Оюндан от чыкты 1

Загрузка ...



Соц сети,интернет тармактары өнүккөндөн бери адамзаты аябай өзгөрдү.Жанындагы адамды алыстатып алыстагыны жакындатат.
Көпчүлүк адамдар жашоодо башка Реал жашоодо башка адам.Бул албетте өкүнтөт бирок интернеттин пайдасы көп....Бул чыгармамда ушул интернеттин курмандыгы болгон ууру махабат жөнүндө болмокчу.....
ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ.



АЙДАНЕК МЕНЕН ДАМИР.Булар жаш үй-бүлөө.Айданек азыркы убакта эми араң 25-жашта.Дамир 36жашта.Мындан төрт жарым жыл мурун Айданекти бал тилге салып,акчасын кеңири чачып 15жаштагы кызды алдап соолап эле аялдыка ала качып алган.Үй жай жумуш бүт нерсем бар кожейке эле керек деген Дамирге ишенип кол кармашып кете берген.Барганда баары ачыка чыкты.Колдору жука жөнөкөй үй-бүлөө болушчу.Бишкектин жаңы курулуштарынын биринде свет жок үйдө бирөөнүн үйүн карап жашашат экен.Айданекти Шаардакы туугандарыныкына ала качып куданы ошол жактан сыйлашкан.Бир жумадан кийин бул баатирге көчүп келгенде аябай кайран калды.Эч нерсени көрө элек Айданек жашоо ушул экен деп жашап калды.Бирде ач калат бирде ток.Майга жетсе нанга жетпеген оокат.Айданек жардам болсун деп атасынын дүкөндөрүнүн бирине сатуучу болуп иштеп азык-түлүк ташып жатты.
Тогузунчу классты бүтүп күйөөгө тийүү деген эмне шумдук деп оокат кылып жаткан келинди кайын-журту жилкип турчу.Келгенине тогуз ай болуп уул төрөдү.Эч ким каралашып койбоду.Түшүнүксүз адамдар көпта негизи.Биринчи неберем деп Айданектин атасы чооң той берди.Кудалар кетип баратканда бешигин берелик барып кыйнабай деп кошуп беришти.Мунусун кемсинтүү катары кабыл алышып каттуу ызы-чуу салышты.
Айданекти алып кетпей таштап коюшту.Айданек уялганынан бети чыдабай үйдөн чыккыс болду.Дамир аялын алып кетип өзүнчө бөлүнүшүп бир кичинекей бөлмөдө жашап жатышты.Анын акысыда кымбат.
Арадан жыл алмашып бат эле Айданек кыз төрөдү.Төрөт үйунөн сүйүнчүлөгөнү Айданек байкуш коңгуроо кылса эч трубкасы алынбады.Үч күн күттү келбеди.Кайын-журту карабас болуп жаман көрүп калган муну.Жаздын аягы болчу күн меени кайнатат.Айданек бир аз акчасы менен машина жалдап үйүн келди.
Үй бекитилген.Кулпусу башка.Эч нерсеге түшунбөгөн кыз катып калды.Ары жактан кожейкеси келип..


Айденек алдыга кетейиним келип калдыңбы?


Ооба эже.Дамир көрүнбөйтта..


Сага айткан жокпу?Бул эмнеси?Эки күн мурун бир келин менен келип буюмдарды  жыйнап кетти.Акыркы ай төлөнө элек десем муздаткычты таштап кеттиго...


Кандай келин экен эже?
Тааныймбы мен..


Андайларды сен тааныбай эле кой.шыйпаңдап ээриңе жабышатко..


Башына таш тийгендей эле отуруп калды...Уулум баламчы?


Аны тиги кайненеңе жетелетип жиберди...


Бул эмне кылганы.Же башка жака көчүп кеттиби?Мага эмне барган жок?Маакул үйгө барып турайынчы деп ата-энесиникине келди.3ай күттү келбеди.Кабары угулбады.Атасы менен кошулуп кайненесиникине барды.Босогонуда аттатпады.


Эмне келдиң куу баш?Балама эми жетти.Эми таштап кетти сени соо болотт..


Апа эмне деп жатасыз?Мен эмне кылдым.Дамир каякта?


Ишиң эмне я?Бар көзүмө көрүнбө.Эмне баланы багалбай калдыңбы?Таштап кет анда.Алар болсо иштеп жүрүшө.Өзүнүн теңин эми тапты..Тоскоол болбо..


Алар дейсизби?Демек баары чын экенда..Мен деле акмак эмесмин.Көчөдө калган жайым жок.
Балама келдим алып кетем..


Ким берет экен ыя сага кыздыда таштап кой...


Маакул силердин балаңар.Мен жашмын 17де элемин магада жашоо керек.Ала бергиле деп колундагы үч айлык эмчектеги кызын таштап машинеге жөнөдү..


Ай шерменде эмчектеги баланы кантип карайм?Ташбоорсуңго.Уялсаң алып кет.


Ий азыр эле талашып жатпадыңыз беле?Балдарын таштаган эч ким жок алып кетем..


