саадатбек мырзакул кара чумбот 1- китеп




Кара чүмбөт

(Детектив-роман. Биринчи китеп.)


Бул чыгармамды жыйырма алты жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан иним Нурлан Мырзакуловдун жаркын элесине арнайм.


БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Кандуу ордонун сыры жана кара чүмбөт баяны

Кандуу Ордо. Бул Союз мезгили али күчүндө турган, он беш республика бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, азыркы кездегидей башаламан кризис, базар экономикасы баштала элек кезде эле пайда болгон. Ордо Алматы шаарынан анча алыс эмес түндүк тарабындагы "Япон тайпакчасы" деген ото деле бийик, өтө жапыс да эмес арчалуу тоолордун арасында жайгашкан. Аларды айланта тикенектүү зымдар курчап, сыртынан солдаттар кайтарып тургандыктан, алыс жактан келгендер түгүл, жергиликтүү аймактын жашоочулары да бул өрөөнгө кире алышчу эмес. Бул эмне болгон жай, убагында эч ким анча деле кызыгышпаган. Күнүнө бир-эки маал атылган автомат менен пистолеттердин үнүнө солдаттар өздөрүнчө атканды үйрөнүп, машыгып жатышат болуш керек деп көп анча деле маани беришчү эмес. Сыртынан анча билинбегени менен бул сырдуу, жашыруун жайдын ичинде бейиши да, тозогу да бар болчу.

Союз мезгилинде оор кылмыш кылып "өлүм жазасына" тартылгандардын баары ушул жерге алынып келчү. Аттыргандарын аттырып, атуудан калгандарды жер алдындагы шахтадан иштетишчү. Бул жерге он беш республиканын эң жогорку жаза менен жазаланышкан ар кайсы улуттардын кишилери алынып келинчү. Аны менен бирге тартип да ушунчалык катуу кармалчу. Эгер кылмышкерлердин бирөө эле анча-мынча тартип буза турган болсо, дароо эле эч сураксыз атып салууга уруксат берилген. Мындай катуу кысымга чыдай алышпай жашыруун кылмышкерлер тобу өздөрүнчө көтөрүлүш чыгарып жиберишкен, бирок эки сааттын ичинде ошол топтун бири дагы калбай мөндүрдөй жааган автоматтын огунун астында жер менен жексен кылынган. Башка кылмышкерлерге сабак болсун деп ар кайсы жерде кызыл ала болуп жаткан өлүктөрдү бери жакта карап турушкандардын өзүлөрүнө жүктөткөн машинеге. Алардын үстүнөн көзөмөлдөгөн "жалданма жоокерлер" ушунчалык адамдан башкача сапаттары болушкандыктан киши өлтүргөндү чымчык өлтүргөндөй эле көрүшчү. Ал желдеттер кимдер эле? Ар кайсы улуттан топтолгон тубаса канкор, мыкаачы, жүрөгү таш, эч кимди аябаган, эч нерседен коркпогон ырайымсыз жигиттер атайын тандалып алынган. Союз мезгилинде эле аларга эң жогорку айлык, андан тышкары киши өлтүргөндүгүнө жараша сыйлык берилчү. Алар үчүн атайын эс алуучу жайлар, дачалар, бассейн-сауналары бар болчу. Керек болсо аларга атайын сулуу кыздар алынып келинчү. Алардын "кругуна" аралашкан кыздар оңою менен кайра чыга алышчу эмес. Ошол себептен бул аймак өтө эле жашыруун кармалчу.

Атуу жазасына келгендерди ар кандай түр менен атып өлтүрүшчү. Жалданма жигиттерге пистолетти огу менен беришчү да атыла турган кишини көрсөтүп коюшчу, аларды кандай ыкма менен өлтүрөт өз эрктери болчу. Көзүн таңып бет маңдайына тургузуп коюп, чекеге атышчу, же чөгөлөтүп дубалга отургузуп коюп желкесинен атышчу. Мээсинен өтүп дубалга чачыраган канга алар өздөрүнчө ырахат алышчу, ал кызматы үчүн аларга көптөгөн "гонорарлар" төлөнчү. Алар киши өлтүрүүнүн ар кандай ыкмаларын пайдаланышчу. Адегенде өлүм жазасына тартылган адамга да, аны өлтүргөнү жаткан жоокерге да ичкилик берилчү. Кылмышкерлер узун кууш коридордо кетип баратканда, же бир жерде иштебей жалкоолонуп отурганда, же туура эмес иш жасап койгондо алыс жактан дүрбүсү бар снайпер мылтыгы менен чекеге атып өлтүрүшчү. Эгер көздөгөнүн дал тийгизе албай калса булар үчүн минус болчу. Ошондуктан көздөгөн буталарын жаза атышчу эмес.

Жалданма жоокерлер үчүн бир күндө эки жолу ар кандай спорттун түрлөрү менен машыгуу өткөрүлүп турчу. Алар үчүн атайын республиканын ар кайсы бурчтарынан дасыккан чебер машыктыруучулар жалданып келип иштешчү. Каратэ, бокс, эркин күрөш, таэквандо, кунфу, бычакты он метр аралыкка чейин ыргытып саюу, пистолет-автомат менен "бутага" таамай атуу, андан сырткары оор жана жеңил атлетика менен айына эки жолу норматив тапшырып турушчу. Эгерде ушунун баарын жакшы тапшырган жигиттерге "спорттун мастери" деген наам сыяктуу эле "ардактуу гладиатор" деген наам ыйгарылчу. Ар күн сайын жасалма кишилерди атып, машыгышчу жана ошого жараша баа коюлуп, акча берилчү. Ар бир жекшемби күнү саунадан чыккан соң өздөрүнүн кыздарын ээрчитип алып, калаадагы Алматы ресторандарынын эң жакшы жерлерине барып, эс алып көңүл ачышчу. Бирок "жалданма жоокерлер" бул жактан башка жакка өз алдынча кетип калууга, бул сырды башка бирөөлөргө айтууга, суранып кетсе айткан мөөнөтүнөн кечигип келүүгө тыюу салынган. Биринчи жолу кечигип келсе, кечиримдүү болгон, бирок катуу эскертүү алып турушчу, эгер ал экинчи жолу кайталана турган болсо, бериле турган акчаларынан кур калышчу. Дагы кайталанса бир жумадай жалгыз кишилик камерага отуруп чыгышчу. Эгер суранып кеткен боюнча эч себепсиз бир айга чейин таптырбай кетсе, кандай болсо да аны таап, өлүгүн же тирүүлөй алып келип, "өлүм жазасына" тартылган кылмыш -керлерге аралаштырып салышчу. Убагы келгенде аны да аяшчу эмес, атып ташташчу. Бирок "жалданма жоокерлерде" эч убакта, бир да жолу андай тартип бузуулар болгон эмес. Ар бири кандуу ордонун мүчөсү болушканына аябай сыймыктанышчу. Ошол себептен ак дилдеринен кызмат өтөшчү. Алардын көңүлүн ачып, эс алдырып жүргөн сулуу, чырайлуу кыз-келиндер да бул топтон эч жакка кете алышчу эмес.

