта кыймылсыз туруп калды.
Эмне болуп кеткенине түшүнө бербеген "Каражылан" тарапта отургандар дуу деп дүргүй түшүп кайра "Каражылан" колун көтөрө "Шартташкан тартипти сактайлы" деген талабынан кийин демдерин ичине ала отуруп калышты. "Ак аюу" тараптагылар "Чагылган" оң бутунун томугун кокустатып алганда коопсуна түшүштү эле эми Кемелдин абалын көрүп "Дьявол" ишиң бүткөн экен" дешип кымылдап калышты. Ал түгүл "Ак аюу" чекесинен чыккан терди алаканы менен шыпыра аарчып күрсүнө жылмая эки жагындагыларды карап койду. Кемелдин артист болуп жатканын эч кимиси сезген жок.
Бутунун учу менен дабыш чыгарбай баскан "Чагылган" Кемелдин арт жагына чыкты. Нечен жолу өзүн өлүмдөн алып калып далайдын жанын алууга жардам берген ыкмасы бул жолу да так иштедиби, жокпу аярлай Кемелдин кыймылын баамдай кичинеге туруп калды. Беттешкен адамдарынын көзүн чукуп, тилин сууруп өлтүргөнүнүн сыры шартта жок ыкма колдонгону эч кимге билинбесин дегени эле. Оң бутунун томугун оңдурбай муштаган "Дьяволго" жини кашайып калгандыктан, экинчиден көзгө чачкан дарыдан бир да жолу жаңылбагандыктан Кемелдин кууланганын байкабай калды. Анын үстүнө көздүн карегине пластинка салуу анда чет элде урунула баштаганы менен СССРде аты да угула элек болчу. Алгач оң колун мүрүсүнөн сындыра уруп, анан сол бутун тизеден сындырып туруп жанын алайын деп чечти да артынан мерчемдүү жерге жакындап келип түйүлө секирди.
Кыйгач далысын салганы менен көз кыйыгында ар бир кыймылын жаземдебей байкап турган Кемел шарт буйтай берип коргонууга камы жок аба жара секирип келаткан "Чагылгандын" кекиртегин туштап канжарды ылдам шилтеди. "Чагылган" абада каалгый түшүп жерге күп түштү. Кекиртегине унгусуна чейин батып, кежигесинен карышча чыгып калган канжардын сабын кош колдоп мыжыга сууруп алууга аракеттенип бир бут серпти да денеси какыйып түптүз боло чиренген абалында көздөрүн чекчейтип жатып калды. Кемелдин "Чагылган" тарапты карагысы келген жок. "Чагылган" эмес нак шайтандын өзү болсо да ичээр суусу бүткөнүн билгендиктен өзүнүн паханы "Каражыландар" отурган тарапка төрт-беш кадам аттай "Биз жеңдик" деген белги берип эки колун көтөрдү.
"Ак аюу" тараптагылар эмне болуп кеткенине түшүнбөй орундарынан дуу тура калышты.
"Каражылан" ордунан атып туруп;
- "Ак аюу" шартты туура сактоону унутпайлы. Тартип бузган тарапты аео жок, - деди үнүн катуу чыгара залды жаңыртып.
Аңгыча эшик шарт ачылып автоматчан он солдат кирип келди. Түрмөнүн начальниги өзү отурган балкондон туруп;
- Биз силердин ички тартибиңерге кийлигишпей шартыңарды аткардык. Эгер өзүңөр ич ара макулдашкан шартыңарды бузсаңар шартты бузган тарапты жазалоого биз жардам беребиз. Болбосо өзүңөр билесиңер жалпы лагерде тартип болбойт. Ошондуктан ушул жерден мындан аркы чечимиңерди кабыл алгыла. Ага чейин солдаттар кетпейт, - деди өкүм сүйлөй. Сырттан келгендер "кызыктуусу бүттү" дешкенсип чыгып кетишти. Түрмөнүн начальниги "Жыйынтыгыңарды мага билгизесиңер анан силерди эшке чыгарууга уруксат берем", - деди да өзү да кетти.
"Ак аюу" менен "Каражылан" түрмөнүн начальниктери отурган балкондо сүйлөшүүгө отурушту. Бул жолу "Каражылан" маселени кабыргасынан койду:
- "Дьявол" менен же мени менен беттешүүгө чык. Эгер бирибиз менен беттешүүгө чыга турган болсоң экөөбүз билген жашыруун сыр жазылган пакетти жакын деген жигитиңе калтыр, ошондо сенин артындагы уулуңа, кызыңа жана алардын балдар-кыздарына зыяның тийбейт. Беттешүүгө чыксаң сени сөзсүз соо коет деп эч ким кепил боло албайт. Болбосо менин шартыма көн. Мен жаныңды аман калтырууга убада берем - деди.
"Ак аюу" эмнеси болсо да экинчи сунушка макул болууну туура көрдү. Эрөөлгө чыкканы түз өлүм экенин көрүп турду. "Каражыланбы", "Дьяволбу" кимиси болсо да он минутага жеткирбей жайлашчудай. Ишенгени "Чагылган" эле - ал тигинтип өлдү. Демек кезеги келген экен ордун бериши керек. Жанынын аман калаарына деле ишенген жок. Болгону артындагы тукумуна баласы менен кызына, алардын тукумдарына зыяным тийбесе экен деди.
"Каражыланды" жекире тиктеди да;
- Мен экинчи сунушуңа макулмун. Бир суроом бар "Бриллиант жылан" менде экенин билген жандын баарын жайладым, деп ойлодум эле. Кандайча сага угулуп калды. Ушуну айтып берчи? Жан адам билбейт. Эгер сырын ача албасам өз башым менен кете берсин деп ойлочу элем.
- Анда эч кандай деле татаал сыр жок. Сенин жигитиң "Чагылган" Кытайда канча жыл жүрдү жыландын сыры жазылган китепти издеп. Экөөбүз Хун аттуу кытай чалдын колунда чогуу чыгыш күрөшүнө үч жылга жакын машыктык. Сөздүн маңызына түшүнгөн кишиге түшүнүктүү го дейм.
- Жыланды жанга билгизбей ката алам деген мен да акмакмын, -деди. "Ак аюу" өз чекесин өзү муштай. Жаңжал ушу менен бүтүп Пахандыкты "Ак аюу" өз эрки менен бергенин жарыя кылды.
х х х