Алып кет.Баламдыда бергиле..
Ошентип эки баласын алып  төркүнгө биротоло кетти.Эки эле бир тууган болгондуктан Айданектин балдарын өз апасы багып алды.Айданек окууга тапшырып кетти.Орто билимин алып Айданек ийгиликтүү жумушка кирип алды.Үч жыл Дамирден кабар болбоду.Айданек орто бойлуу тыпылдаган эпчил кыз.Сулуу убагында баары артынан чуркаган.


Төртүнчү жыл баратканда Дамир шүмшүйүүп кечирим сурап келди.Эч эле кечирбей койду эле чоң атасы ортого түшүп жатып жашатып койду.Убагында баарына кайыл болуп жашаган Айданек мунусунда эч жылыбады.Айданектин Чоң атасы шаардын ортосундагы эки бөлмөлүү квартираны белек кылып берип койду.Даяр үйдө жашап жатышты.Бир жылдай жашашкандан кийин Айданектин ден-соолугу начарлай баштады.Жыгылып калат өзүнчө эле.Мунун баары көп ойлонуудан келип чыккан.Жүрөк оорусуна кабылды.Бир күнү эле жолдон чууркап өтүп бараткан эле Данекти машина коюп кетти.Жүрөгү кармап жыгылган ары жактан келе жаткан машина токтоого жетишпей көмкөрөсүнөн жаткан Данекти белинен тепсеп өтүп токтогон.Омурткасы талкаланып Данек баса албай майып арабага байланып калды.Баарынанда оооруп жаткан адамга кыйын болду.Көз жашы токтобойт.
Айыгып үйгө келгенде айласыз апасыныкана көчүп барып жашап жатты.Жүрөгүда ооруп Данек толуп кетти.Он сегизге эми толгон кыз мынтип жашоонун тозогуна түштү.
Дамир жүрө беремби деп чет өлкөгө иштегени кетип калды.


Күндө ушул ватсап менен сүйлөшүшөт..


Дамир..Мен сенин бактыңа балта чапкым келбейт.Мен эми эчнерсеге жарабайм.Чын жүрөктөн айтып жатам үйлөнүп алчы..Үйлөнө бер.Мен өз күнүмдү көрөм..


Жок эмне деп жатасың?Эч качан.Сени бир ирет таштагам эми ал катачылыкты кайталагым жок..Сен мага балдарыма керексиң деп жатты..


Буга сүйүнгөн Данек Дамирге байланып жакшы көрүп жүрдү.
Эрмеги ушул интернет.Кечке кино көрөт,музыка угат Дамир менен сүйлөшөт анан байкуш эмне кылсын..


Балким бул кудай тараптан берилген сыноодур.Бул сыноону Данек туура кабыл алды.Бир күнү отуруп эле ушул Одноклассник сайты жөнүндө окуп калып жөн эле катталды.Дос туугандарын таап алыстагы көөптөн бери көрүшпөгөн туугандары менен сүйлөшүп аз болсода алаксып жүрдү.Кайнене кайнаталары ошол экинчи төрөгөн кызын деле анча жакшы көрүшпөйт.Данектин апасы багат.Башында эмне келбейт,сурабайт деп капа болуп жүрсө азыр болсо көнүп деле калгандай....
Ушундай кыйын жагдаайда таштабай көңүлүн улап жүргөн күйөөсүнө ыраазы.Ичинен чындап жакшы көрүп жүрдү.Скайптан звонтетип сааттап сүйлөшүп Дамирге деген сагынычы бир топ тарап калчу.
Төшөкө кадалган инсандар бала кыял болуп калат тура..
Бөлмөсүнөн чыкпайт.Дааратканага өз алдынча чыгатда колу менен таянып жатып коляскадан унитазга эптеп олтурат.Ошогода шүгүр айтат кудайга.Жашоодо эч нерсе жакшылык деле көрбөгөн Данек башка адамдардан өзүнө көңүл бөлүүсүн каалайт болчу.Ичинен аябай эзилип  сыгылат.Жүрөгү кармап жатып калганда ушунча жашоого нараазы болуп кетет.Элдерге аралашып кадимки жашоону эңсечи.Данектин апасы Салтанат аябай токтоо акылдуу аял.Ар дайым кызына кайрат айтып, тамак ашын берип,жуунтуп жанында.Мынтип бул оору өзүн эле эмес апасында үйгө байлаганы үчүн аябай нараазы.Түнү менен ыйлап чыгат,ооруйт.Онтоосу эч кимди ойготпосун  деп жаздыгына башын тыгат.Жылына үч жолу даарыланат ага деле болбойт.Данек даары менен жашап калгандай.Балдары келип эркелеседа аары түртөт.Оюнда мага көнсө жашоодон эрте өтүп кетсем эстеп кыйналбасын дегени..
Күндө уктаганы жатканда соо адамдар аман-эсен турсам аман болсом десе бул кыз кудайдан, көзүмдү жумуп  эртең менен ачпай калсам дейт.Бул көңүлүн кееде эле Дамир менен сүйлөшкөндө унуткандай.Одноклассниктеги жашыруун кодун унутуп коюп кире албай калды.Кайра жаңы почта ачтыда күйөөсүнө тамашалап тийишип көрөм деп бир сулуунун сүрөтүн коюп анын почтасына конок болду...Өзү жазаар деп күттү.
Өзү ойлогондой эле жазды.