Бир жолу Алматы ресторанына ошол кыз-келиндер менен барганда Хасиятхан деген уйгур кыздын акырын сыртка чыгып кетип, ошол боюнча таптырбай качып кетиши "Кандуу Ордонун" жалданма жоокерлери үчүн күтүлбөгөндөй окуя болду. Аны эч жерден издеп таппай коюшкан соң, бул шалаакылыктары үчүн ар бир жоокер өздөрүнө тиешелүү жазаларын алышкан. Керек болсо ал кыздын үйүнө чейин издеп барып, таппай келишкен. Уйгур кыз ошол боюнча дайынсыз жоголду. Бирок өздөрү менен чогуу жүрүшкөн ал кыздарга жоокерлер "Кандуу Ордо" жөнүндө эч нерсе айтышчу эмес. Ошентсе да көңүл ачыш үчүн аларга акчаны каалагандай сапырышчу. Бул жашыруун ордонун сыры ушул убакка чейин эч кимге билинбей келген. Кийин бирдиктүү Союз өз дооранын сүрүп бүтүп, туш-туш жакка шурудай чачырап, ар бири өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп кеткенде аны менен кошо түрмөлөр да өз-өзүнчө бөлүнүп кетти. Мурункудай өлүм жазасына тартылгандар бул жакка анча көп келбей калды. Бара-бара ар бир мамлекет өз жерлерине көптөгөн түрмөлөрдү ачып, кылмышкерлер бул жакка жиберилбей калганда "Кандуу Ордо" да өз дооранын сүрүп бүттү. Жогору жактагылардын буйругу менен "жалданма жоокерлер" өз эрктери менен жер-жерлерге, өз мекендерине кое берилди. Бирок алар жөндөн жөн эле кетишкен жок. Беш-алты жыл өзүнө жетишээрлик акча, аны менен бирге жашыруун автомат менен пистолеттерди ала кетишти. Ал эми окторду болсо каалаганынча топтоп алышкан болчу. Аны менен бирге чыгыш элинин мушташуу, согушуу, бычак саюу, таамай атуу андан сырткары башка көптөгөн ыкмаларын үйрөнүшүп, профессионалдык деңгээлге жетишише, ар бири "ардактуу гладиатор" деген наамга татыктуу болушуп анан кетишти.

Сымаптай чачыраган мамлекеттерди базар экономикасы менен кризис алкымдап, сырьёнун жоктугунан завод-фабрикалардын баары токтоп, жумушсуздук күч ала баштаган мезгилде бул "жалданма жоокерлер" ишсиз калышкан жок. Кээ бирөөлөрү мамлекеттердин жогорку чиновниктерине "телохранитель" болуп иштеп кетишсе, кээлери өздөрүнүн аймактарына бат эле "авторитеттик" наамга татыктуу болушту. Дээрлик көпчүлүгү "рэкеттикти" атайын кесип кылып алышты. Союз боюнча эң алгачкы чет элдик машинелерди мингендер да, тутамдаган долларларды уучтагандар да ушулар болду. Ушунча жыл бою жалаң кишинин өмүрү менен ойноп келген немелер киши өлтүрүү булар үчүн чымын өлтүргөнчөлүккө да татыбайт болчу. Атүгүл жергиликтүү мыйзамга да баш ийишчү эмес.

Союз чачырагандан кийин арадан бир-эки жыл өтпөй эле Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан аймактарында күтүүсүздөн жалт этип күйгөн жалын сыяктуу кандайдыр сырдуу кара чүмбөтчөндөр тобу пайда болду. Алар ушунчалык профессионал болушкандыктан бир да жолу ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кармалышкан эмес. Кара чүмбөттөгүлөр кимдер, каяктан келген кишилер, эмне болгон кишилер, кайсы улуттагылар экени али да болсо табышмак боюнча калды. Кара чүмбөтчөндөрдү укканда атактуу "авторитеттер", "рэкеттер" атүгүл ар аймактын жергиликтүү милиция кызматкерлери да титиреп турушаар эле. Булардын колунан канчалаган аябай байып келатышкан бизнесчилер, ишмерлер, менчик ишкананын ээлери тонолушту, канчалаган менменсинген "авторитеттер" курман болушту, канчалаган казинолор, менчик банктар каракталды. Булардын пайдасы да тийип, кээде зыяны да болуп атты. Пайдасы, алар бизнесчилерге, челнокчуларга тынчтык бербеген жол каракчыларын, күчтүү мафияларды, зөөкүр-рэкеттерди, бай кишилерге кол салышкан башка чүмбөтчөн кишилерди жоготуп, тазалап коюп турушчу. Зыяны, аябай бай ишкерлердин акчаларын салык түрүндө алып кетишчү, каршылык көрсөтүш -көндөрдү аяшчу эмес. Куралдуу каршылык көрсөтүшкөн адамдарды тобу менен бирин да калтырбай өлтүрүп коюшчу. Бирок бир да жолу мамлекеттик мүлккө кол салышкан жок. Алар бир жерге туруктуу турушчу эмес, алардын чуусу бир туруп Кыргызстанда болсо, бир туруп Тажикстанда, бир туруп Өзбекстанда, бир туруп Казакстанда болчу.

Төрт мамлекеттин ички иштер министрлигинин кызматкерлери да өздөрүнчө биригип алышып операцияларды, буктурмаларды, атүгүл сүйлөшүүлөрдү уюштурушуп, эч майнап чыгара алышкан жок. Ушунча болуп алар эч. убакта башындагы чүмбөттөрүн сыйрып жүрүшкөн эмес. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды алыс жерден камерага тартып алгысы келишип, нечендеген аракеттерди жасап көрүштү, бирок чыныгы жүздөрүн тарта алышкан жок. Аларды кармайбыз деп ортодо канчалаган бейкүнөө милиция кызматкерлери каза болду. Чүмбөтчөндөрдүн ар бир атканы эле жаздым кетпегендиктен милиция кызматкерлери да атышуу мезгилинде алардан коркуп турушчу. Алардын машинелери ар бир жортуул сайын башка болуп алмашыла берчү. Бул кара чүмбөтчөндөр убагында Россиянын аймактарына да барып, ызы-чуу кылып келишкен эле. Кайсы мамлекет болбосун, бул кара чүмбөтчөндөр ким экенин, тек гана ар кандай божомол-доолорду айтышпаса так биле алышкан эмес.

Бир жолу Казакстандын Тараз шаарынын четиндеги атайын даярдалган буктурмадан алар менен кандуу кагылышуу болуп өттү. Бул жолкусунда төрт өлкөнүн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери солдаттар менен бирдикте алдын-ала катуу даярданышкан болчу. Ошондо да алар бир машине менен эптеп кутулуп чыгышып, карматпай кетишти. Бул атышуу алар үчүн эң акыркы атышуу болчу. Андан соң алар кандай күтүүсүз жерден пайда болсо, ошондой күтүүсүз жерден жок болуп кетишти. Муну ар ким ар кандай божомолдоп атышты. Бири "топ уюштуруучусу каза болуп, калгандары чачырап кетишти" дешсе, экинчилери "акчаны өмүр бою жетишээрлик кылып, топтоп алышып, андан соң тарап кетишти" дешүүдө. Ал эми үчүнчүлөрү болсо "алар өз ара ырктары келише алышпай согуша кетишип, бирин бири өлтүрүп ташташты" деген да жоромолдорду жүргүзүп жатышты. Ошондон баштап жер-жерлердин баары тыптынч болуп, чоң бизнесчилер, менчик банктын жетекчилери, бажы бөлүмүндө иштегендер, өзгөчө ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жандары жай алыша кадимкидей эс ала түшүштү.