Салам пери...


Саламатсызбы..Биз таанышпызбы?


Жок пери сенин айдай жүзүңдү көрүп жактырып калдым.Жакындан таанышсакпы...


Кызык...


Эмнем кызык?магада кызык.


Сиздин жашыңыз улуу эле экен үй-бүлөөңүзда бар болсо керек?

Мурун болгон эстегим келбейт.Азыр бойдокмун...


Балдарыңыз барбы?


Тилеке каршы жок....


Мынтип тирүү басып жүргөн мотурайган эки баласын жокко чыгарганына жаны кашайып кетти...Ыйлап жиберди...


Мындан кийинки билдирүүсүндө Тамаша бул мен Данек деп жазып жаткан болчу.Жибере электе эле Жок деген жооп келгенде кайра өз билдирүүсүн өчүрүп салды.Ыйлап төрт беш күн сайтка кирбей койду...
Ортодо оорупда калды.Бул байкуш кыз жүрөгүнүн оорусунун артынан толуп кетти.Мурунку сулуулугу жүзүндө сакталсада дене мүчөсү чоң аялдардыкындай болуп кетти.
Укпамыш болуп койойун деп кайра күйөөсүнүн өзү жөнүндө оюн уккусу келип кайра интернетке кирди...
Жыйырмадай билдирүү келген.
Көөбү Дамирден.
Салам.Салам...Сулуу жазсаңчы..бул сөздөр кайталана бериптир.Эң артында Данек Дамирге деп атайын жазган ыр саптарын сага арнадым деп жазып коюптур..


Сен менин көздөрүмдүн ичиндесиң,
Көздөрдүн билесиң го эскирбесин.
Ичине көздөрүңдүн сактап алчы
Бирөөлөр көлөкөсүн түшүрбөсүн.


Сен менин көөдөнүмдө жүрөгүмсүң,
Түбөлүк өмүрлөшүм сүйөөрүмсүң.
Сен мени көөдөнүңө катып алчы,
Суктанып кээ бирөөлөр жүрүшпөсүн.


Сен менин тилимдесиң үнүмдөсүң,
Билесиң дилим сенден бөлүнбөсүн.
Сен мени үнүңө кош , тилиңе тут ,
Үнүм өчүп жүрөгүм тилинбесин.


Сен мына менин гана башымдасың,
Билесиң эч кимге анын багынбасын.
Сен мени башың менен бирге корго,
Бирөөлөр зулумдугун ашырбасын.


Сен менин жүрөгүмдүн төрүндөсүң,
Билесиң жүрөк жатка эч көнбөсүн.
Жашырчы жүрөгүңдүн бир четине,
Токтосо жүрөгүм да бир токтосун .;-


----деген Данектин өзүнө таандык бул ыр саптарын Дамир сага жаздым деп жиберип жатты.Мунусуна канча ичи өрттөнсөда өзүн басып сүйлөшө берди...Бир аздан кийин чыгып эле караса Айбек аттуу баладан "Салам";-деп билдирүү келиптир.Дамирге өчөштүбү же өзүн алаксыткысы келдиби Салам деп жооп кайтарып койду.....
Дамир сайтка кирип өзүнүн көзү түшкөн кыздан жооп келгенин көрүп сүйүнүп кетти..


.Ичиңде муң жаткандай..Сырдашсакчы..!!


Сырымды эч кимге айтпайм.


Ушунча жүрөктү эзетко э анда?


Мен өзүм жөнүндө кийин убагы келсе айтып берем.Азыр сиз жөнүндө сүйлөшкүм келип жатат..
Эмне үчүн аялыңыз менен ажырашкансыз?


Аа албы аялым деле эмес болчу..Жаш кезинде экөөбүз төшөктөш болуп калганбыз.Анан үйлөнөсүң деп коркуткан үйлөнгөнбүз.Көрсө анын жүрөгү ооруйт экен..Төрөй албай койду...


Аа ий байкуш ий..Анан таштап кеттиңизби?


Жок жүрөгүнөн приступ алып баса албай калган.Баарына мен күнөөлүдөй мени жеп салды.Анан мен чыдабай кеттим.Азыр алыста иштейм...


Эгер сиз ооруганда аялыңыз карамак.....


Жок мен башканы айтсамда аны айта албайм.Менменсип жүрчү.Байдын кызы ошонусуна маашырканат,мени басынтат...


 Ден-соолук болбосо Байлык бир тыйында э...


Ошону айтсаң кудайды карабайт ошого буттан алдыгоооо....


Мм бирок аялыңызды жек көрөсүзбү?


Жок аяйм.Мен аны таштаган жокмун.Акча салып турам.Менин уятым ага чыдабайт...


Жок дегенде ошону кылат экенсиз азамат...


Соопчулукту кылыш керекда колдон келип турганда...
Аялым үчүн эмес бирок..


Анан..?


Атасы байкуш менден жалдыраган..Айыкканча таштаба деп.Машина айдатам дейт...


Сизди мындай деп ойлобогом...


Жок аягына чейин уксаң..Мен баш тарттым..Адамгерчиликта керекда..Чоң кишинин суранычын кага албадым..Акчалай жардам берсемда аны менен сүйлөшмөк эмесмин ушундай көңүлүм калган..


Эмне кылды эле.?


Мынтип жатып кала электе мени тоготпой басып кеткен.Үч  жыл артынан жүрдүм.Ал болсо ар ким менен жүрчү.Мен аны жакшы көрчүмүн.Мынтип жыгылаардын алдындада бирөө менен кармап алгам.Ансызда ажырашайын дегенде ооруп калды......


Түшүнүктүүү..Эртең сүйлөшөбүз.Амандык тилейм деп чыгып кетти...
Бөлмөсүндөгү болгон нерселерди оодарып кыйкырып ызасына чыдабай ыйлап жатты...
Эмне анча мени кара аттуу кылат.Мени аяп сүйлөшөм дейби акмак?Кет деп кууганда кетпей коюп эми айтканын караа...
Эшигин жаап алып мынтип жатканда Данектин атасы келип калып эшикти талкалап кирип кызын токтотту...


Эмне кызым айтчы эмне болду?


Ата сен эмне Дамирге мени таштаба деп жалдырайсың я?
Анзыз деле жашооом өтөткө..Ошондо таштаганда мага жеңил болмок
Кайра мынтип көнүп сүйүп калганда билгеним мени тирүүлөй сойгондой болуп жатпайбы.....үүүүүү үүү




Не антесин кызым.Мен сени алаксысын дедим.Бул ооруңа кошулуп күйөөңдүн таштаганыда кошумча болбосун дедим.
Энеңди десе акмак неге айтты а сага.?


Сөздөн сөз чыгып айтып алды...


Аныңды болду унут акмакты..Эркек эмес экен...


Эмне бердиң мынтип мени менен сүйлөшүп коюуусу үчүн.?


Ошол сенин квартираңды...


Мейли буйрусун эми мага аны эстетпегиле.....


Чынында Дамирдин мындай калп айтуусу өзүн актап ак көрсөткүсү жана таштабай жүргөн азамат көрсөткүсү келген элее.



    Данектин эч нерсеге көңүлү тартпай чүнчүп баратты.Ушунчалык тажаганда кызын бекем кучактап өөп алат.Бала жыты бейишта..Жанды эргитет..
Мен акмакмын бир эркек үчүн ушунча боломбу...Үмүт кылган мен жинди...Жакшынакай кезимде таштап кеткен ооруганда эмне болуп калыптыр...
Жашоо уланат....
Бир күнү сайтка кирип калды.Баягы жазган Айбек аттуу бала жазыптыр..
Дагы көп сүрөт көрүп жазышкандар бирок Данек ошол Айбеке жооп жазды....


----Ай жарык э бүгүн?


-Ооба,жарык экен!!Адам капаланганда айга карайт,сырдашкысы келет....
Айтчы сен эмнеге капасың?


---Жашоого.....


----Жашоого капа болгон болбойт,баарына адамдар өзүбүз күнөөлүбүз....Өзүбүздү эле ойлойбуз.


---Балки туурадыр..Менин атым Айданек....Жашым 19да.....


---Аа жакшы экен карындаш.Мен Айбек жашым 26да...кааласаң эч кимге айтпаган сырларыңды айтсаң болот,мени сырдаш кылчы....


--Менин сырдашым бар.


-Кечир сендей сулуунун кантип сырдашы жок болсун..Кызык неге кызганып жатам....?


--Андай деле эмес менин сырдашым ай...Айга бүт нерсемди айтып берем.


--Ай анда эң бактылуу экен..Данек бир нерсе айтайынбы?


-Кулагым сизде..


-Сен менин жакын адамымдай туйулуп жатасың.Ар бир сөзүң жүрөкө кадалып...Кайдан түшкөнсүң?


-Айтасызда...Тамашалабаңыз..


-Сулуу чын.Мен азыр Сургуттамын.Сен үчүн барууга дайармын.А сенчи?


-А мен жолугуша албайм.Байланып калуудан корком.....Булардын мындай жазышуулары күндө таң атканча уланып жатты.
Данек Айбекти күн сайын күтөт.Онлайн болоор менен жазат сагынат.Бул жакта өзүн толук кандуу кемчилиги жоктой сезчү..Арадан билинбей эки жыл өтүп калды..Бул эки жылда Данек дагы деле баса албады.Атасы бир Супермаркетин Данеке берип башкартып койду.Күндө алып барып келет.Мунун  баары Данекти жашоодон үмүтүн үзбөсүн дегени болчу.Өзү Экономист болгон үчүн эч кыйналбады.Кайра алаксып өзүн керектүү адамдай сезип жүрдү..Айбек мененда күндө сүйлөшөт.Айбексиз өзүн элестете албай калган..


--Данегим.Кандайсың.Мен сен жөнүндө билгим келет.
Скайп бар экен сенде звонтетейинчи.