Андан кийин деле майда-чүйдө кара чүмбөтчөндөрдүн окуясы чыга калып жатты. Бирок алар мындай жогорку масштабдагы профессионалдар эмес эле, майда-барат үйлөрдү тоногондор, бирөөнү карактагандар гана болчу. Бирок азыркыга чейин кара чүмбөтчөндөр ким экени билинбей, табышмак боюнча калды. Эмесе, кара чүмбөт окуяларына кайрылалы.

Акыркы керээз

Түнкү саат он экилерден өтүп калганда Тараз шаарынын кире бериш жериндеги айылдын чет жакасынан күтүлбөгөн жерден автоматтардын, пистолеттердин атылганы менен кошо бир нерсенин катуу жарылганы, адамдардын кыйкырык, ызы-чуусу түнкү тынчтыкты бузду. Мындай күтүлбөгөн атышуулар жергиликтүү элдин үрөйүн учуруп, эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй ызы-чуу болуп жаткан жакка кулактарын төшөп калышты.

- Кудай сакта, деги аманчылык, тынччылык болсо экен, эмне балакет башталып кетти? - айылдын карапайым элдери сыртка чыгышып бир жерге чогулуша автомат, мылтыктардын үнү чыккан жактарга улам карап коюшуп, өздөрүнчө талкууга алып жатышты. Айланадагылардын тынчын алган тынымсыз атышуу бир сааттан ашык болду. Аңгыча алдыңкы айнеги сынган чет мамлекеттик "Мерседес" машинеси атышуу болуп жаткан жерден бөлүнүп чыгып, айыл аралай ылдый көздөй аткан октой учуп жөнөдү. Бир аздан кийин, үстүндө күйүп-өчкөн жарыгын күйгүзө уңулдагын кошо уңулдатып милициянын эки машинеси да тигинин соңунан түштү. Бир аздан кийин алардын артынан дагы эки машине чыкты. Эмне болуп кетишкенин түшүнүшпөгөн жергиликтүү эл куушуп кетишкен машинелердин артынан таң калыша үрөйлөрүн учура карап калышты.

Мерседес машинесинин ичинде уч адам бар эле. Айдоочу алды жагынан көзүн албай улам-улам маңдайындагы күзгү аркылуу арткы орунда кансырап кыйналып келаткан кишини карап коюп, болгон ылдамдык менен айдап кетип баратты. Катуу кыйналып келаткан адамды башынан жөлөп турган жигит үстүнкү жаркырактарын күйгүзүп, артынан калбай удаа унулдаткычын унулдатып келатышкан милициялардын машинесин бир карап койду да колундагы пистолетин чөнтөгүнө салып, ары жакта жөлөнүп турган автоматты колуна алды. Анан айдоочуга үн катты:

- Артыбызда эки машине удаалаш кууп келатат. Эмне кылайын?

- Алдыңкы фараларын атып ташта!

Алиги жигит анын айтканын жасап, автоматын "Мерстин" сынган айнеги аркылуу арт жакта келаткандарды көздөй сунуп бир аз мээлеп турду. Анан бөлүп-бөлүп ок чыгарды эле, ок таамай дал өзүнө тийгендиктен эки машиненин тең алдыңкы жарыгы "жалп" дей түштү. Бирок машинелер ага да болбой ичинен тындырбай автомат менен ок чыгарышып, тигиге куйрук улаш эле удаа келе беришти.

- Тигилер баары бир бизден калышаар түрү жок, эми кандай аракет кылайын, шеф?

- Дөңгөлөктөрүн ата аласыңбы?

- Караңгы го, мейли ошентсе да аракеттенип көрөйүн, -ал кайрадан автоматын алды да арт жагын шашпай мээлей баштады. Бир маалда удаа-удаа эки-үч ок чыгарды эле катуу келаткан машине бир жагына кыйшая жолдун четине чыга ошол күүсү менен ала салып кетти.

- Азамат! Убагында атуу нормативин жакшы тапшырып жүргөнүң билинип турат, эми экинчисинин көзүн курут!

- Аракеттенип көрөм, - ал кайрадан автоматын артын карай суна бергенде куйрук улаш келаткан машиненин эки жагынан тең автоматтардын удаа атылган үндөрү чыгып, тигинин колундагы автоматы ыргып кетип, ийнин басып жатып калды. Айдоочу күзгүдөн анын кыймыл-аракетин байкай койду.

- Эмне болду?

- Сволучтар десе, сол каруума ок тийди окшойт, азыр карап гана тургула, - ары жактан тоголок бир нерсени алып чыкты. да, оозу менен анын бир нерсесин жулуп алып туруп, ары жакта келаткан машинени карай ыргытты. Бир маалда арткы машине катуу жарылып, андан учкан жалындар туш-туш жакка чачырады. Айдоочу күзгү аркылуу акырын арт жагын карап койду да ылдамдыгынан жазбай айдап жүрүп отурду.

- Экөөнү го жайладык, эми тээ арт жакта жаркырап күйүп келаткан тигил экөөнү эмне кылабыз?

Аларды жакын жолотпо, ошол аралыктан эле жайла. Снай-пер мылтыгымды ал да үстүнө күндүз кылып көрсөтө турган дүрбүсү менен экөөнүн тең айдоочусун атып ташта, башка арга жок.

Алиги жигит ак көйнөгүнүн кызыл-ала болуп кеткенине көнүл бурбастан, ары жактан узун мылтыкты сууруп чыкты. Анан үстүндөгү дүрбүсүн алмаштырып такты. Бул мезгилде тээ алыстагы катуу ылдамдык менен келаткан эки машиненин жарыгы өзүлөрүн көздөй улам чукулдап, ортолорундагы аралыгы жүз метрге жакындап калган эле. Алиги жигит шашпастан мылтыгын октой арткы отургучтун кырына жөлөп туруп, биринчи машинени шашпай мээлей баштады, анан акырын мылтыктын курогун басканда "тарс" эткен үн чыгып, тээ арт жакта катуу ылдамдык менен келаткан машине жолдун четине чыгып кетип, эки-үч ала салып кетти, бир аздан кийин "тарс" этип бензин жарылып, айлананы жапжарык кыла жалындап күйө баштады. Экинчи машинедегилер ага болбой эле ылдамдыгынан жазбай тынымсыз ок атышып, куйрук улаш кууп келе беришти. Жигит шашкан жок, ары жактагы жащикчедеги узун октон бирди алып чыгып кайрадан октой баштады. Анан шашпай мээлеп туруп, экинчи машинеге дагы ок чыгарды. Ал ошол ылдамдыгы менен сол жактагы чоң калың даракты сүзө ошо боюнча күмжам болду.

- Сыягы куугунчулардын куйругун үздүк окшойт, - оор күрсүнө алиги жигит мылтыгын ары жакка таштай, кан болгон көйнөгүн айрып жиберип, машиненин аптечкасынан бинт алып, ок тийген жерин катуу таңды. Анан арткы орундукта башын шылкыйтып онтоп жаткан кишинин башын көтөрдү да кан болгон жерлеринин баарын бинт менен таңып чыкты. Машине ошол ылдамдыгынан жазбай жүрүп отуруп, Тараз шаарына кире бербей, багытын оң тарапка бурду.

- Азыр шаарга кирүүнүн эч кажети жок, ал жерде тиги "козёлдор" бизди күтүп кайрадан буктурмала турушат. Рация аркылуу эбакта кабар жеткендир. Андан көрө тиги көлмөгө барабыз да чалдын үйүнө токтойбуз. Машинени болсо Плотинага чөктүрүп жиберебиз. Эртең чалдын машинеси менен Бишкекке же Алматыга жетип алуу керек. Антпесек бул кейпи-биз менен эч жакка баралбайбыз.