-Данек айласын таппай калды.Ыйлап жатты.Жоготуп алуудан коркту.
Эки жылдай аралыкта Айбеке каттуу байланган болчу.Оюна эч нерсе келбей.Мамилени үзүүнү Айбекти алдабоону чечти.
Бүт нерсени айтайын деп айта албайт,тили барбайт.Бул адамы өмүр бою жек көрүп калуусунан коркот.Интернетти чукуп олтуруп ушундай бир мастерская жөнүндө окуп калды.Ал жакта маска жасалат болчу.Ошол жак менен байланышып  сүйлөшүп акчасы бир топту чапчысада ошол кыздын жүзүндөй кылып маска жасатты...
Жок өзүнүн деле сулуулугу кем эмес бирок башканын сүрөтүн койгондон кийин башында айласыз эле.Ачык айтпаганына эми өкүнүп кетти.
Ал маска эки жумада даяр болду.Техника ушундай өнүккөн  бул деген шумдук эле.Бирөөнүн жүзүн бирөө кийип алуу деген бул акыр замандын белгиси эмеспи...




Сүйүнгөндөй күндө масканы кийип бетин эле көрсөтүп сүйлөшөт.Ортодо Данектин балдары чоңоюп жатты.
Бир күнү эле Айбек Данеке мекенге кайтып жатканын айтып жатты.Бир четинен сүйунсө,бир четинен убайым тартат.Кантип чакырууга чакырса барам кантип чындыкты айтам деген ой жеп салды.Данек бул интернетсиз жашай албай калды.
Айласыз акыр бир күнү айтыш керек чындыкты деп жатты...


---Айбек эгер мисалы мен сага айткан кыздан таакыр башка болсом эмне кыласың?


--Данек эмнени айтып жатасың?Мен сени көрдүм сүйлөштүм мен сени чын жүрөктөн жактырып калдым..
Бул сурооңо караганда бирнерсе айткың барго э?


-Ооба Айбек айткым бар.Бирок корком..Сени жоготуп алам деп корком..Сенсиз өзүмдү элестете албайм..


--Мен дагы Данек.Кел мынтип сүйлөшөбүз..Сен менден эч нерсе жашырбайсың ушул күндөн баштап..
Менин оюмча сен мурун турмушка чыгып келгенсиң таптымбы?


--Жоок Айбек таакыр башка нерседа.
Мен  мен ....


---Айт эми бүгүн баарын айтып калсаң кечирип баарын болгондой кабыл алам..
Чындыгында мен кедей үй-бүлөөдөнмүн.Чыдайсыңбы??
Сен эмне жумуш кыласың?


--Ой баай Айбек ага экинчи жыл толуп баратат таанышканыбызга эми сурап жатасызго э..
МЕН магазинде кассир болуп эле иштейм.Ата-энеме жардам берем...
Бизда кыйналып жашайбыз;---деп калп айтты...


--Чынын айтсам сүйлөшкөндө тегерегиңде куурчап турган буюмдар кыйналып жашагандардыкына окшобойт...Туура айтамбы?


--туура мен ошол магазиндин кожойкесиникинде жашайм дей салды..Айбек ага айтайын дегеним менин балдарым бар...Бир турмуш көргөм мен.


-Койчу тамашаңды.Жашың болгону 20дан өттү кайдагы бала?Маакул дейли качан төрөдүң эле.Биз эки жылдан бери таанышпыз качан жетиштиң жеее????Атасы кайакта?


--Аталары таштап кеткен..Чоң балам бешке кызым төрткө карады...


-Ошондо сен 16жашта төрөдүңбү??
Калпыңды кой.Эгер чын болгон күндө деле мен сени сүйөм алам..


Данектин бул кылганы Айбекти алыстатуу болчу.Айбектин келеерине аз калганда айласын таппай Англияга иштегени кетип жатам деп алдады....Жазышып турабыз ...Жаш кезимде күйөөгө тийип окубай калгам Англисче үйрөнүп келсем окууга тапшырам,балдарымды бутуна тургузам деп түшүндүрдү..
Виртуальный  жашоосун ушунчалык жүрөкө  жакын алып алганы Данекке зыянын эле кылып жатты.


Айбек мекенге кайтып келди.Топтоп келген акчасын атасын даарылатууга коротту.Атасы үчүн эле кеткен болчу Сургутка.Атасы айыгып  эми эс алам деп келген.Апасы эми мен оорудум деп жибербей жатты кайра иштегени.
Данек менен сүйлөшүп жатып айтып калды мен кетпей калдым мекенде иштейм.Бирок жумуш таппай жатам.
Атамдында анча мынча оокаты түгөнүптүр акча зарыл


---Айбек жанакы мен иштеген дүкөнгө барсаң жумушка алат.Менден десең болду.Данек Айбекти жанында болуусун каалап көз жумуп жумушка өзүнүн иш канасына чакырды..


Резюме жазып алып чыкыйып келди.Кирип кележатып эле аты жөнү жазылган табличкага көзү түштү.
Ташматова Айданек..Хмм кызык Айданек экен мунунда аты.

 Тук тук.Кирсе мүмкүнбү?


-Кириңиз угуп жатам деп титиреген зоорго чыккан үнү менен кайрылды.
Ошол жерге он кадам таштап  жеткиче байкуш Данектин көздөрүнөн жаш чыгып кетти,Жүрөгү көкүрөктөн атып чыгып кетчүдөй.
Жашын билдирбей аарчып үнүн жасалма кылып кир отур деди..




--Кирдим Айданек Өмүровна..Сиздердин даректи мага сизде мурун иштеп кеткен Данек берди эле.Айтып коём деген..Администратордун вакансиясы бош экен....


---Таак Данек айткан ооба.Сени мактады,актайсың деген үммүттөмүн.Эртеңден ишке чыксаң болот деп жөнөттү.Мындан ашык сүйлөй алмак эмес.Кучагыңды жайчы деп жибермек же сагындым демек.....


--үйгө келген Айбек аябаай ойлонду.Атыда окшош.Сүйлөгөндөрүда окшошуп кетет экен..Сиңдиси дейн десең аттары окшош болмок беле.Турмушун билиш керек.Алаксып жатып  Айбек диванда олтурган Данектин буту баспасын байкабады.Майып арабасы ары жакта турганда....Экөө окшобойт бирок жаш кыз экен бул деле,кантип жетти э ушул даражага... Сулуулугун пайдаланганго..Сулуулар ушундайда ээ.


Данек күндө олтуруп алып бүт ою Айбекте сагынып кетет.Ар бир сөзү ордунда сымбаттуу жигит көзгө илинип эле турчу....Бир күнү кеч калып  кетип жумушта  Айбек Данекти коляскада атасы сүйрөп чыгып баратканын көрүп калып аябай ыйлагысы келип кетти..Ичи ачышып сөз таппай турду.Үйгө келип эле Данеке жазды....


-Данек Айданек Өмүрова качантан бери баса албайт?


-Салам...Эмнеге бүгүн сурадың төртүнчү күн иштеп жатасыңго?


-Мен байкабаптырмын.Эмнеге баспай калган?Үй-бүлөөлүк акыбалы кандай?


-Жакшы эле.Үч жылдай болуп калды баспаганына.Кырсыктаптыр...Үй-бүлөөсү жөнүндө билбейм деп койду..


Айбектин Айданеке көңүл бөлүүсү көбөйдү.Жумушта олтуруп көңүлүн көтөрөйүн деп кире берет кечке..Интернеттеги Данек менен  бул Данекти окшоштуруп жиберет кеедее.Жан дүйнөсүн,ой жүгүртүүсү,үнү кантип ушунча окшош болот ыя?-деп өзүнө суроо берип жатты.



Күндөр өтүп жатты.Күндүзү жумушта болотда,кечинде Данек менен интернетте сүйлөшөт...


--Билесинби Данек мен сени сагына берем...Жаныңа жетким келип кетет..Качан келесиң?
Сага бир нерсе айтайын дегем..Мен сени сүйөм..Чындыгыңды айтчы сенин балдарың барбы?


----Ооба Айбек ага бир уул бир кызым бар.Мен колуңузду кармай албайм,бактылуу болуңузчу өз теңиңизди таап...Кош эми жазбайм..Мен токтоно албай барам,калпым көбөйүп кетти...Кечириңиз....!!!!


--Мага калп айтып жүрөсүңбү?Ошондо кайсы сөздөрүң калп?Мага ким тең экенин сен чечесиңби????
Алооо,алооо,алллоооо деген бойдон скайп өчтүда номери жоголуп кетти...


Айданек болду мынтип биринчи өзүн анан Айбекти алдагысы келбеди..Интернет аттуудан биротоло чыгып баягы өзү көнгөн жалгыздыктын караңгы бөлмөсүнө чөктү.Акыркы күндөрү ушунча калптан тажап кетти....Жумушка берилип иштеп жатты.Өз күчү менен дагы бир точка ачты...Айбекти көрбөйүн деп ошол жака директор кылып которуп салды..Ага болбой эле Айбек келе берчү.Данекти жумуштан үйгө жеткизүү Айбектин милдетиндей болуп калды..Бир күнү отурушуп экөө сүйлөшүп жатышты...


-----Айданек билесиңби жанакы интернеттеги Данек барго сенин мурунку кызматкериң...Ошону мен жакшы көрүп калдым чын жүрөктөн.
Ушунчалык жан дүйнөсү таза кыз.Балдарым бар деп бир ай мурун сайттардан бүт чыгып кетти колуңду кармабайын дейт...Мага тандоо койбой мен үчүнда чечип салды...


---Айбек мен билбейм,балким ошол туурадыр..Сен жаш бойдок бала болсоң...Өз теңиңди тапда..


-Билесиңби анын сөздөрү,ойлору,үнү сага окшош.Кееде эгизиби деп ойлоп кетем..Кызык же ага окшош саппаттарды издеймби?Сага байланып баратам...Өзүң жөнүндө айтып берчи...Эгер сыр болбосо...


-Сыр деле эмес.Менин эки балам бар.Турмушка адашып эрте чыгып алгам.Жүрөгүм ооручу эмес билбейм турмуштун кыйынчылыгынан ушундай жүрөгүм ооручу болду..Машина коюп кетип белимден жаракат алып баса албай калганыма үч жылдын жүзү болду.Күйөөм чет өлкөгө иштеп кетип жок..Анында бактысын байлабайын деп тынчын албайм.Тагдырым ушул экен баш ийдим...