Айнектери быркырап, капталдары калбырдай тешилген машина катуу ылдамдыгынан жазбай кетип баратты. Убакыт

түнкү саат экиден өтүп үчкө чукулдап калган. Бир маалда ал токой тарапты көздөй бурулду. Анан токой ичиндеги машиненин жолу менен чаң ызгыта катуу жүрүп отуруп, токой арасындагы кирпичтен салынган жалгыз үйдүн тушуна келип токтоду эле, ары жактан эки-үч ит жолдорун тосуша авалап үрүп чыгышты. Айдоочу колуна пистолетти алды да машиненин эшигин акырын ачып сыртка чыкты.

- Силер туруп тургула ушундай, мен ким бар экенин билип келейин.

Бир аздан кийин үйдүн ички жарыгы күйүп, абышка-кемпири болуп, баары бери жакка чуркап келишти. Машиненин арткы орундугунда кызыл-ала болуп жаткан экөөнү көрүшүп чочуп кетишти.

- Астапралла, деги амансыңарбы? Силерге эмне болду?

- Тигини көтөрүшүп, жардам берип коюңузчу, - айдоочу менен абышка экөө арткы орундукта эс-учун билбей жаткан кишини эки колунан моюндарына алышып, эки бутунан көтөрүшө үйдү көздөй алып жөнөштү. Кемпири жүгүрүп барып эшикти ачып, баары ээрчий үйгө киришти. Ошол замат эле машиненин айдоочусу кайра сыртка чыгып кетти да эки жакка бир сыйра чалгындап көз жүгүртүп алды. Андан соң машинени от алдырып, үйдөн анча алыс эмес чоң суу сактагыч көлчүк тарапты карай айдады. Дөбөчөгө тике чыгып барып, суунун жээгине токтотту, бир аз турган соң машиненин тормозун чыгарып, өзү сыртка секирип кетти. Машине күүлөнүп барып тумшугу менен сууга катуу урунду да акырындап түбүнө чөгө баштады. Бултулдап үстүнө шарик чыгара улам ылдыйлап отуруп тереңдикке кирип таптакыр көрүнбөй калды. Жигит сууну мелтирей тиктеп бир аз ойлонуп турду да капысынан тигилерди эстегендей "селт" этип алып, үйдү көздөй шашыла басып жөнөдү.

Үйгө киргенде ийнине ок тийген жигитти кайрадан жууп тазалап, таңып коюшуптур. Ал эми кроватта жаткан киши дагы эле кыйналып, жөөлүп атыптыр. Анын чекесине ным чүпөрөк менен басып турушту. Айдоочу жигит чалдан сурады:

-- Жакынкы аралыкта врачтар, же доктурлар жокпу?

- Тегеректе, жакын жерде, айылда да жок. Ан үчүн түз эле шаарга барып келиш керек.

- Шаарга барып врач жалдап келбейсизби, акчасын эки эселеп төлөп берели?

Абышка унчукпастан кийимин кийип камына баштады эле кроватта жаткан киши эсине келип, аны токтотуп койду.

- Кереги жок, барбай эле койгула, баары бир кеч болуп калды. Алар аркылуу силерди да колго түшүрүп алышы ыктымал, - анан ал акырын башын көтөрө айдоочу жигитти карады.

- Бул ким? Сен Алмазсынбы?

- Ооба, менмин.

- Калгандары кайда?

- Тиги буктурмада атышуу мезгилинде Хамид курчоодо калып, колго түшөөрдө өзүнө бензин чачып туруп өрттөп жиберди да анан өзүн атып салды. Ага биз эч жардам көрсөтө алган жокпуз. Ал болбосо биз курчоодон чыга алмак эмеспиз. Биз үчүн ал өз жанын кыйды, курчоону бузган да ошол болду. Курчоодон чыккандан кийин тигилердин жолун тоскон да ошол болду.

- Ыйманы саламат болсун! Эч нерседен тайманбаган жакшы жигит эле, кайран жигит, ал эми тигил Эрбол каякта?

- Курчоону бузуп келатканда ал да окко учту. Курчоо аябай катуу чыңалып, күчтүү даярдалыптыр. Араң дегенде кутулуп чыктык.

- Деги кимиңер барсыңар, кимиңер аман калдыңар?

- Альберт экөөбүз эле калдык, анын да оң жак ийинин автоматтын огу талкалап кетиптир.

- Мм... де. Демек, экөөңөр эле калган экенсиңер да! Бир аз ойлонуп турган соң кайрадан жөөлүй баштады. Бул маалда айдоочу бирөөлөр кокусунан келип калган жокпу деп, эки-үч жолу сыртка чыгып, айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп келди. Тигил киши жарым сааттан кийин өзүнө келип, Альберт менен Алмазды чакырды да "сөз бар эле" деп кемпир-чалды башка бөлмөгө тура туруусун өтүндү. Алар чыгып кетишкен-ден кийин бир аз көзүн жума кыйналып турду, анча-мынча онтоп турган соң кайра көзүн ачты.

- Эмесе мындай, Алмаз, Альберт, ушуну менен биздин карьерабыз дагы соңуна чыкты окшойт. Башында Кандуу Ордонун жети кишиси бар элек, мына эми акырындап азайып, тиги дүйнөгө сапар тартып отуруп экөөңөр гана калдыңар. Менин да ичээр суум аяктап баратат. Эми кудая шүгүр деш керек, беш жыл бою чогулткан байлык, акча, алтын-күмүш буюмдар, чет элдик долларлар менен экөөңөр өмүр бою эч нерсе иштебей жашасаңар дагы кенен кесир жетет. Керек болсо ал байлык балаңарга, неберелериңерге чейин барат. Менин өлөөр алдындагы силерден өтүнүчүм, эми мындан ары бейкүнөө адамдардын канына забын болбой, калган өмүрүңөрдү таза жашагыла. Байлыкты талашып-тартышпай ынтымак менен тең экиге бөлүшкүлө. Ал эми менин өлүгүмдү өз айылыма алып барып, тууган-туушкандарымдын колуна тапшыргыла. Андан сырткары аларга элүү миң доллар калтыргыла. Мени койгондо кыйналбай, каражат кенен кесир жеткендей болсун. Калган акчаларына өздөрү оокат кылышсын, - ал бир азга унчукпай катуу кыйналганын билгизбей ичинен акырын онтоп жатты. - Мына, ушунча жылдан бери мобул колум менен канчалаган гана кишилерди өлтүрдүм. Кандуу Ордодо канчалаган адамдарды жалынгандарына карабай, чекесин мээлеп туруп, мээсин чачырата атпадым. Адам жаны чыркырап учуп кетип атканы менен мен ошондон аябай ырахат алчумун. Мына эми бир аз убакыттан кийин өзүмдүн да жаным ошолордукундай болуп чыркырап учуп кетет... Менин силерден өтүнөөрүм жөндөн-жөн эле бирөөлөрдүн канын төгө бербегиле. Жетишет, ушунча жылдан бери канча адамдын канына забын болдук. Чынына келгенде адам өмүрү оюнчук эмес, эми мындай, жогорудагы менин айткандарымдын баарын сөзсүз аткарабыз деп сөз бергиле. Ошондо гана мен тынчыраак тиги дүйнөгө кетемин.

Экөө тең анын маңдайына басып келишти дагы катарлаш туруп калышты.

- Айтканың сөзсүз орундалат, сөз беребиз!

- Рахмат силерге!

Арадан жарым саат өтпөй ал жай, көшүлгөн боюнча кете берди.

Эртеси чоң суммадагы акчага жалданган чет элдиктердин чүмкөмө машинеси, өлүктү атайын кийизге ороп табытка салып, Өзбекстандын чек арасы тарапка катуу ылдамдык менен уруп-согуп кетип баратты.

Оор жоготуу

Эң акыркы жолдошу Альбертти кимдир бирөөлөр өлтүрүп кеткендиги тууралуу кабар Алмаз үчүн такыр күтүлбөгөн окуя болду. Буга ишенгиси келбей жүрөгү бирөөлөр ийне менен сайгылагандай оорутуп, өзүн ушунчалык жаман сезе, бир жерге отура албай, башын кайра-кайра мыкчый ары-бери туталанып баса баштады. "Андай болушу мүмкүн эмес, экөөбүз мындан жарым ай мурун эле ресторанда чогуу отуруп, көп нерселерди сүйлөшүп, акыл-кеңеш куруп, келечек жөнүндө ар кандай пландарды түзүп, анан коштошподук белек?! Ал шордуу бул жакта кал десем да болбой койбодубу. Калып калганда жакшы болмок, бири-бирибизге жөлөк-таяк болмокпуз. "Мен Алтай жакка кетишим керек, ал жакта карындашым жашайт. Жападан жалгыз агасы менмин, менин да андан башка эч кимим жок. Ага жакыныраак жашап, баш көз болбосо болбойт, анын үстүнө ушунча байлыкты мен жалгыз эмне кылам? Алдыда көп пландар, ой-тилек, максаттарым бар. Ошолорду ишке ашырганга аракет кылам. Ал жакка барганда менчик ишкана ачып, мини завод-фабрика сатып алып, өзүмчө ар кандай цех уюштуруп, ошолорду иштетишим керек. Жер алып, аны да иштетем. Мынча байлыкты мындан ары чачпаш керек, адамча жашаш; керек. Өзүбүздүн адамдарыбыз ушунча жыл чогултуп келип, өздөрү пайдалана албай калышкан бул байлыкты биз эми орду-орду менен пайдаланышыбыз зарыл. Алардын арбактарын сыйлайлы, жума сайын Куран окуттуруп туралы. Карап тур, дос, тиякка барганда чоң заңгыраган үй сатып алам. Же үч кабаттуу кылып өзүнчө "особняк" үй салдырам. Анан үйлөнүп-жайланып дегендей, болду эми мындан ары тынч эле оокат кылыш керек. Канча адамдын өмүрүн кыйдык. Мобул колубуз менен нечендеген адамдарды өлтүрүп, жалаң кан чеңгелдеп жүрдүк. Калган өмүрүбүздү эми тынч оокат кылалы. Кудай буюрса, экөөбүз байланышып, катташып турабыз" - айтор ал өзүнүн көптөгөн пландарын, тилектерин айткан эле. "Калганын тигил жакка отурукташып, жайгашкандан кийин келип алып кетем", - деп өзү менен кошо болгону жарым миллионго жетпеген гана доллар алып кеткен. Сыягы көп акча бар экенин билип калып, атайын артынан аңдып жүрүшүп, анан жайлашса керек. Аны Барнаул шаарынын мейманканасынан түнкүсүн өлтүрүп кетишиптир. Кимдер өлтүргөнү белгисиз. Аябай кыйнашып, эки колун таңып салышып мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. "Жо-жок, андай болушу мүмкүн эмес. Ал мушташ боюнча аябагандай чебер, дасыккан жигит эмес беле. Ал эми аткан жагынан болсо эч жаздым кетирчү эмес. Өзү менен кошо куралы да бар болчу. Дайыма сагызгандай сак болуп кыраакы жүрчү. Анан кандайча алдырып коюшу мүмкүн?"

Ордунан туруп, ачылып турган терезелердин форточкаларын жапты. Короонун дарбазасы ичинен бек бекенби деп бир сыйра текшерип чыкты. Телевизор койду эле жакшы кино болуп атыптыр, бирок ага көңүлү чаппай кайра өчүрүп таштады. Анан үй ичинде эле тамеки күйгүзүп залга барып диванга чалкалап отурду. "Мына баары бүттү. Кандуу Ордонун эң тандалма жети адамы бар элек, менден башкалары бири дагы калбай калды. Алар жок дегенде кыркка чыгышкан жок. Атүгүл өз ажалдары менен да өлсө эмне? Баары тең киши колдуу болуп, улам биринин артынан бири кете беришти. Ушунча байлыктын баарын тең мага калтырып кетишти, жападан жалгыз мага. Ушун үчүн канчалаган гана кандар төгүлбөдү чиркин, канчалаган гана адамдардын өмүрү кыйылбады дейсиң. Канчалаган гана ызы-чуу менен топтолду. Бул үчүн эмнелерди гана иштешпеди алар. Жалаң бир гана мамлекет эмес, төрт-беш мамлекеттен топтолгон байлыктар. Өздөрү пайдалана алышпаган бул байлыкты мен эмне башыма урамбы, же өзүм менен кошо тиги дүйнөгө ала кетмек белем. Мунун ондон бир бөлүгү эле өзүмө өмүр бою кенен жетет. Мынча байлыкты эмне кылыш керек?" Алмаз бир аз ойлонуп турду да ордунан көтөрүлүп, дубалга тагылып турган килемди акырын көтөрдү. Анан анын ары жагындагы дубалга жабыша орнотулган темир сейфти ачып, анын ичинен желим баштыкчага кылдат салынган нерселерди сыртка бирден санап алып чыга баштады. Сейфтин ичинде жети баштыкча бар болчу. Анын оозун жаап, килемди кайра мурункудай калыбына келтирип койду да алиги баштыкчалардын баарын кучактай чогултуп, короого көтөрүп чыкты. Чоң дарбазалуу короонун ичиндеги бактардын арасына барып, отургучка көңүлү чөгө бир аз отурду. Анан шашпай ордунан туруп, ары жактан жыгач отундарды алып келип бир жерге додо кылып үйүп, алдына от койду. От жалбырттап күйө баштаганда баштыктагы кара нерселерди бирден сууруп ала баштады. Анда кара чүмбөттөр бар болчу. Ал ар бир чүмбөт кимге тиешелүү экендигин беш колундай таанычу. Аларды бирден отко ыргытаардан мурун, ар бир чүмбөттүн ээсинин келбетин, кыялын, сүйлөгөн сөздөрүн, адамдан башка өзгөчөлүктөрүн, өлөөр алдындагы акыркы сөздөрүн, бардыгын көзүнө элестетип атты. Көңүлү чөгө өзү менен өзү боло, чүмбөттөрдү бирден алып, он-он беш мүнөттөй туруп, анан отко ыргыта берди. Эң аягында өзүнүн кара чүмбөтүн сууруп чыкты да бир топко ойлонуп турду. Анан аны да шашпай бери жакта жалбырттап күйүп аткан чүпүрөк-төрдүн арасына ыргытып жиберип, ал аягына чейин күйүп бүткөнчө мелтирей тиктеп турду. Жалбырттаган оттун илебине кеч күздүн шамалын да, кечки суугун да сезген жок. Атүгүл жанына шыйпаңдап келген итке да көңүл бурган жок. Кабагын карыш түйө оор үшкүрүнүп алды дагы эңкейе он колунун манжалары менен эки көзүн баса өткөндөрүн ойлоно өзүнчө башка дүйнөгө кирип кетти.