Экөө көөпкө сүйлөшүп олтурушуп бирин бири сагынгандай чып жармаша кетишти.Түн ушундай узун жана таттууу болду.Бул экөө рахаттын туу чокусуна чыгышты...
Эртең менен Данек---Кечир мындайга барбашым керек эле.Мени кийинтип отургузуп койчу...


--Эмне деп жатасың.Мен сени жактырып жүрөм.Бул жерде мындай арам ойлор болбосунчу.Мени кабыл алчы.Өмүр бою жаныңда болойун..


---Күлкүмдү келтирбечи мындай майыптын көңулүн алып соопко калайын дедиңби?Түнгө рахмат.Бирок мени аяоонун кереги жок...


--Эмне деп жатасың..Мамилебиз уланышы сенден көз каранды,ойлон эсиңде болсун мен сени жактырам.Бул майыптыгың мага бирда тоскоол болбойтт...айыгасың




Ушинтип экөө өз жумуштарына кетти.Данекти жеткизип Айбек көөпкө ойлонду..Мындай жоопкерчиликти мойнуна алуу чындыгында оор болчу..
Интернет чукулап олтуруп мындай Данектин оорусун айыктыруучу жайларды издеп жатты.Бир профессордун ушундай ооруларды операция менен бастыргандарын окуп калып Данекти кезеке койду.
Бул убакта Дамир бир аял менен табышып Москва шаарына келишкен иштегени.
Данеке ушунча сүйүнүч менен келип айтты .Данектин үмүтү өчкөн эбак анча көңүл бөлбөдү.
Атасына барып айтып баарын ортого салып жүрүп көндүрдү.Бирок ал жакта жарым жылдай жүрүүсү керек болчу.Балдарымды сагынам деп көнбөй жатты.Бул кылыгы бекер убара болбосун дегени болчу...
Кезеги үч айдан кийин келмек.Ага чейин Айбек Данекти бирге жашоого көндүргөн.Айбектин үй-бүлөөсү каршы болуп жүрүштү.Данектен өткөн бактылуу жок.Жаңы күйөөгө тийип жаткандай ушунча толкунданды..Атасы кызынын бактысына ыйлап жатты..Эң кымбат деген ак көйнөктөн алып кийдирип үйлөнүү той эң мыкты деңгеелде өттү.Бирок коноктордун баары Айбекти байлык үчүн дегенсип жаман карап жатышты.Антип мынткиче үч ай өтүп кетти.Москвага кеткени даярданып жатышты.Данек өзү ачкан супермаркетти сатып акчаны чөнтөгүнө чампыйта салып жөнөп кетишти.Эки баласында алып алган болбой.Барып бир квартираны алып баатирге жашап башташты.Бүт анализдерин тапшыргандан кийин операцияга болот деген жыйынтык чыгып даярданып жатты.
Операция башталды.Бир нянька кыз таап балдарды таштап Айбек операционныйдын эшигинде олтурду.
6саатка созулган бул операция Айбек үчүн 6 кылымга тете болду.
Аябай оор өтүп жатты..Төртүнчү саатта жүрөк согуусу начарлап бир токтоп калды,аракеттер менен зоорго согуусун кайра ордуна келтиришти.
Профессор көтөрө албайт деп ойлоду бирок бүтөйүн дегенде токтотуп коюууда болбойт болчу.Тобокелге салып улантып жатышты.Ийгиликтүү аяктаганы менен аркы бул дүнүйөнүн ортосунда калган Данек комага түшүп калды...
Профессор чыгып ;--Держитесь,остольное от бога деп далга чаап басып кетти...
Беш күн беш түн байкуш Айбек ошол жерде жатты.Сакалы өсүп кеткен,тамак деле өтпөйт.Беш күндө беш жылга картайгандай болуп кетти.Орустардын Медайымдары кандай сүйүү деп суктанып жатышты..Данек күчтүү экен өзүнө келди..Палатага чыгарды бирок эч кимди киргизбей жатты.Айбекти баары жакшы үйүңө бар деседа болбой көгөрүп калидордо түнөп кетпей жүрдү.Көрмөйүнчө кетпейм деп.Бир жумада ушунча сагынып кетти..Отуруп эле укол сайган кыздан кат жазып жиберди..