Анда Союз жаңыдан чачырап, жалаң "өлүм жазасына" тартылгандар барып жазаланчу Кандуу Ордо да өз дооранын сүрүп бүтүп, анын жалданма желдеттери өз мекендерине кетүүгө буйрук чыгарылган мезгил эле. Кадимки Армиядан демобилизация болгондой ал жерде кызмат өтөгөн желдеттер өзүнүн көңүл ачып ойноп жүрүшкөн кыздары менен акыркы жолу ресторанга отурушуп, кокус пайдабыз тийип калаар деп бири-бирине даректерин калтырышып, аябай шаан-шөкөт менен коштошушкан эле. Кээ бирлери өздөрү менен чогуу ойноп-күлгөн кыздарын да кошо ээрчите кетишти. Кетип баратканда башкалар сыяктуу эле Алмаз да өзү менен кошо Макаров пистолетин, эки кутуча огу менен кошо шилтеп кеткен эле. Кыскасы, курал-жарак сактоочу складдагы куралдар канчалык кайтарууда болгону менен четинен жоголуп, уурдалып, тонолуп отуруп, ал жерде эч нерсе калбай калган. Жалаң адам өмүрү менен ойношкон жалданма желдеттерге Ордодогулардын эч кимиси эч нерсе айта алган жок. Алар бул куралдар үчүн кан төгүүдөн дагы кайра тартышпайт болчу.

Алмаз өз мекенине кайтып келгени менен бир топко чейин ишсиз жүрдү. Эртеңки күндү ойлобой акчаны каалашыңча жумшап, каалашыңча чачып көнүп калган неме чөнтөгүндөгү запас акчаларын үч айга жетпей эле түгөтүп салды. Анан Бишкектеги спорт комитетине келип, чыгыштын мушташуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча машыктыруучу болуп иштей баштады. Кунфу, дзюдо, таэквандо, каратэ, андан сырткары бокс боюнча дагы согушуу техникаларын тигил жакта жүргөндө эң жакшы өздөштүргөндүктөн спорт комитетинин уруксаты менен атайын спорт зал ачып алып, айланасына күчтүү, кайраттуу чыдамкай балдарды топтоп, машыктыра баштады. Албетте, алган маянасы башкаларга салыштырмалуу жогору болсо дагы анча ыраазы болбой жүрдү. Шаарда үйү жок болгондуктан спорт комитети тарабынан берилген бир бөлмөлүү жатаканада эки бала менен чогуу жашачу.

Бир күнү адатынча спорт залда өзүнүн балдары менен машыгуу өткөрүп жаткан. Капысынан машыктыруучунун бөлмөсүндөгү телефон шыңгырап калды. Бул учурда тааныш-тарынан чалгандар көп эле болот, ал ошолордун бири го деп ойлоп, шашпай барып телефонду көтөрүп кулагына такады.

Анан өзүнө тааныш үн кулагына шак дей түшкөндө адегенде Чочуп кетти.

- Алло, мага Алмаз керек эле?

Аны үнүнөн жаземдебей тааныды. Кандуу Ордодо ардактуу гладиаторлордун жетекчиси болчу. Анын үнү аябай катуу, орой, кырылдак болгондуктан сүйлөгөн дабышын алыстан эле жаземдебей билишчү. Кээде ачууланып кетип, катуу кыйкырганда ага эч ким үн катчу эмес, кээде каяша айтып мушташа кеткендер, же кол кайрыгандар болсо сазайын берчү, эч аячу эмес. Мушташуу жагын да, уюштуруучулук, жетекчилик жагын да эң жакшы билчү. Жакшы, түз жүргөн желдеттерге жакшы мамиле жасачу, тоотпой бараткандарды гана катуу кармап жазалап турчу. Ал канчалык катуу болгон сайын желдеттер ошончолук ыйбаа кылышып, аны аябай жакшы сыйлашчу. Улуту чечен, убагында Армияда аба десант бөлүмүндө кызмат өтөптүр. Гладиаторлордун жетекчилигине кыйындардын кыйындары гана тандалып алынчу. Ал ошого өзү татыктуу болгон. Аны убагында кандуу ордонун начальниги тургай, бүт офицерлер сыйлачу. Бута атуу мезгилинде бир да окту текке кетирчү эмес, көздөгөн чекитине дал тийгизе атчу. Кең далылуу, мойну аябай жоон, денесиндеги булчуңдары кадимкидей бөлүнүп-бөлүнүп, кийген кийимдери чак келчү эмес. Ошондуктан атайын заказ менен кийинип турчу. Кыскасы, гладиаторлордун бардыгынан артыкчылыгы, өзгөчөлүгү менен айырмаланып турчу. Аты Шамил, өзүнүн "Спартак" деген кошумча аты бар болчу. Алмаз анын үнүн жаземдебей тааныды.

- Мен Алмаз, угуп атам.

- Алмазсыңбы, иштериң кандай? Мени таанып атасынбы?

- Шамилсиңби?

- Ооба, жаңылган жоксуң. Кыскасы мындай, баса канча мүнөттөн кийин бошойсуң?

- Сен үчүн кайсы мезгил болсо деле даярмын.

- Анда жакшы, жарым сааттан кийин "Жаштык" ресторанына келип калбайсыңбы, сөздөр бар эле.

- Болуптур жарайт.

Алар башка сөз сүйлөшкөн жок, телефонду коюп коюшту. Мындай күтүлбөгөндүккө Алмаз өзүнчө тан калып жатты. "Кызык, ал өз мекенине Грозный шаарына кетпеди беле. Баса, ал жакта азыр орустар менен тил табыша алышпай согуш баш-талбадыбы. Бирок кандайча кайра биякка келип калды. Же

кокусунан келип калдыбы? Жок, бул кокусунан жөндөн жөн келген жок. Атайын бир иштер менен келди. Келсе эмне жумуштары менен келди болду экен. Кандуу Ордонун иши абакта эле бүтпөдү беле? Болуптур, эмнеси болсо да көрө жатаармын, деги жакшылыкка болсо эле болду". Алмаз машыгып жаткандардын эң кыйынын өзүнүн ордуна койду да: "Машыгууну уланта бергиле, анан ачкычты кароолчуга таштай кет", - деп ал балага эскертип, өзү шапа-шупа кийине сала көчөдөн такси кармап, айткан дарекке жөнөдү.

Аны ресторандын алдында үчөө күтүп турушуптур. Аларды көргөндө эле Алмаз алыстан тааныды. Шамилден башка бирөөсү Эрбол деген казак жигит, экинчиси Хамид деген тажик жигит. Алыстан бири-бирин көргөндө эле жылмайыша кучакташып учурашышты. Бир аз турушкан соң ресторандын ичине киришип, чакан төрт кишилик столго отурушканда Шамил официантты чакырып алып заказдарды бере баштады. Алмазга кудум Кандуу Ордо мезгилиндеги кыздар менен отурган ресторан элестеп кетти. Анын ресторанга отурбай калганына көп убакыт болуп калган эле. Шамил түрдүү ичкиликтерди, даамдуу тамак-аштарды столдун үстүнө жайнатып таштады.

- Кудум эле Алматы ресторан дарыядай шаңдуу отурат элек, кыз-келиндер гана жетишпей турат. Бирок аманчылык болсо мындай ресторандарга далай отурабыз, кыз-келиндер да болот. Бүгүнчө аларды кое туралы. Кел андан көрө жолугушкандыгыбыз үчүн мобул тостторду алып жиберели, - Шамил ордунан туруп стаканды колуна алды эле беркилер да ордуларынан турушуп, стакандарды кагыштырышты дагы андагы коньяктарды тартып жиберишти. Өз ара аркы-беркини сүйлөшүп отурушкан соң негизги темага өтүштү.

- Эмесе мындай туугандар, мен силерди бул жерге жөндөн жөн эле чогулткан жокмун. Себеби өзүңөр көрүп атасыңар жашоо азыр кандай болуп каякка ооп баратканын. Бардыгыңар тең бир курстан өткөнсүңөр же, тагыраак айтканда, баардыгыңар тең эң жогорку деңгээлдеги такшалган спортсмендерсиңер, "ардактуу гладиатор" деген наам бардыгыңарда бар. Кандуу Ордонун көпчүлүгү азыр төгөрөктүн төрт бурчуна ар ким өзү менен өзү болуп чачырап кетишти. Азыр алар эмне иш кылып, эмненин башын бүлдүрүп жүрүшөт белгисиз. Албетте, ар ким заманга жараша өз күндөрүн көрүп жатышат дечи. Бирок силерге бирден бир эске сала кетчү нерсе, жалгыз дарак эч убакта токой болбойт. Эмне иш кылсак да кайда болсок да баары бир жекече бир бирден эмес, бирдикте чогуу аракет кылыш керек. Аны мына мен өз башымдан өткөрүп келдим. Канчалык кыйын профессионал болсоң деле, жалгыз көпчүлүккө каршы эч нерсе кыла албайт экенсиң. Канча кылса да көптүн иши көп, сени жөн эле салмагы менен былчыйта басып коёт. Мен Ордодон кеткенден кийин Грозный шаарына барган эмесмин. Гурьево шаарында болуп, көп өтпөй эле белгилүү бир атагы чыккан, аябай бай фирмага орноштум. Же тагыраак айтканда анын үстүнө жетектеген президентинин "телохранители" болуп иштей баштадым. Көп өтпөй эле анын ишенимине кирип, оң колу болууга жетиштим. Кандуу Ордодо кандай ак иштесем, ага да берилип чын дилимден иштөөгө аракет кылып жүрдүм. Бирок тигилер аны актаган жок. Биринчи кырсыкта эле менин башым кетти. Мен алардан андайды күткөн эмесмин. Өкмөттүн көзүн бурмалап, контрабандалык жол менен крупный суммадагы акча жасай коебуз деп алар жергиликтүү ички иштер кызматкерлеринин кылтагына чалынып калышты. Мен аларга ак дилимден кызмат өтөөгө аракет кылып, барып кел деген жагына барып келип, дайындаган жумуштарын тапатак, таптаза бүтүрүп жүрбөймүнбү, ичимде эч арам оюм жок. Көрсө, алар "бир нерсе болсо..." дешип мени отко ыргытышып, өздөрү суудан кургак, сүттөн ак болуп чыгыш үчүн алдын ала мени бутага алып даярдап жүрүшүптүр да. Кийин ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип, ар бирибизди түрмөгө алып кете баштаганда бүт күнөөнүн баарын менин мойнума илишип, өздөрү сүттөн ак таза болуп чыга беришти. Мага болсо тогуз жыл мөөнөттү мойнума илип, темир тордун ары жагы күтүп калган. Көрсө, алар мен сыяктууларды далай ушинтип кестирип, каматып жиберишип, өздөрү акчанын күчү менен кутулуп кетип атыптыр. Алар: "Бир-эки жылдай түрмөгө отуруп чык, анан өзүбүз акчаның күчү менен кайра куткарып алабыз, бизди сактап калгандыгын үчүн кийин чыкканда чоң суммадагы сыйлык акча беребиз. Түрмөдө болсо каалашыңча акча, тамак-аш менен камсыз кылып турабыз. Кыскасы, кор болбойсуң, эки жыл эки күндөй эле эркиндикте жүргөндөй өтүп кетет. Баарын мойнуңа ала бер", - деп мени макул кылдырышкан болчу. Алардын ким экенин, чыныгы жүзүн түрмөдө отурганда биринчи күндөн баштап эле көрбөдүмбү. Ал жакта отурганда алар бир да жолу ахывалымды сурап басып келишкен жок. Өзүм түрмөчүлөрдүн үстүнөн башкарып көнүп калган жаным, ал жакка чыдай алган жокмун. Түрмөдө мен сыяктуу алдап каматып ийгендердин эки-үчөөсүн жолуктурдум. Сырттагылар менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрдүм эле, эч майнап чыккан жок. Минтип отурсам, тогуз жыл толугу менен мөөнөтүн өтөп чыкчудаймын. Акыры ал жактан качып чыгууга туура келди. Качаарын качып чыгып, тигилерге жолугууга таптакыр мүмкүнчүлүк алалбай койдум. Алар менин түрмөдөн качып чыкканымды угушуп, алдын-ала аябай даярданышып, лөкүйгөн профессионал спортсмендерден беш-алтыны жалдап, телохранитель кылып алышыптыр. Жана башында айтпадымбы "жалгыз дарак токой болбойт" деп, аларды канчалык аңдысам да, акмаласам да баары бир жолугууга эч мүмкүнчүлүк алчудай эмесмин. Анан өзүмчө ойлондум да мурунку Кандуу Ордонун эң кыйын деген желдеттердин тизмесин алып, чогулта баштадым. Мына Хамид менен Ерболду таптым, ал аркылуу сени да акыры таап алдык. Эми Альбертти издеп табыш керек, анын дарегин да билем. Жакынкы аралыкта аны да алып келиш керек. Мен жалаң Орто Азияда жашагандарды гана тандап, топтоону чечтим. Эмне себептен силерди чогултканымды эми өзүңөр деле сезип жаткан чыгаарсыңар. Мен алар менен сөзсүз түрдө эсептешүүм зарыл. Мен тагдырга моюн сунуп, кол куушуруп бербейм, мен деген канымдан андай болуп жаралган жан эмесмин. Ошондуктан өзүбүзчө атайын тандама топ түзүшүбүз керек. Бардык жагынан профессионалсыңар, керек болсо өлүмдөн да коркпойсуңар, отко десе отко да тайманбай барасыңар. Менин сунушумду колдоп, мага көмөк көрсөтөөрүңөргө ишенип, тигил жактан атайын келдим. Кана менин сунушумду кандай кабылдайсыңар?

- Куралдарды кандай кылабыз?

- Анын жарасы жеңил, баса, айтмакчы, Ордодон өзүңөр менен кошо шилтеп чыккан эмне куралыңар бар?

- Менимче бардыгыбызда эле Макаров пистолети огу менен бар окшойт?

- Аны өзүңөргө сактап койгула, зыяны тийбейт. Менде баштарында үн чыгарбас "глушителдери" бар атайын револьверлер бар. Ошону пайдаланабыз. Андан сырткары Калашников автоматы беш обоймасы менен бар. Акча каражат жагы Кудая шүгүр, азырынча жетиштүү эле. Аванс кылып алдын ала ар бириңерге беш жүз доллардан бере турам. Иш бүткөндөн кийин калганы дагы болот.

- Тигилердин канча телохранителдери бар?