----Данегим жакшысыңбы?Сен азаматсың эми баары жакшы болот.Мен сени сүйөм...
Уксаң сага таарындым мен.
Өзүңдү эле ойлойсуң.Мына сен соонун жылуу жумшак жерге кирип жатып алдың менден жашынып.А менчи муздак калидордо тунөп жатам бир жумадан бери.Батыраак өзүңдү колго алып айыкпасаң жаныңа барып алам жолун таап...-деген сөздөр болчу..
Бул катты алып кирип колуна карматканда Данек мага кимден кат келиши мүмкүн деп таң кала окуду.
Бул катты окуп алып көзүнө жаш алып шырыктап токтоно албай ыйлап жатты.Бул ый ошончо жылдан бери чыккан биринчи сүйүнүч ыйы эле..Кудайга шүгүр,Миң мерте шүгүр эх ыраазымын деп кайталай берди.Муну карап турган орус кызда жышын тыя албады.Ыйлаба болбойт деп тыйып жатты..Энеси тааныбаган бул кыз экөө кучакташып ыйлап алышты...Жакшы болуп тыңып калганда Айбек кирип баштады.Экөөнүн сөздөрү түгөнгөндөй үнсүз эле ыйлашатт..
Ээх мынтип жеткен махабат ушунча таттуу болот экенда.Балдарын алып келип сагынычы тарап калды.Бир айдан кийин эле Данек эки үч кадам коюп басып баштады..


Карасаң карасаң папа мамам басты деп чырылдаган балдары Данекти айланып сүйүнүшөт.Айбек артты карап көз жашын көрсөтпөйүн дейт.
Ушул учурда буларга бүт аалам суктанып жаткандай эле.Биз күндө чууркап жүргөн бутубузду,көрүп жүргөн көзүбүздү,согуп турган жүрөгүбүздү баалабайбыз.Кудай сыноо бермейинче бир нерсенин кадырына жетпейбиз биз негизи.


Данеке отурууга болбойт.Басып эле бир аз көбүнчө жатыш керек.Ар кандай физкультураларды акырыындаап жасатат жеңилдерин.Даары куят.Буттарына массаж жасап.Бул даарылануу жарым жылга созулмак.Айбек мурун дагы орусияда иштеп жүргөндүктөн жөн отурбайын тамак ашка деп бир дүкөнгө кассир болуп кирип алды.Эң кызыгы ошол жерде Данектин биринчи күйөөсү Дамир дагы иштечү.Экөө бирин бири тааныбайт жакшы сүйлөшүп дос болуп кетишти.
Жашоолору тууралуу сүйлөшүшпөйт деле болчу экөө.Бир күнү экөө сыра ичебиз деп бир жерге барышып сүйлөшүп кетишти...


--Айбек билесиңби мен бир убакта 15жаштагы кызды алгам.Тыкан жакшы болчу.Апамдар эле байдын кызы деп эч кабыл албай койдуда.Менинда оюм бузулуп кетти.
Кийин мен кетип калгам эч кимге айтпай байкуш эми төрөгөн болчу.Көөпкө күтүп жүрдү.Мен бараар жерим калбаганда балдарымды сагынып баргам кайра. биз бөтөөн болуп калыптырбыз эч жылыбай койду мага .Баса бердим кайра ошентип деп кырсык тууралуу баса албай калганын жашырып койду...


---Айбек дагы оооба эки адам келише албаса жашшооо болбойт туура кылыптырсыз деп койду..Мен болсо 29жашымда үйлөндүм.Буга чейин атамды даарылантам деп иштегем.Кийин Бишкекте иштеп жүрүп аялымды жолуктурдум.Баса албайт болчу.Экөөбүз чогуу иштеп жүрүп мен анын жан дүйнөсүн сүйүп калдым.Үйлөндүк эми мынтип Москвага ошону даарылатканы келгенбиз.Үч-төрт айда кетебиз.Ошого чейин иштеп турайын дедим.Кудайга шүгүр аздап басып жатат деди..


Муну уккан Дамир дароо Данекти эстеп кетти.Байкуш эмне болду экен.Жүрөгүда ооруйт көп жашабаса керек деп.Бул убакта экөөнүн оюнда,сөзүндө бир адам экенин билбей турушту.Түн жарымга чейин  аркы беркини сүйлөшүп тарап кетишти.Экөө аябай жакын болуп кетти...Билинбей эле арадан үч ай өтүп Данектинда ооруканадан чыгуучу күнү жетип келди..


--Айбек мынча жайдарысың?Айлык берет экенби?


--Жок досум кайдагы айлык бүгүн аяшың ооруканадан чыгат.Эки жумадан кийин Кыргызстанга кайтабыз.Аа баса айлыкда берет бугүн.Ошону алып алып лимузин жалдап аяшыңды чыгарууга баралык таң атып смен бүтсө.


--Маакул барамго бирок зачеем ээ лимузин не алтынбы жее ?вахаха.


--Досум аша чаппа ал алтынданда жогору.Билесиңби анын бир күлкүсү канчага тете..Мындай сүйүү башыңа келишин каалайт элем..


--Менинда биринчи аялым Айка ушунчалык жароокер эле.Ооруп жатсаң бир жылмайуусу тургузуп жиберчү..Сөзү оордунда сулуулугу көз уялтчу..Кадырына жетпедим шайтанга азгырылып.Азыркымчы эй төрт жылдан бери чогуу иштеп акча топтодук.Бул жактын жаранын алдыда үй алып мени кууп чыкты.Жаманды жолуктурмайынча жакшынын кадырын билбейт экенсиңде ээх..


-Досум кайгырба..Баары алдыда..
Экөө эртең менен лимузин заказ беришип ичине кызыл Данектин сүйүктүү орхидея гүлүн толтурушуп жөнөп баратыштыы......


Уландысы бар...