- Ашып кетсе беш-алтоо, алардан чочулабай эле койсоңор болот, анткени алар спорттун бир гана түрү менен машыккандар. Мисалы, бокс, карата, дзюдо же самбо менен, аларга салыштырмалуу силер спорттун бардык түрүн эң жакшы өздөштүргөнсүңөр. Аларды жөн гана согуп жайлап түшөөрүңөргө ишенем. Ошондуктан ар бириңер жашаган мекениңерге барып бирден топтоп атпаймынбы. Фирманын мен кайсыл жеринде эмне бар коён жатагына чейин эң жакшы билем, бир жылдан бери жакшы эле өздөштүргөнсүдүм. Алар жалпы жонунан алганда имаратта отурган бийликтегилер элүүдөй киши, биз алардын баарын тек өлтүрүп жазалабайбыз. Тек гана эң башкы главарь жетекчи сөрөйлөрдүн баарын бирин да калтырбай көздөрүн тазалайбыз. Анан эң башкы нерсе бухгалтериясындагы, сейфтеги акчаларды эч нерсесин калтырбай шыпырып кетүү керек. Фирма толугу менен таптаза сызга отуруп, банкрот болгондой болсун. Эгер Кудай буюруп ишибиз онунан чыгып калса акчага маарый эле түшөбүз. Ал акчалар менен бир топко жашасаңар да болот. Автоматка да глушитель таап тагыш керек, анын милдетин өзүм алам. Аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн тааныш офицерлер бар. Ошолордон прокатка сатып ала турам, эгерде мүмкүнчүлүк болсо на совсем эле сатып алам. Кана, менин айтканыма кошуласыңарбы? Коркпой, чочулабай эле койгула, мен силерди кайсыл жерден болсо дагы сууруп, куткарып алуу колумдан келет. Кана жигиттер, кандай дейсиңер?

Мурунку жетекчисинин сөзүнө тигилер эч ойлонушпай: "Кошулабыз!", - деп бир ооздон жооп беришти. Шамил колун столдун ортосуна созуп, алаканын ачты эле беркилер да баары анын алаканына колдорун коюп бириктиришти.

Ошондон бир жума өтпөй эле Шамил баш болгон Кандуу Ордонун тандалма желдеттери - Алмаз, Хамид, Ербол Альберт бешөө мерседес машинасына түшүп алышып, Казакстандын талаасын чаңдатыша түндүк-батышты карай кетип баратышты.

Короодогу өрт

Аларды чогуу бир мезгилде кармаш үчүн тигилер бир жумадан ашык сырттарынан акмалашты. Шамил бул фирманын ичин коён жатагына чейин билгендиктен короого кирүү жолун жакшы билчү. Бирок алардын үстүнөн басып калганга эч бир мүмкүнчүлүк болбой атты. Ошол күн дүйшөмбү күн болчу.

Кеч күздө айлана бат эле күүгүмдөнүп, саат жетиге чукулданып калган маал эле. Мерседес машинеси короонун дарбаза-сына жүз кадам жетпей акырын жылып келип токтоду. Дарбазадан ар кайсы маркадагы чет элдик машинелер улам бири кирип-чыгып атты.

- Азыр фирмада иштеген, мекемедегилердин бардыгы өз кабинеттеринде бир кварталдын отчетунун үстүндө иштеп атышат. Бул жактан жети-сегизге чейин эч ким чыкпайт. Ар бирин кабинеттеринен чыгарбай иштеп аткан жерлеринен тымызын жайлаш керек.

Алар машиненин ичинде өздөрүнчө пландашып, сүйлөшүп, тигил жакты акмалап турушту. Бир маалда баары тынчыган соң Шамил кана баштадыкпы дегендей акырын белги берди эле тигилер куралдарын октошо жабыла машинеден чыгышты да акырын буттарынын учтары менен жыла басып, айланаларын абайлай көз жүгүртүшүп, бийик дубалга жакындап келе жатышты.

- Буларга дарбаза аркылуу кирүүгө болбойт, тигилерге телевизордун экраны аркылуу ар бир кыймыл-аракет, баары көрүнүп турат. Атүгүл сүйлөшкөн сөздөрүбүздөн бери угулуп калат. Андан керө кайсыл жер аркылуу өтүштү силерге азыр көрсөтөм. Бирок ал жакта деле кароолчулары бар болуп! керек. Силер Хамид менен Алмаз, аларга акырын барып алыстан эле бычак уруп, көздөрүн тазалагыла, артыкбаш шум болбосун. Менимче, алар экөө болуш керек. Жаңыдан эле смена алмашышты.

Анын сөзүн түшүндүк дегендей Хамид менен Алмаз бийик дубалдын башындагы чыгып турган башы шиш темир урчук-чага жип ыргытып илмек жасашты да, ууру мышыкча дабыш чыгарбай акырын тартынып чыгышып, ары жагына өтүп кетишти. Калган үчөө айланасына кылдат көз жүгүртүшө ар бир дабышты тыңшап турушту. Бир маалда ары жактан машинанын жарыгы көрүнүп, дарбазага жакындап келе жатканын көрө коюшуп, берки үчөө тигилерге белги берип, калың бактын ары жагына далдаланышты. Жеңил машине дарбазага жеткенде дарбазаны кайтарып тургандар алардын документтерин текшерип, өткөрүп жиберишти да кайра дарбаза автомат менен өзү жабылып калды. Арадан он мүнөт убакыт өтпөй короонун ичинен тааныш белги угулду эле беркил үчөө иш бүттү окшойт дегенсип, салаңдап турган арканга тартынышып, учтуу шиш темирлерге денелерин тийгизбей акырын ары жакка секирип өтүп кетишти. Ары көздөй кетип баратышып, кокосуна бычак сайылып, кыймылсыз жаткан эки адамды көрүштү. Алар энкейише калың бактарды аралай, дабыш чыгарышпай катуу чуркаша жарыгы күйүп турган үч кабаттуу чоң мекеменин ичине жакындай беришти.

- Булардын туалетинин терезеси ачык, ошол аркылуу киребиз. Эрбол сен бул жерге кал, айланага көз бол, эгер бир нерсе болуп шек санасаң, үн чыкпас револьвериң менен акырын жайлап сал, бирок өтө сак бол, эч ызы-чуу кылбай таза иштейли.

Макул дегендей колуна револьверин кармай Эрбол сыртка калып калды да калгандары күйүп турган туалеттин терезеси аркылуу ичине бирден секирип кирип кетишти. Алардын кезектеги дагы бир курмандыктарынын бири туалетке эч капарсыз кирип келаткан киши болду. Кыңылдай басып келип, жаңы эле туалеттин эшигинин кармагычына колу тийгенде желкесине катуу урулган соккудан эч дабышы чыкпай оңкосунан сайылды. Анын кыймылсыз денесин сүйрөп барып, туалеттин ичине ыргытып жиберишти да сыртынан бекитише кууш коридор менен чуркап жүрүп отурушуп, тепкич аркылуу экинчи кабатка көтөрүлүштү. Алдыларынан чыгышкан эки адамды үн чыкпас револьвер менен чекеге атып, тепкичтин алдындагы караңгы жерге жаткырып коюшту. Ал жерде Хамид күзөттө калды, калган үчөө эч дабыш чыгарышпай өтө тездик менен жыла басышып, чоң "Приемный" деген жазуусу бар эшикти шарт ачып ичине кирип барышты. Фирманын президенти корей улутундагы кең далылуу Григорий Пак деген киши эле. Ал мындайды күтпөсө керек. Адегенде шашкалактай түштү, анан өзүн жоготпоого аракеттене тигилерди карап, жылмая күлүп койду.